Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 2-декабры № 116
"Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы социалдык маанилүү жана өзгөчө кооптуу жугуштуу ооруулар боюнча шаардык көп сектордуу координациялык комитети жөнүндө" жобону бекитүү жөнүндө
Жугуштуу оорууларды алдын-алуу боюнча иш-чараларды өз убагында уюштуруу боюнча биргелешкен аракеттерди координациялоо, эпидемияларды, массалык ууланууну, санитардык-эпидемиологиялык жана эпизоотиялык абалдын начарлоосу менен байланышкан өзгөчө кырдаалдарды локализациялоо жана жоюу, жаныбарлардын, анын ичинде адам баласынын ден-соолугуна коркунуч келтирүүчү өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оруулардын пайда болуусун жана таркалышын алдын-алуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш токтом кылат:
1. "Бишкек шаарынын мэриясына караштуу социалдык маанилүү жана өзгөчө коркунучтуу жугуштуу ооруулар боюнча шаардык көп сектордуу координациялык комитети жөнүндө" жобо бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо саламаттык сактоо, социалдык жактан жардам, пенсиялык камсыздоо жана калкты ишке орноштуруу боюнча туруктуу комсиссиянын төрагасына (Омурбеков Т.О.) жана Бишкек шаарынын Э.И.Иманалиевага жүктөлсүн.
Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы | А.Суракматов
|
Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 116 токтомуна тиркеме
1. Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы социалдык маанилүү жана өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулар боюнча Шаардык көп сектордуу координациялык комитет (мындан ары - ШКСКК) өз ишкердигин коомдук негизде төмөнкүлөрдү ишке ашыруу үчүн багытталган координациялык орган болуп саналат:
- социалдык мааниси бар жана өзгөчө кооптуу жугуштуу ооруларды, эл арасында эпидемияларды, калк арасында массалык ууланууларды чектөө жана жоюу үчүн өз учурунда кечиктирилгис иш-чараларды уюштуруу үчүн;
- жугуштуу оорулар менен күрөшүү боюнча иш чараларга тарылган райондук администрациялардын, шаардык кызматтардын, массалык маалымат каражаттардын жана жарандык сектордун, ошондой эле менчиктин түрүнө карабастан юридикалык жарандардын ишкердигин координациялоо жана оптималдаштыруу үчүн;
2. ШКСКК өз ишкердигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик-укуктук актыларын, башка ченемдик-укуктук актыларды, ошондой эле бул Жобону жетекчиликке алат.
ШККСКнын негизги милдеттери болуп төмөндөгүлөр саналат:
- адамдар жана жаныбарлар арасында социалдык мааниси бар жана өзгөчө кооптуу жугуштуу ооруларга, алардын ичинде АИВ\ЖИКСке (ВИЧ СПИДге), кургак учукка, безгекке, куш тумоосуна ж.б. каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын комплекстүү жана туруктуу системин түзүү;
- мэриянын, райондук жана шаардык администрациялардын өз учурунда жугуштуу ооруларды алдын алуу, санитардык-эпидемиологиялык жана эпизоотикалык абалдардын начарлоосунан пайда болгон, эпидемияларды, массалык ууланууларды, өзгөчө кырдаалдарды четтетүү жана жок кылуу, жаныбарлардын өзгөчө кооптуу жугуштуу ооруларынын, анын ичинде адамдын ден соолугуна коркунуч келтирүүчү оорулар боюнча ишкердигин координациялоонун натыйжалуулугун жогорулатуу.
