Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 2-декабры N 104
Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2005-жылдын 8-декабрындагы N 142 "Бишкек шаарында суутүтүктөрдү жана канализацияны пайдалануу Эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы N 100 "Кыргыз Республикасында техникалык шарттарды берүүнүн жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу тартибинин эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомун, Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 30-апрелиндеги N 68 "Бишкек шаарынын аймагында суу түтүк жана канализация тармактарына жаңы курулган, реконструкцияланган, арналышы өзгөртүлгөн, кайра пландалган объекттерди кошууга жана техникалык шарттарды берүүгө тарифтерди бекитүү жөнүндө" токтомун аткаруу үчүн, Бишкек шаардык кеңеш токтом кылат:
1. Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2005-жылдын 8-декабрындагы N 142 "Бишкек шаарында суу түтүктөр жана канализация менен пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген "Бишкек шаарында суу түтүктөр жана канализация менен пайдалануу эрежесине" төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 1.1-пункттагы "жана Кыргыз Республикасындагы үй алдындагы жер участоктору" деген сөздөрдөн кийин төмөнкү мазмундагы сөздөр менен толукталсын:
- "Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүлөргө уруксат берүү документтерин берүү жана бүткөрүлгөн курулуш объекттерин эксплуатацияга кабыл алуу тартиби жөнүндө Жобосуна, Кыргыз Республикасында техникалык шарттарды берүү жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу тартибинин эрежелерине ылайык" калганы текст боюнча;
- 1.3-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Бишкексууканал" ӨЭБсы менчиктик же баланстык тиешелүүлүк чегиндеги абоненттерге ичүүчү суунун коопсуздугуна кепилдик кылат.
Абоненттер тарабынан суу менен жабдуу жана канализация системаларын эксплуатациялоо жана пайдалануу боюнча белгиленген техникалык талаптардын сакталбагандыгы ичүүчү суунун сапатынын начарлашына, агынды сууларды тазалоо жана суу чогулган жерлерди кирдетүү боюнча технологиялык процесстердин бузулушуна алып келүүсү мүмкүн.";
- 1.4-пункт төмөнкү мазмундагы терминдер менен толукталсын:
"сервитут - менчикте же башка адамдардын пайдалануусунда болгон жер участокторун чектүү максаттуу пайдалануудагы жактардын укугу;
субабонент - "Бишкексууканал" ӨЭБсы менен суу менен жабдууга жана агындыларды агызууга келишим түзгөн, сууну абоненттин суутүтүк тармактары аркылуу "Бишкексууканал" ӨЭБсынан алган жана абоненттин же "Бишкексууканал" ӨЭБсынын канализациялык тармактарына агындыларды агызган керектөөчү (турмуш-тиричиликтик жана өндүрүштүк);
техникалык шарттар - жүктөмдү кошууга уруксат берилген суутүтүк-канализациялык тармактар жана курулмаларга кошулуу ордун аныктаган, курулуш (реконструкциялоо, арналышы өзгөртүлгөн, кайра пландалган) объекттерин инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу үчүн аткарууга алып келген негизги параметрлер жана талаптар, жана техникалык шарттардын иштөө мөөнөтүнүн аралыгында суутүтүк-канализациялык тармактарга жана курулмаларга кошулууга арыз ээсин кепилдеген документ;
кошулуу орду - суу менен жабдуу жана сууну буруп кетүү тармактарына курулуп жаткан (реконструкциялануучу) курулуш объекттерин кошуу үчүн зарыл болгон, жүктөмдү кошууга уруксат берүүнү камсыз кылган, жакынкы курулуш объектисине же жер участокторуна түзмөктөрү жана курулмалары менен суутүтүк жана (же) канализациялык тармактарын кошуу орду;";
- 1.7-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Бишкексууканал" ӨЭБсынын уруксаты боюнча жана Бишкек шаарынын канализация системасына өндүрүштүк агынды сууларды кабыл алуу боюнча эрежелердин талаптары абоненттер тарабынан аткарылган шартта өндүрүштүк агынды сууларды шаардык канализацияга кабыл алууга жол берилиши мүмкүн.";
- 2.1.1-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Бишкек шаарынын суу менен жабдуу жана канализациясынын борбордоштурулган системасына кошулууга техникалык шартты берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы N 100 "Кыргыз Республикасында техникалык шарттарды берүүнүн жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу тартибинин эрежесин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында техникалык шартты берүү жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошулуу тартибинин Эрежеси тарабынан каралган, параметрлерди көрсөтүү менен белгиленген үлгүдөгү архитектура органынын сурамынын негизинде ишке ашырылат.
