Загрузка документа…
| Кайынды айылдык кеңешинин 2009-жылдын 2-cентябрындагы №16-6 Токтому менен бекитилди
|
Кайынды айыл округдарындагы кен иштетүүчү ишканалардын ишмердуулугун жонго салуу жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жобо.
2. Негизги меселелер
3. Кайынды айыл округунунун жашоочулары менен инвесторлор тууралуу кен иштетүүчү ишканалар тууралуу толук маалымат жеткизүү жолдору.
4. Кайынды айыл округундагы Кен иштетүүчү ишканалардын ишмердүүлүгүн жонго салуу үчүн комиссиянын түзүлүшү жана анын милдеттери.
5. Айыл округунда кен иштетүүчү ишканалардын өз ишкердүүлүгүн жүргүзүүдөгү алардын укуктары жана милдеттери.
6. Кошумча шарттар
1. Жалпы жобо.
Бул жобо Кайынды айыл округунун аймагындагы Кен иштетүүчү ишканалардын ишмердүүлүгүн жонго салуу үчүн Кыргыз Республикасынын Конситициясынын 8-главасынын 93,94,95,96,97 беренесине ылайык айыл округунун аймагындагы жашоочуларынын укуктук, экологиялык, социалдык жана башка маселелерди чечүүгү жана айлана -чойрону, адамдардын байкерчилигин сактоого арналат.
1. Бул жобо Кайынды айыл округунун аймагындагы жашоочуларынын жана Кен иштетүүчү ишканалардын ортосундагы маселелерди чечүү үчүн жана кыйынчылыктарды жоюунун негизинде иштелип чыгылып, төмөндөгү максаттуу багыттарды эске алып иштейт:
- Кайынды айылдык округунун жашоочулардын жашоосун өнөктөрүү жана жакшыртуу багытында социалдык-экономикалык стратегияны ишке ашыруу;
- Жарандардын өз эркин түз билдирүү аркылуу тиешелүү аймактын калкынын жашоо-турмушун камсыз кылуу үчүн чечиле турган маселелерди колдоо
- Кен иштетүүчү ишканалардын ишмердүүлүгүн толук элге жеткизүү жана аларды маалымдоо. (Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө мыйзамынын 4 беренесине ылайык)
- Айыл округуна келген инвесторлорлордун жана алардын ишмердүүлүгүн натыйжалуу жана элдин пайдасы үчүн иштетип, аларды экологиялык, айылдын инфораструктурасынын абалын жакшыртууда, жана башка социалдык кыйынчылыктарды чечүүдө, сапаттуу иш алып баруусуна шарт түзүп, көзөмөл кылуу максаты менен Айылдык округда комиссияларды уюштуруу;
- Инвесторлорду тартууда алардан түшкөн акча жана башка каражаттарынын негизинде айыл жашоочуларынын байгерчилигине жана алардын кыйынчылыктарын жана сунуш талаптарынын негизинде Кайынды айыл округунун келечек планын иштеп чыгып, аларды иштетүү болуп саналат.
2. Негизги маселелер.
1. Кайынды айыл округуна келген кен иштетүүчү ишканалар жана башка инвесторлор Кыргыз Республикасынын "Жер казынасы", "Жер мыйзамы", "Инвестициялар жөнүндө", "КР калкынын радияцалык коопсуздугу", жана башка элдин пайдасы үчүн жана коопсуздугу үчүн жогорудагы мыйзамдарды эске алуу менен өз ишмердүүлүгүн жүргүзүшөт.
3. Кайынды айыл округундагы жашоочулар менен инвесторлор тууралуу акылдашуу жана толук маалымат жеткизүү жолдору.
1. Кен иштетүүчү ишканалар жана башка инвесторлор Кайынды айыл округунда жүргүзүүдү төмөнкүдөй кадамдар мене иш алып барат.
- Элдин коопсуздугу жана социалдык кыйынчылыктарды чечүү үчүн керектүү документердин жыйымы болууга тийиш.
- Элдин коопсуздугу жана социалдык кыйынчылыктарды чечүү үчүн керектүү документердин жыйымы такталгандан кийин айылдык Кеңештин депутаттарына кайрылууга тийиш.