- Жүктөлгөн милдеттерге ылайык ШКСКК төмөнкү функцияларды аткарат:
- өзгөчө кырдаалдар же пайда болуу коркунучу болгондо социалдык мааниси бар (АИВ\ЖИКС (ВИЧ СПИД), кургак учук,безгек, баңгилик ж.б.) жана адамдар жана жаныбарлар арасында өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулар (сибир жарасы, куш тумоосу, ж.б.) боюнча кечиктирилгис иш чараларды жалпы координациялоону ишке ашырат;
- адамдар жана жаныбарлар арасында социалдык мааниси бар жана өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулар менен күрөшүү боюнча иш чараларды өткөрүүдө маанилүүлүгүн аныктайт;
- Бишкек шаарынын мэриясына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө массалык жугуштуу оорулардын жана калк арасында тамак ашка уулануулардын, эпидемиологиялык жана эпизоотикалык абалдын начарлоосунан байланышкан өзгөчө кырдаалдын пайда болуусу, аларды жоюу жана карантиндик-чектөөнү уюштуруу боюнча иш чаралар жөнүндө маалымат берет;
- Кыргыз Республикасынын "Өзгөчө кырдаал жөнүндө" мыйзамына ылайык пайда болгон өзгөчө кырдаалды стабилдештирүү боюнча кечиктирилгис иш чараларды уюштурат жана координациялайт;
- кызыкчылыгы бар кызматтар, райадминистрациялар ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча, регионалдык кызматташтык боюнча социалдык мааниси бар адамдар жана жаныбарлар арасындагы өзгөчө кооптуу жугуштуу ооруларга каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды кабыл алат;
- социалдык мааниси бар адамдар жана жаныбарлар арасындагы өзгөчө кооптуу жугуштуу ооруларга каршы күрөшүү боюнча сунуштарды, стратегиялык пландардын долбоорун карап чыгат;
- райондук администрациялардын, шаардык кызматтардын иш пландарын бекитет, жетекчилеринин отчетторун угат;
- райондордун, шаардык кызматтардын, менчиктин түрүнө карабастан ишканалардын, бирикмелердин жана уюмдардын күчүн жана каражаттарын конкреттүү эпидемиялык жана эпизоотиялык иш чараларды аткаруу үчүн зарыл болгон учурларда кошумча ишке тартышат;
- жугуштуу оору пайда болгон жерге карантиндик-чектөө иш чараларын киргизет жана кайра алып таштайт;
- жугуштуу оорунун очогун жоюу боюнча убактылуу комитетти жана анын иш планын бекитет;
- Бишкек шаары боюнча программанын ишке ашуунун жүрүшүн байкайт жана адамдар жана жаныбарлар арасындагы социалдык мааниси бар жана өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулар менен күрөшүү боюнча аткарылган иш-чаралардын натыйжасын баалайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана бул Жобого карама-каршы болбогон ШКСККнын милдеттеринин жана функцияларынын чегинде ишкердиктин башка түрлөрүн ишке ашырат.
ШКСКК өз функцияларын аткаруу максатында төмөнкү укуктарга ээ:
- ШКСККнын мүчөлөрүнөн шаардык бюджеттин жана эл аралык донордук уюмдардын долбоорлорунун эсебинен социалдык мааниси бар жана жугуштуу оорулар менен күрөшүүгө бөлүнгөн каражаттарды колдонуу боюнча финансылык отчетун кошо, иш чаралар өткөрүү жөнүндө маалыматты суроого;
- Райондук администрациялардын жана шаардык кызматтардын, ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин калк арасында массалык "жугуштуу оорулар жана тамак аш уулануулар жана жаныбарлар арасында жугуштуу оорулар, эпидемиологиялык жана эпизоотикалык абалдын начарлоосу менен байланышкан өзгөчө кырдаалдын пайда болуу жана кесепеттери жөнүндө маалыматтарын, жугуштуу ооруларды алдын алуу, эпидемияларды, санитардык-профилактикалык жана эпидемиологияга каршы жана эпизоотияга каршы иш чараларга аткаруу боюнча отчетторду угууга;
- ШКСККнын отурумунда инфекция очогун, аварияларды, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иштердин жүрүшү жөнүндө маселени кароого жана анын жыйынтыгы боюнча тийиштүү чечимдерди кабыл алууга;
- эпидемиянын жол берилишине күнөөлүүлөргө карата административдик жана тартиптик жоопкерчилик чара көрүүгө.
Бишкек шаарынын мэриясынын токтому менен ШКСККнын курамы бекитилет.
ШКСКК иштөө формасы болуп, аны төрага, ал жокто анын орун басарларынын бири жетектеп алып барган отурум эсептелет.
ШКСКК отурумдары планга ылайык, өзгөчө эпидемиялык жана эпизоотиялык абалдын эске алуу менен шашылыш түрдө өткөрүлөт. ШКСКК отурумунда кечиктирилбестен кароону талап-кылган атайын ыйгарым укуктуу органдардын шашылыш түрдөгү маалыматтары кезексиз отурумдун негизи болуп болуп саналат. ШККнын отурумунда протокол жүргүзүлөт.
ШККнын чечимдери отурумда ШККнын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү болгондо, катышып жаткан мүчөлөрүнүн санынын көпчүлүк жөнөкөй добушу менен кабыл алынат жана милдеттүү төрдө аткарылуучу токтом түрүндө чыгарылат. ШКСККнын токтомдору кызыккан уюмдарга жана кызматкерлерге, ошондой эле массалык маалымат каражаттарына билдирилет.
ШСКККнын отурумдары зарылчылыкка жараша, бирок кварталда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси | Ю.Шкуропатов |