"Бишкексуукананл" ӨЭБсы арыз берүүчүдөн сурамды алган күндөн баштап 10 иш күндүн ичинде техникалык шарттарды жана курулуш объектисин суутүтүк жана (же) канализация тармактарына кошуу үчүн акы төлөмү жөнүндө маалыматтарды аныктайт жана көрсөтөт, же техникалык шартты берүүдөгү жүйөөлүү баш тартууну көрсөтөт.
Техникалык шарттарды берүүдө мөөнөттөр бузулган учурларда, "Бишкексуукананл" ӨЭБсынын кызматкерлери жоопкерчилик тартат, техникалык шарттардын наркынан ар бир өтүп кеткен күн үчүн 0,5% өлчөмүндө айыптык санкциялар эсептелет.
Шарттар жана регламент болгон суралган кубаттуулуктарда дал келбөөчүлүктөр белгиленген учурда, "Бишкексууканал" ӨЭБсы сурамды алган күндөн баштап 3 иш күн аралыгында дал келбөөчүлүктүн себептерин көрсөтүү менен суралган кубаттуулуктун дал келбөөсү жөнүндө корутундуну берет.";
- 2.1.2-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кошулууга техникалык шарттар эки жылдык мөөнөткө берилет, кошумча акы төлөөсүз анын иштөө мөөнөтү бир жылдан көп эмес мөөнөткө узартылышы мүмкүн. Келишим түзүлгөн жана суутүтүк-канализациялык тармактарга жана курулмаларга объектини кошкон учурдан тартып техникалык шарттар өзүнүн ишин токтотот.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына, антимонополиялык органдардын макулдугу боюнча Бишкек шаардык кеңеш тарабынан бекитилген баага ылайык техникалык шарттарды берүү акы төлөө негизинде ишке ашырылат.";
- 2.1.3-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Белгиленген тартипте кошулууга техникалык шарттарды албай жана келишимдерди түзбөй суутүтүк-канализациялык тармактарга жана курулмаларга объектини өз алдынча кошууга жол берилбейт.
Объекти суутүтүк-канализациялык тармактарга жана курулмаларга кошуу менчиктик жана баланстык тиешелүүлүгүнө белгиленген чектерге ылайык, инженердик-техникалык камсыздоо тармактарын кошуу жана техникалык тейлөө жөнүндө келишимге кол коюлган күндөн баштап ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамына ылайык антимонополиялык органдардын макулдугу боюнча Бишкек шаардык кеңеш тарабынан бекитилген баага ылайык суутүтүк-канализациялык тармактарга жана курулмаларга объектти кошуу акы төлөө негизинде ишке ашырылат.";
- 2.1.4-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бишкексууканал" ӨЭБсы канализациянын борбордоштурулган системасына агынды сууларды агызган шартта гана Бишкек шаарынын суу менен жабдуусунун борбордоштурулган системасына объекттерди кошууга уруксат берет. Чуңкурларын казууга жана пайдаланууга тыюу салынат. Объекттен борбордук канализацияга чейин 200 метрден ашык ыраактыктагы, инженердик инфраструктурасы өнүкпөгөн аймактарда жайгашкан, тиричилик муктаждыкка суткасына 1 куб.м га чейин көлөмдөгү сууну керектеген объекттер үчүн өзгөчө учурларда борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (БМСЭК) менен долбоорду милдеттүү макулдашуу жана кабыл алынган агынды суулардын көлөмү жөнүндө каттоону жүргүзгөн атайын жабдылган агызуу станциясына агындыларды чыгаруу менен жылчыксыз шилтеп чыгуу чуңкурун түзмөктөөгө уруксат берилет. Агынды суулар өз убагында, буруп кетүүнүн шаардык системине агынды сууларды кабыл алуунун белгиленген ченемдерине ылайык келүүсү жана толук көлөмдө чыгарылышы керек.