Айылдык Кеңештин депутаттары жана Айыл өкмөтү Кен иштетүүчү ишканалардын катышуусу менен айыл жашоочуларынын жалпы кызыкчылыктарын билдирген маселелерди талкуулоо максатында жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүнүн чогулушу жана жыйындары өткөрүлүүгө тийиш.
- Айыл өкмөтү Айылдык Кеңештин чечимине ылайык кен иштетүүчү ишканалар тууралуу маалыматты айыл округунун бардык айыл жашоочуларына жеткизүүгө милдеттүү.
4. Кайынды айыл округундагы Кен иштетүүчү ишканалардын ишмердүүлүгүн жонго салуу үчүн комиссиянын түзүлүшү жана анын милдеттери.
- Кайынды Айылдык Кеңешинин депутаттары кен иштетүүчү ишканалардан алган маалыматтарды алуу менен бирге аларды тактоодо жана көзөмөлдөөдө убактылуу комиссия түзүлүүгө тийиш,
- Түзүлгөн комиссиянын курамына жана кен иштетүүчү ишканалардын максатына ылайык алардын ишмердүүлүгүн түшүнгөн, керектүү адисттер жана коз карандысыз эксперттер жана кен иштетүүчү ишканалардын өкүлчүлүктөрү кошулушу мүмкүн.
- Комиссиянын составы элдин окулчулугу тарабынан 60 пайыздын кем эмес бөлүп алардын составына Айылдык кеңештин депутаттары жана айылдын жашоочулары болушу мүмкүн.
Негизги укуктары:
- Кен иштетүүчү ишканалардын максатын жана ишмердүүлүгүн тактоого
- Кен иштетүүчү ишканалардан алган маалымат алууда элдин пайдасы үчүн жана экологиялык - техникалык коопсуздукту, социалдык кыйынчылыктарды чечүүдө болгон маселелерди эске алууга,
- Кен иштетүүчү ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин айлана-чөйрөнөө коргоо жөнүндө мыйзамдарды аткаруу боюнча ишине, жерлерди жана жаратылыш ресурстарын пайдаланышына, шаар куруунун жана архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин, санитардык ченемдердин сакташына, мыйзамдарда белгиленген тартипте экологиялык иш-чараларды өткөрүшүнө контролдук жүргүзүүгө
- Кен иштетүүчү ишканалардан алган маалыматынын негизинде корутунду чыгарууга,
- Кен иштетүүчү ишканалар менен түзүлгөн келишимди карап чыгууга жана талкулоого,
- Кен иштетүүчү ишканалардын ишкердүүлүгүнө келишимдин негизинде көзөмөл жүргүзүүгө
- Кен иштетүүчү ишканалар өз ишимердүүлүгүн жүргүзүү учурунда келтирилген зыяндарды аныктоого укуктуу
Негизги милдеттери:
- Кен иштетүүчү ишканалардын ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө керектүү документтерди жана маалыматтарды талап кылууга,
- Аймактардын таламдарын козгогон маселелер боюнча жергиликтүү кеңеш сессиянын ишине, комиссиялардын жыйналыштарына катышуу үчүн тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын органдарынын өкүлдөрүн чакырууга
- Эгер керектүү маалыматтар толук эмес болсо атайын адистештирилген адистерди тартууга жана комиссиянын составына киргизүүгө,
- Кен иштетүүчү ишканалардын ишмердүүлүгүн жонго салуу үчүн комиссиянын корутундусун Айылдык Кеүештин сессиясына сунуштаганга
- Сунушталган корутундуну Айылдык кеңеш сессиялардын датасы жана күн тартиби жөнүндө жарандарга алдын ала кабарлоо боюнча бардык чараларды керүүгө, алардын сессияларга кириши үчүн шарттарды түзүүгө, ошондой эле кабыл алынган чечимдер жөнүндө жергиликтүү жамаатка жеткирүүгө милдеттүү
5. Айыл округунда кен иштетүүчү ишканалардын өз ишкердүүлүгүн жүргүзүүдөгү милдеттери.
