Загрузка документа…
| Карасуу айылдык кеңешинин 2009-жылдын 22 октябрындагы №9 Токтому менен бекитилди |
Карасуу айыл округдарындагы жер казынасын пайдалануучулардын ишмердүүлүгүн жонго салуу жөнүндө
ЖОБО
1) Жалпы жобо.
2) Жергиликтүү кеңештер менен биргелешип, минералдык-сыриелук базаны кенири өндүрүүнүн, өнүктүрүүнүн жана пайдалануунун аймактык программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жолдору;
3) Жер казынасын пайдалануу долбоорлоруна коомдук экологиялык экспертиза уюштуруу жолдору;
4) Карасуу айыл округунда жер казынасын пайдалануучулар өз ишкердүүлүгүн жүргүзүүдөгү айылдык Кеңештин укуктары жана милдеттери.
5) Карасуу айыл округунда жер казынасын пайдалануучулар өз ишкердүүлүгүн жүргүзүүдөгү укуктары жана милдеттери.
6) Кошумча шарттар
Мыйзамды колдонуу чойросу
"Жер казынасын пайдалануучулардын ишемрдүүлүгүн жонго салуу жөнүндө" жобо (мындан ары-ушул жобо) Карасуу айыл өкмөтүнүн бүткүл аймагында колдонулат жана жер казынасын пайдаланууда аймакттын жеке адамдар жана юридикалык жактар, ошондой эле башка мамлекеттер менен болгон мамилелерин жонго салат.
"Кен иштетүүчү ишканалардын ишемрдүүлүгүн жонго салу жөнүндө" жобо Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболоруна негизделет жана ушул жергиликтүү Мыйзамдан жана ага ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларынан туруп төмөндөгү максаттуу багыттарды эске алып иштейт:
- Карасуу айылдык округунун жашоочулардын жашоосун өнүктүрүү жана жакшыртуу багытында социалдык-экономикалык стратегияны ишке ашыруу;
- Жарандардын өз эркин түз билдирүү аркылуу тиешелүү аймактын калкынын жашоо-турмушун камсыз кылуу үчүн чечиле турган маселелерди колдоо
- Кен иштетүүчү ишканалардын ишемрдүүлүгүн толук элге жеткизүү жана аларды маалымдоо.
- Айыл округуна келген инвесторлорлордун жана алардын ишемрдүүлүгүн натыйжалуу жана элдин пайдасы үчүн иштетип, аларды экологиялык, айылдын инфораструктурасынын абалын жакшыртууда, жана башка социалдык кыйынчылыктарды чечүүдө, сапаттуу иш алып баруусуна шарт түзүп, көзөмөл кылуу максаты менен айылдык округда комиссияларды уюштуруу;
- Инвесторлорду тартууда алардан түшкөн акча жана башка каражаттарынын негизинде айыл жашоочуларынын байгерчилигине жана алардын кыйынчылыктарын жана сунуш талаптарынын негизинде Карасуу айыл округунун келечек планын иштеп чыгып, аларды иштетүү болуп саналат.
- Жер казынасын пайдаланууда башка мыйзамдардын Жана нормативдик укуктук актылардын колдонулушу
- Жер казынасын пайдаланууда келип чыгуучу жер, суу, токой мамилелери, өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүн, атмосфералык абаны пайдалануу жана коргоо боюнча жана башка мамилелер Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары менен жонго салынат.
- Ушул Мыйзамда колдонулган түшүнүктөр
-Жер казынасы-жер үстүндө же топурак катмарынын төмөнкү чегинде, көлмөлөрдүн жана агын суулардын түбүндө геологиялык иликтоо жана өнөр жайлык өздөштүрүү үчүн жеткиликтүү болгон терендиктерге чейин жайгашкан пайдалуу кендерди кошо камтыган жер катмарынын бөлүгү.
-Жер казынасын пайдалануу-жер казынасын иликтоого, пайдалуу кендерди казып алууга, ошондой эле кен казып алууга байланышпаган курулуш жана курулуштарды эксплуатациялоо үчүн жер казынасын пайдаланууга байланыштуу аракеттер.
-Жер казынасын пайдалануучу - жер казынасын геологиялык иликтоону жана (же) өнөр жайлык өздөштүрүүнү жузого ашыруучу юридикалык жак же жеке адам.
-Жер бөлүндүсү-жер казынасын пайдалануучуга геологиялык иликтоо жана өнөр жайлык өздөштүрүү үчүн бөлүнүп берилүүчү жана графикалык документтерде анын бурчтук чекиттеринин тик бурчтуу координаттарында тартылуучу жердин үстүнкү катмарынын участогу.