Коммуналдык суу менен жабдуу жана канализациянын иштеп жаткан системасына курулган суутүтүк жана канализациялык тармактарын жана курулмаларын кошууну "Бишкексууканал" ӨЭБсы же "Бишкексууканал" ӨЭБсынын өкүлүнүн техникалык көзөмөлүнүн астында заказчы (курулуш уюму, куруучу) аткарат.
Эгерде кошуу керектөөчү тарабынан жүргүзүлгөн болсо, жеке менчик укугундагы керектөөчүгө тийиштүү суутүтүк киргизилген жерлерди кошуу жана жуу, канализациялык чыгарууларды кошуу керектөөчүнүн эсебинен жүргүзүлөт.";
- 2.1.5-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Суутүтүк жана канализациялык тармактарга курулуш объекттерин (реконструкциялоо, арналышын өзгөртүү, кайра пландоо) кошуу үчүн арыз берүүчү суутүтүк жана канализациялык тармактарды ишке ашыруучу уюмдарга төмөнкү тиркемелери менен арызды жиберет:
- суутүтүк жана канализация тармактарына кошулууга техникалык шарттар, долбоордук документти жана аткаруу чиймелерин (ички иштердин актысы);
- өткөрмөтүтүктөрдүн бекемдигин жана жылчыксыздыгын гидравликалык сыноо актысын;
- Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан иштеп жаткан "Ичүүчү суу. Ичүүчү суу менен жабдуунун борбордоштурулган системасындагы суунун сапатына гигиеналык талаптар. Сапатты контролдоо" аракеттеги санитардык эрежелерине жана ченемдерине ылайык бактериологиялык анализ жүргүзүү жөнүндө маалымкатты;
- юридикалык жактар үчүн - уюмдаштыруу документтердин көчүрмөлөрүн (юридикалык жакты каттоо жөнүндөгү күбөлүк), арызга кол койгон жактын ыйгарым укугун тастыктаган документтерди;
- жеке жактар үчүн - паспорттун көчүрмөсү;
- суу түтүк жана канализация тармактарына кошулуу үчүн акы төлөгөндүгүн тастыктаган документ.
Ошондой эле бул документтер объектти суутүтүк жана канализациянын сырткы тармактарына кошуу жана келишим түзүү жөнүндө тастыктоолорду берүү үчүн керек.
Аз кабаттуу турак-жай курулуштардагы жана көп квартиралуу турак үйлөрдөгү сырткы суутүтүк-канализациялык тармактар, курулмалар жана жабдыктар ээлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими боюнча Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кайтарымсыз негизде өткөрүлүп берилиши керек.";
- 2.1.6-пунктундагы "эмнелер жөнүндө тийиштүү актылар түзүлөт" деген сөздөр алынып ташталсын";
- 2.1.7-пунктундагы "жергиликтүү кызматтардын ШСЭКБнын жана" деген сөздөр алынып ташталсын;
- 2.1.9-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Абонентке ичүүчү сууну кое берүү жөнүндө маселе оң жагынан чечилген учурда техникалык шарттарга ылайык "Бишкексууканал" ӨЭБсы абонентке шаардык суутүтүктөн ичүүчү сууну керектөөгө жана шаардык канализацияга агынды сууларды кабыл алууга лимитти белгилөөгө милдеттүү.
Объектти эксплуатацияга бергенден кийин суу керектөө жогору болсо, орточо көрсөткүч боюнча үч жана алты айдан кийин лимиттен ашык суу пайдалангандыгы үчүн кошумча акы жүргүзүлүүсү мүмкүн. Алты айдан кийин суу керектөө көбөйгөн учурда акы төлөө техникалык шарттар үчүн гана жүргүзүлөт. Ошону менен бирге заказчы "Бишкексууканал" ӨЭБсынан акы төлөөгө карата эсепти алуу датасынан 10 жумушчу күндүн ичинде айтылган техникалык шарттардан лимиттен ашык керектөөнү төлөөгө милдеттүү. Заказчы төлөбөгөн учурда техникалык шарттарды лимиттен ашык керектөө наркынан күнүнө 0,3% пайыз өлчөмүндө айып төлөйт."