Кайынды айыл округуна келген кен иштетүүчү ишканаларга байланышкан мамилелер ушул жобо менен, ошондой эле ушул жобого ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жана мыйзамдары менен жөнгө салынат.
Негизги укукттары:
Кен иштетүүчү ишканалардын ишкердүүлүгүн жөнгө салуучу мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул жободон, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарынан жана ченемдик укуктук актыларынан туруп кен иштетүүчү ишканалар төмөндөгүлөргө укуктуу:
- Кайынды айылдык округунун, элдин коопсуздугу, саламаттык сактоо жана айлана-чойроно коргоодо, салык салуу маселелери менен байланышкан мыйзамдарын эске алуу менен бирге, ушул жобого киргизилген кен иштетүүчү ишканалар өзүнөн инвесторлук ишин баштаган учурдан тартып айыл өкмөтү менен түзүлгөн келишимдин негизинде (инвестициялык макулдашууда каралган мөөнөттү) өздөрүнө алда канча ыйгайлуу болгон шарттарды тандап алууга,
- Инвестициялар объектке жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган иш-аракеттин түрлөрүнө, анын ичинде "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштин лицензиялануучу түрлөрүнө бардык формада жүзүгү ашырганга,
- Кайынды айылдык округунда кен иштетүүгө иш-аракетке байланыштуу жүргөн инвесторлор, алардын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары менен Кайынды айылдык округунда бүткүл аймактарда эркин жүрүүгө укуктуу.
- Кен иштетүүчү ишканалар өз инвестицияларына жана алардан алган кирешелерине жана пайдаларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган жана ушул жобонун максаттарын эске аткаруу менен бирге бардык максаттарга эркин жана өз каалаганындай ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө укуктуу.
Негизги милдеттери:
- өз ишмердүүлөгө жөнүндө баардык маалыматтарды (максаты, пайдалуулугу ж.б) Кайынды айылдык округунунун баардык аймагындагы жашоочуларына жайылтууга,
- Атайын түзүлгөн комиссияга, кен иштетүүчү ишканалар, Кайынды айылдык округунда жүргүзгөн ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтарды бергенге,
- Кайынды айылдык округунун, элдин коопсуздугу, саламаттык сактоо жана айлана-чөйрөнө коргоого, экологиялык - техникалык коопсуздукту сактооого, Кыргыз Республикасында мыйзамдарында көрсөтүлгөн төлөмдөрдү алдын ала төлөөгө, келишимде көрсөтүлгөн финансалык (акча) жана башка материалдык каражатын алдын ала которууга, аткарууга.
- Ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө түзүлгөн кеңшимди Айылдык Кеңештин депутаттары менен акылдашууга,
- Түзүлгөн комиссиянын корутундусунун негизинде кен иштетүүчү ишканалар, уюмдар жана мекемелер, жарандар жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын алдында жоопкерчиликтүү, анын ичинде алар өз аракеттери же аракетсиздеги менен калктын мөдөөлөрүнө, жергиликтүү чарбага, курчап турган чөйрөгө келтирген зыяндын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин аткарбагандыктын натыйжасында келтирилген чыгымдарды толук көлүмдү төлөп берүү менен мүлктүк жоопкерчилик да тартууга.
- Айыл өкмөтүнүн башчысы менен келишим түзүүгө,
- Айыл өкмөтү менен түзүлгөн келишимдин негизиндеги көрсөтүлгөн милдеттерди жана укуктарын так аткарууга,
- Кен иштетүүчү ишканалар өз ишмердүүлүгү тууралуу жылына эки жолудан кем эмес Кайынды айылдык округунун аймагынын жашоочуларына отчет берүүгө жана маалыматты жайылтууга милдеттүү
6. Кошумча шарттар
Ушул жобо келишимдердин шарттарынын ортосунда карама-каршылыктар болгон учурда Кыргыз Ресубликасынын мыйзамдарына ылайык көзөмөлдөнүп сот аркылуу чечилет.
Кайынды айылдык округунун айылдык кенешинин төрагасы |
К. Молдалиев
|