-Техникалык-экономикалык негиздөө-пайдалуу кендер чыккан жерлерди өздөштүрүүнүн экономикалык жактан максатка ылайыктуулугун аныктоо үчүн техникалык эсептоолор.
-Техникалык долбоор-жер казынасын геологиялык иликтоо жана өнөр жайлык өздөштүрүү үчүн зарыл болгон техникалык-экономикалык негиздемелерди, эсептөөлөрдү, чиймелерди, макеттерди сметаларды, түшүндүрмө каттарды жана башка материалдарды камтыган техникалык документтер.
-Жер казынасын коргоо-жер казынасынын жана андагы пайдалуу кендердин сарамжалдуу пайдаланылышын, аларды жер казынасынан мүмкүн болушунча экономикалык жактан максатка ылайыктуу толук чыгарып алууну, пайдалуу кендер чыккан жерлерди жана казып алынган минералдык сырьену иштетүүнүн бардык баскычтарында сарамжал пайдаланууну камсыз кылуу.
Лицензия-жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү жер казынасын пайдаланууга укук берүүчү уруксат камтылган документ.
Лицензиялык макулдашуу-жер казынасынын менчик ээси менен лицензиаттын ортосундагы жер казынасын пайдалануунун шарттары жөнүндөгу, анын ичинде продукцияны, төлөмдөрү болуштуруу, жаратылыш чойросунун коопсуздугу жана коргоо боюнча иш-чараларды жана башка маселелерди камтыган келишим. Лицензиялык макулдашуу лицензиянын ажырагыс тиркемеси болуп эсептелет.
Жер укугунун ээлери - жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жер бөлүндүлөрүн берүү укугу ыйгарылган органдары жана жердин ээлери.
2-болум
Жер казынасын пайдалануучулар Карасуу айылдык Кеңеши менен биргелешип, минералдык-сырьелук базаны кенири өндүрүүнүн, өнүктүрүүнүн жана пайдалануунун аймактык программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жолдору;
- Жер казынасын пайдалануучулар Карасуу айылдык кеңеши менен биргелешип Карасуу айыл округунда минералдык-сырьелук базаны кенири өндүрүүнүн, өнүктүрүүнүн жана пайдалануунун аймактык программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашырууда жана өз ишемрдүүлүгүн жүргүзүдүдө төмөнкүдөй кадамдар менен иш алып барууга тийиш.
- Жер казынасын пайдалануучулар өз ишмердүүлүгү жөнүндө Карасуу Айылдык Кеңештин суроо талабына ылайык Карасуу айылдык кеңешине табыштама берүүгө тийиш.
Табыштамада табыштама берүүчү, жер казынасын пайдалануунун орду жана туру жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш. Табыштамага:
- юридикалык жактар үчүн уюштуруу документтеринин жана уставынын же жеке жактар үчүн каттоо документтеринин көчүрмөлөрү;
- табышталган объекттеги пайдалуу кендерди казып алуу, капиталдык салымдар, эксплуатациялык чыгымдар, кирешелер жана долбоордун рентабелдүүлүгү боюнча ирилештирилген техникалык-экономикалык эсептөөлөр менен байланышпаган геологиялык иликтоонун же иштеп чыгуулардын же жер астына курулуучу курулуш жайларын куруу жана пайдалануу программасы;
- жер казынасын өздөштүрүү программасына ылайыктуу табышталган объектти каржылоонун мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымдамасы кошо тиркелет.
Жер казынасынын объектинен пайдалануу укугун алууга табыштама жана ага тиркелген материалдар жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган тарабынан бир айга чейинки мөөнөттө Карасуу айылдык Кеңеш тарабынан каралат.
Эгерде табыштама беруучу:
- өзү тууралу туура эмес маалыматтарды берсе;
- жер казынасынын объектин натыйжалуу, техникалык жана экологиялык жактан коопсуз өздөштүрүү үчүн зарыл болгон каржылоо ресурстарына ээ болбосо жер казынасын пайдалануу же конкурска катышуу укугунан ажыратыш үчүн Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө Карасуу Айылдык Кеңеши кайрылууга тийиш.
- Айылдык Кеңештин депутаттары жана Айыл өкмөтүнүн катышуусу менен айыл жашоочуларынын жалпы кызыкчылыктарын билдирген маселелерди талкуулоо максатында жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүнүн чогулушу жана жыйындары өткөрүлүүгө.
- Айыл өкмөтү Айылдык Кеңештин чечимине ылайык Жер казынасын пайдалануучулартууралуу маалыматты айыл округунун бардык айыл жашоочуларына жеткизүүгө милдеттүү.