- 2.2.1-пунктундагы "Бишкексууканал" ӨЭБсы менен долбоорду кошуу макулдашуусу болгон учурда" деген сөздөр "Бишкексууканал" ӨЭБсы берген техникалык шарттар болгон учурда" деген сөздөр менен алмаштырылсын";
- 2.2.3-пунктундагы "Бишкексууканал" ӨЭБсы менен куруу долбоорун макулдашуу жана" деген сөздөр алынып ташталсын;
- 2.3.4-пункт төмөндөгү маанидеги экинчи абзац менен толукталсын:
"Шаардык магистралга убактылуу суу түтүк линияларын кошуу "Бишкексууканал" ӨЭБсы же объекттердин ээлери тарабынан "Бишкексууканал" ӨЭБсынын техникалык контролунун алдында гана табыштама алынган учурдан тартып 10 күндүн ичинде жана объекттердин ээлеринин эсебинен кошууга объект даяр болгон шартта жүргүзүлөт. Эгерде бул шарт "Бишкексууканал" ӨЭБсынын өкүлдөрү тарабынан сакталбаса, "Бишкексууканал" ӨЭБсына техникалык шарттардын наркынан ар бир өтүп кеткен күн үчүн 0,5% өлчөмүндө айыптык санкцияларды төлөйт.";
- 2.4.3-пункт төмөндөгү маанидеги экинчи абзац менен толукталсын:
"Бул талаптарды сактабаган учурда "Бишкексууканал" ӨЭБсы кошулган орундан токтоосуз өчүрүүнү жүргүзөт.";
- 3.6-пункттун экинчи абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ичүүчү суунун жана агынды суулардын эсеп приборун (суу өлчөгүч) өзүнүн эсебинен алууга жана орнотууга. Чарбалык-тиричилик жана өндүрүштүк суу керектөөчү жаңыдан киргизилген объекттерге бул Эреженин 2.1-пунктунун талаптары колдонулат";
- 3.6-пункттун төртүнчү абзацындагы "бештен кем" деген сөздөр "төрттөн кем" деген сөздөр менен алмаштырылсын";
- 3.6-пункт төмөнкү мазмундагы жаңы абзац менен толукталсын:
"- "Бишкексууканал" ӨЭБсынын жазма буйругу боюнча авариялык абалдарды жоюу жана (же) жазма буйрукта көрсөтүлгөн 3-5 күн мөөнөтүндө профилактикалык-оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн эркин кирүү берилсин. Жазма буйрукту аткарбаган учурда, абонентке убактылуу жана капиталдык куруулардан участокту бошотуу жөнүндөгү эскертүүнү бергенден баштап 1 м/сек. суу кыймылынын ылдамдыгына карата өткөрмөтүтүктүн жоондугу боюнча ичүүчү суунун агып калганы үчүн кошуп эсептөө жүргүзүлөт.";
- 3.7-пункттун экинчи абзацындагы "СанЭжЧ" деген сөздөрдөн кийинки "2.1.559-96" деген сандар алынып ташталсын";
- 5.1.2-пунктундагы "Бишкексууканал" ӨЭБы инспекциясы" деген сөздөр "ичүүчү сууну берүү жана агынды сууларды кабыл алуу бөлүмү" деген сөздөр менен алмаштырылсын";
- 5.1.4-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ичүүчү сууну эсептөө приборунун контролдук көрсөткүчүн милдеттүү түрдө абоненттин же анын укуктуу өкүлүнүн катышуусунда "Бишкексууканал" ӨЭБсынын контролеру жүргүзөт. Ушуну менен бирге контролер сууну эсептөө приборундагы жана айланып өтмө тээктеги пломбунун сакталышын, сууну эсептөө приборлорунун кошулган бөлүктөрүнүн оңдугун, алардагы пломбулардын сакталышын текшерүүгө, ошондой эле суунун агып калуусунун жок экендигине тактоого милдеттүү. Табылган учурда:
- айнектин бүтүндүгүнүн бузулушу;
