БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 2-декабрындагы №103
Бишкек шаарынын калкына сууну керектоо, сууну бөлүп берүү ченемдерин (нормаларын) өзгөртүү жөнүндө
Ичүүчү сууну керектөө жана агынды сууларды агызуунун эсебин системага салуу, Бишкек шаарынын калкынын сууну керектөө жана сууну буруп кетүү ченемдерин тартипке келтирүү, ошондой эле cууну керектүү жана cууну бөлүп берүү үчүн акы төлөөнү тартипке келтирүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Шаардык канализацияга ысык сууну агызууну эске алуу менен жабдуунун деңгээлине жана сууну бөлүп берүү ченемине жараша Бишкек шаарындагы турак үйлөрдү 1 кишиге муздак суунун сарпталуу ченеми тиркемеге ылайык бекитилсин.
2."Бишкексууканал" ЭБсы:
- жеке эсептөө прибору жок Бишкек шаарынын калкынан суу керектөө жана сууну буруп кетүүнүн бекитилген ченеми боюнча муздак суу жана агынды үчүн акы алууну жүргүзсүн;
- жабдуунун деңгээли менен (суу түтүгү, канализациясы, ванна, сауна, бассейн, джакузи ж.б. менен жабдылган) жеке турак үй ээлерин ичүүчү сууну эсептөө приборлорун орнотууга милдеттендирсин;
- ичүүчү сууну сарамжалдуу сарптоону контролдоо үчүн орнотулган жалпы үйдөгү суу өлчөгүчтөрдү пайдалансын;
- суунун агып калуусун четтетүү боюнча чара көрсүн.
3.Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак -жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясына (Ж. М. Салымбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри З.И.Бекбоевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Э.Суракматов |