Жер казынасын пайдалануучуларжана башка инвесторлор жер казынасын пайдалануу долбоорлоруна коомдук экологиялык экспертиза уюштуруу жолдору;
- Карасуу Айылдык Кеңешинин депутаттары кен иштетүүчү ишканалардан алган маалыматтарды алуу менен бирге аларды тактоодо жана көзөмөлдөөдө коомдук экологиялык экспертиза уюштуруу үчүн убактылуу комиссия түзүлүүгө тийиш,
- Түзүлгөн комиссиянын курамына жана кен иштетүүчү ишканалардын максатына ылайык алардын ишемрдүүлүгүн түшүнгөн, керектүү адисттер жана көз карандысыз эксперттер жана кен иштетүүчү ишканалардын окулчулуктору кошулушу мүмкүн.
- Комиссиянын составы элдин окулчулугу тарабынан 60 пайыздын кем эмес болуп алардын составына Айылдык кеңештин депутаттары жана айылдын жашоочулары болушу мүмкүн.
Коомдук экологиялык экспертизаны уюштуруу үчүн түзүлгөн убактылуу комиссиясынын негизги укуктары:
- Кен иштетүүчү ишканалардын максатын жана ишемрдүүлүгүн тактоого
- Кен иштетүүчү ишканалардан алган маалымат алууда элдин пайдасы үчүн жана экологиялык-техникалык коопсуздукту, социалдык кыйынчылыктарды чечүүдө болгон маселелерди эске алууга,
- Кен иштетүүчү ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин айлана-чойрону коргоо жөнүндө мыйзамдарды аткаруу боюнча ишине, жерлерди жана жаратылыш ресурстарын пайдаланышына, шаар куруунун жана архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин, санитардык ченемдердин сакташына, мыйзамдарда белгиленген тартипте экологиялык иш-чараларды өткөрүшүнө контролдук жүргүзүүгө
- Кен иштетүүчү ишканалардан алган маалыматынын негизинде корутунду чыгарууга,
- Жер казынасын пайдалануучуларменен түзүлгөн келишимди карап чыгууга жана талкулоого,
- Кен иштетүүчү ишканалардын ишкердүүлүгүнө келишимдин негизинде көзөмөл жүргүзүүгө
- Жер казынасын пайдалануучулар өз шимердүүлгун жургузуу учурунда келтирилген зыяндарды аныктоого укуктуу
Коомдук экологиялык экспертизаны уюштуруу үчүн түзүлгөн убактылуу комиссиясынын милдеттери:
- Кен иштетүүчү ишканалардын ишемрдүүлүгүн жүргүзүдүдө керектүү документтерди жана маалыматтарды талап кылууга,
- Аймактардын таламдарын козгогон маселелер боюнча жергиликтүү кеңеш сессиянын ишине, комиссиялардын жыйналыштарына катышуу үчүн тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын органдарынын өкүлдөрүн чакырууга
- Эгер керектүү маалыматтар толук эмес болсо атайын адистештирилген адистерди тартууга жана комиссиянын составына киргизүүгө,
- Кен иштетүүчү ишканалардын ишемрдүүлүгүн жонго салуу үчүн комиссиянын корутундусун айылдык кеңештин сессиясына сунуштаганга
- Сунушталган корутундуну айылдык кеңеш сессиялардын датасы жана күн тартиби жөнүндө жарандарга алдын ала кабарлоо боюнча бардык чараларды көрүүгө, алардын сессияларга кириши үчүн шарттарды түзүүгө, ошондой эле кабыл алынган чечимдер жөнүндө жергиликтүү жамаатка жеткирүүгө милдеттүү
Айылдык Кеңештин негизги укуктары:
- Айылдык Кеңеш шайлоочулар, өзүн депутаттыкка талапкерликке көрсөткөн жамааттар жана жарандардын бирикмелери, ошондой эле өзүнүн шайлоо округунун аймагында жайгашкан башка ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жамааттары, мамлекеттик органдар, өз алдынча башкаруу органдары жана жарандардын бирикмелеринин органдары менен байланышта болуп турууга
- Айылдык Кеңеш өзүнүн шайлоо округунун шайлоочуларынын алдында жер казынасын пайдалануучулар менен болгон ишкердүүлүгү жөнүндө отчет берип турууга
2) эки жылдык мөөнөткө техникалык долбоордун колдонулушунун мезгилине жана ошол долбоор тарабынан аныкталган чектерде кийин узартуу менен жер казынасын пайдалануу укугун (лицензияны) алгандан кийин жер казынасын пайдалануудагы Кен иштетүүчү ишканалардын милдеттери жана укуктары үчүн жерди болуп берүүгө;
4) жер казынасын геологиялык иликтоодо жана өнөр жайлык өздөштүрүүдо жер казынасын пайдаланууга жана коргоого көзомол кылууга;