- жебенин жулунушу же бузулушу;
- сууну эсептөө приборундагы же айланып өтмө тээктеги (ошону менен бирге өрт өчүргүч гидрантындагы) пломбунун бузулушу же жулунушу;
- тоңуп калуу;
- арткы клапандын бузуктугунан тескери багыттагы көрсөткүчтүн санап бөлүүсү;
- суу өлчөгүч түйүнүнүн реконструкциясы боюнча жазма буйруктарды аткарбашы, эгер сууну эсептөө приборунун өлчөө диапазону суунун сарпталышына дал келбеши;
- суу өлчөгүч түйүнүндө ширетүү иштерин жүргүзүүгө байланыштуу ысык суунун түшүшү же иштен чыгышы;
- "Бишкексууканал" ӨЭБсынын макулдугусуз өткөрмөтүтүктөрдүн кошулган ордун кайрадан кошуу жана ушуга байланышкан сууну эсептөө приборундагы иштин режимин жана жүктөмүн өзгөрткөндө контролер абонент тарабынан (анын укуктуу өкүлү) кол койгон акты түзүлөт, ал эми абонент кол койгондон баш тарткан убакта, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлү же комиссиянын курамындагы үч киши актыга кол коет. Пайдаланылган суунун эсеби тартып келинген суу өткөрмөтүтүгүнүн 0,5 диаметри жана бир ай ичинде 12 саат бою суу керектөөнүн убагындагы суунун кыймылынын ылдамдыгы (1 м/сек.) боюнча жүргүзүлөт.";
- 5.1.5-пункт төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Керектөөчүнүн убактылуу жок болуу мезгили аяктагандан кийин бир ай ичинде берилген, керектөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде, керектөөчүнүн толук 5 календардык күн катары менен убактылуу жок болгон мезгилине, сууну пайдалангандыгы жана канализация үчүн акынын өлчөмүн кайрадан эсептөөнү "Бишкексууканал" ӨЭБсы 5 иш күн ичинде ишке ашырат. Акынын өлчөмүн кайрадан эсептөө жыйынтыгы ушул Эреженин 6.1-пунктунда көрсөтүлгөн, сунуш кылынган тартиптеги, төлөм документинде чагылдырылат. Арызга абоненттин жана (же) аны менен жашаган адамдардын туруктуу турган жеринде убактылуу жок мезгилинин узактыгын далилдеген документтер тиркелет. Абоненттин убактылуу жоктугун далилдеген документтер:
а) иштеген жери күбөлөндүргөн иш сапар күбөлүгүнүн же иш сапар жөнүндө маалымкаттын көчүрмөсү;
б) стационардык дарылоо мекемесинде дарыланууда болгондугу жөнүндө маалымкат;
в) абоненттин же аны менен жашаган адамдарга таризделген жол жүрүү билети (эгер бул документтерде абоненттин аты көрсөтүлгөн учурда аларды тариздөө эрежелерине ылайык) же алардын көчүрмөсү;
г) мейманканада, жатаканада же башка жерлерде убактылуу келип жашагандыгы үчүн эсеп кагаздары же алардын көчүрмөлөрү;
д) абонентти убактылуу келген орду боюнча убактылуу каттоо жөнүндөгү ички иштер органынын маалымкаты;
е) коңшулар тарабынан кол коюлган маалымкат;
ж) маалымкат (үй комитетинин, кварталдык комитеттин, үй башкаруучусунун, ЖАБсынын).
"Бишкексууканал" ӨЭБсы абоненттин көрсөткөн документтеринин көчүрмөсүн алууга жана алардын аныктыгын, толуктугун жана андагы болгон маалыматтардын чындыгын текшерүүгө, ошонун ичинде аларды берген органдарга жана уюмдарга расмий сурамдарды жиберүүгө укуктуу.
