Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 2-декабры N 117
Бишкек шаарынын керектөөчүлөрү тарабынан отун-энергетикалык жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жөнүндө
Керектөөчүлөр тарабынан отун-энергетикалык жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, аларды пайдалангандыгы үчүн өз убагында акы төлөө максатында, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Бишкек шаарынын мэриясы:
- Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлдөө башкармалыгын, "Бишкекгаз" ААКсын, "Бишкекжылуулуктармак" ААКсы, Бишкек электр тармактар ишканасы, "Бишкексууканал" ӨЭБсын жылуулук жана электр энергиясын, жаратылыш газын, муздак жана ысык суунун чыгымын эсептөө приборлорун орнотуусуз объекттерди эксплуатацияга кабыл албоого милдеттендирсин;
- Бишкек шаарынын объекттер боюнча ишти аткарган, долбоордук институттарга өндүрүштүк, коомдук имараттарда, турак үйлөрдөгү (ар бир квартирада) жаңы курулуштун, реконструкциялоонун жана арналышын өзгөртүүнүн долбоордук чечимдеринде электр жабдууларын, жылуулук жабдуу, газ, ысык жана муздак суу менен жабдуу өткөрмө түтүктөрүнүн киргизилген жерине эсептөө приборлорун орнотууну сунуштасын;
- электр жана жылуулук энергиясын, жаратылыш газын, муздак жана ысык сууну керектеген менчик формасына карабастан ишканалар жана уюмдар жана жеке жактар өздөрүнүн объекттерин инженердик жабдуу системаларындагы чыгымды эсептөөчү приборлор менен жабдууга милдеттендирсин;
- Бишкекгаз ААКсына, "Бишкекжылуулуктармак" ААКсына, Бишкек электр тармактар ишканасына, "Бишкексууканал" ӨЭБсына инженердик тармактардын бардык азыркы системаларына керектөөчүлөрдүн чыгымдарын эсептөөчү приборлор менен камсыздоо боюнча чара көрүүнү, ишти этап-этап боюнча жүргүзүүнү тапшырсын.
2. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак-жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.М.Салымбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри З.И.Бекбоевге жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы | А.Э.Суракматов |