5) эгерде жер казынасынын участокторун пайдалануу адамдардын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч келтирсе, чарбалык объектилерге же курчап турган чойрого зыян келтириши мүмкүн болсо, аларды пайдаланууга чектоо киргизүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун жер казынасын пайдалануу жагында мамилелерди жонго салуу боюнча органдарынын карамагына таандык кылууга
Негизги укукттары:
Кен иштетүүчү ишканалардын ишкердүүлүгүн жонго салуучу мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул жободон, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарынан жана ченемдик укуктук актыларынан туруп Жер казынасын пайдалануучулар төмөндөгүлөргө укуктуу:
- Карасуу айылдык округунун, элдин коопсуздугу, саламаттык сактоо жана айлана-чойрону коргоодо, салык салуу маселелери менен байланышкан мыйзамдарын эске алуу менен бирге, ушул жобого киргизилген Жер казынасын пайдалануучулар өзүнүн инвесторлук ишин баштаган учурдан тартып айыл өкмөтү менен түзүлгөн келишимдин негизинде (инвестициялык макулдашууда каралган моонотто) өздөрүнө алда канча ынгайлуу болгон шарттарды тандап алууга,
- Инвестициялар объектке жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган иш-аракеттин түрлөрүнө, анын ичинде "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштин лицензиялануучу түрлөрүнө бардык формада жүзөгө ашырганга,
- Карасуу айылдык округунда кен иштетүүгө иш-аракетке байланыштуу жүргөн инвесторлор, алардын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын тиешелуу мыйзамдары менен Карасуу айылдык округунда бүткүл аймактарда эркин жүрүүгө укуктуу.
- Жер казынасын пайдалануучулар өз инвестицияларына жана алардан алган кирешелерине жана пайдаларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган жана ушул жобонун максаттарын эске аткаруу менен бирге бардык максаттарга эркин жана өз каалаганындай ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескоого укуктуу.
Негизги милдеттери:
- Өз ишмердүүлүгү жөнүндө баардык маалыматтарды (максаты, пайдалуулугу ж.б) Карасуу айылдык округунунун баардык аймагындагы жашоочуларына жайылтууга,
- Атайын түзүлгөн комиссияга, кен иштетүүчү ишканалар, Карасуу айылдык округунда жүргүзгөн ишмердуулугу тууралуу маалыматтарды бергенге,
- Карасуу айылдык округунун, элдин коопсуздугу, саламаттык сактоо жана айлана-чойрону коргоого, экологиялык-техникалык коопсуздукту сактооого, Кыргыз Республикасында мыйзамдарында көрсөтүлөн төлөмдөрү алдын ала толоого, келишимде көрсөтүлөн финансалык (акча) жана башка материалдык каражатын алдын ала которууга, аткарууга,
- Ишемрдүүлүгүн жүргүзүдүдө түзүлгөн келишимди айылдык Кеңештин депутаттары менен акылдашууга,
- Түзүлгөн комиссиянын корутундусунун негизинде кен иштетүүчү ишканалар, уюмдар жана мекемелер, жарандар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдында жоопкерчиликтүү, анын ичинде алар өз аракеттери же аракетсиздиги менен калктын мүдөөлөрүнө, жергиликтүү чарбага, курчап турган чойрого келтирген зыяндын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин аткарбагандыктын натыйжасында келтирилген чыгымдарды толук көлөмдө толоп берүү менен мүлктүк жоопкерчилик да тартууга.
- Айыл өкмөтүнүн башчысы менен келишим түзүүгө,
- Айыл өкмөтү менен түзүлгөн келишимдин негизиндеги көрсөтүлөн милдеттерди жана укуктарын так аткарууга,
- Жер казынасын пайдалануучулар өз ишмердүүлүгү тууралуу жылына эки жолудан кем эмес Карасуу айылдык округунун аймагынын жашоочуларына отчет берүүгө жана маалыматты жайылтууга милдеттүү
Ушул жобо келишимдердин шарттарынын ортосунда карама-каршылыктар болгон учурда Кыргыз Ресубликасынын мыйзамдарына ылайык көзөмөлдөнүп сот аркылуу чечилет
Карасуу айылдык кеӊешинин төрагасы |
С. Рысбаев |