Сууну пайдалануу жана канализация үчүн акынын өлчөмүн кайра эсептөө абоненттин туруктуу жашаган жеринен кеткен жана бул жерге келген күндөрүн киргизбестен, толук календардык күндөрдүн санынын натыйжасында анын жок болгону аныкталган, убактылуу жок болгон күндөрүнүн санына пропорционалдуу жүргүзүлөт.";
- 5.2.1-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Ичүүчү суу менен тигилген бак-дарактарды сугарууга, короолорду, килем буюмдарын жууга, аныкталбаган жерлерде машиналарды жана механизмдерди ж.б. жууга тыюу салынат. Бөтөнчө учурларда гана "Бишкексууканал" ӨЭБсы бак-дарактарды түнкү мезгилде (саат 00дөн саат 05 саатка чейин) сугарууга уруксат берет.";
- 5.2.4-пунктундагы "Келишимде көрсөтүлгөн мындай актыны түзүү жана кол коюу тартиби" деген акыркы сүйлөм "Акт абонент тарабынан кол коюлат, ал эми ал жок болгон же баш тарткан учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлү тарабынан кол коюлат" деген сүйлөмгө алмаштырылсын.";
- 5.3.2-пункттун бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- жергиликтүү жана башка булактардан (алынып келинген, ысык суу ж.б.) сууну керектеген учурда, канализациянын минималдык эңкейүүсүнүн алардын бир айдын ичинде сутканын 12 саатында иштөөсүн 0,5 коэффициентке барабар толтуруунун натыйжасында, агынды суулардын чыгымы канализацияга кошуу үчүн түзмөктөрдүн жана курулмалардын кое берүү жөндөмдүүлүгү боюнча аныкталат.";
- 9.3-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Бардык ишканалар жана уюмдар өздөрүнүн чарбалык-тиричилик жана өндүрүштүк агынды сууларын долбоордук чечимге ылайык, локалдык тазалоо курулмаларында аларды алдын-ала тазалагандан кийин гана буруп кетүүнүн шаардык станциясына агызуусу керек. Агынды сууларды тазалоонун сапаты жергиликтүү ченем документтеринде көрсөтүлгөн чектүү-мүмкүнчүлүктөгү топтолуштун (ЧМТ) жана чектүү-мүмкүнчүлүктө агызуунун (ЧМА) талап кылынган ченемдерине чейин жеткирүү керек. ЧМТны жана ЧМАны жогорулагандыгы табылган учурда, агынды сууларды текшерип байкоо үч экземплярда жүргүзүлөт, бирөө текшерүү үчүн "Бишкексууканал" ӨЭБсынын лабораториясына жөнөтүлөт, ал эми экинчиси айлана чөйрөнү коргоонун ыйгарым укуктуу органынын лабораториясына жөнөтүлөт. Чектен чыгуулар табылган болсо, жүргүзүлгөн анализ үчүн чыгымдар Керектөөчү тарабынан төлөнүп берилет.
Канализациялык тармакка агызылган агындылардан чектүү-мүмкүнчүлүктөгү топтолушта (ЧМТ) зыяндуу заттардын жогорулашы билинген учурда, агындылардын көлөмүнө үч эсе өлчөмүндөгү кошуп эсептөө жүргүзүлөт.
Техникалык мүмкүнчүлүктү камсыз кылбаган, контролдук кудуктун жана (же) үйгө кирүүчү жердин техникалык абалы канааттандырардык эместигинин айынан сыноолорду тандап алууга уруксат бербеген же коркунучту туудурган учурда, анын актыда жазып белгиленгени менен өткөн ай үчүн агындылардын көлөмүнө беш эсе өлчөмүндөгү кошуп эсептөө жүргүзүлөт. Абоненттин өкүлүнүн актыга кол койгондон баш тартканы, актыда баш тартуу себебин баяндап жазып белгилеп коюу керек. Абонент актыга кол коюудан баш тарткан учурда, баш тартуунун негизсиздиги белгиленген учурларда, же эгерде баш тартуунун себептери баяндалбаса акт анык болуп эсептелет.";
- XI баптагы Эрежелердин "8" катар номери "11.9" деген санга алмаштырылсын;
- 11.14-пункттагы "бир айдын" деген сөздөрдөн кийин "чарбалык эсептин керектөөчүлөрүнүн тарифи боюнча" деген сөздөр кошулсун.
2. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак-жай коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекси, транспорт жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.М.Салымбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри З.И.Бекбоевге жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы | А.Суракматов |