Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 2-декабры N 118
Бишкек шаарында суу менен жабдуу булактарынын булгануусун алдын алуу жана суу коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө", "Ичүүчү суу жөнүндөгү", "Айлана чөйрөнү коргоо жөнүндө" мыйзамдарына жана "Кыргыз Республикасынын Суу кодексине" ылайык, Бишкек шаарынын калкын сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн пайдаланылуучу жер астындагы суулардын булгануусун алдын ала сактап калуу максатында, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Бишкек шаарынын мэриясы:
- Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмчөлөрүнөн ("Бишкексууканал" ӨЭБсы, Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы жана Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы) башка чарбалык-ичүүчү жана өнөр-жайдык суу менен жабдуу үчүн кээ бир чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан пайдаланылуучу Бишкек шаарынын аймагындагы 30 метрден ашык тереңдиктеги сууга өзүнчө скважиналарды бургулоого тыюу салсын;
- Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна, Бишкекбашкыархитектурага, Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлдөө башкармалыгына, "Бишкексууканал" ӨЭБсына, Чүй-Бишкек-Талас аймактар аралык айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасын өнүктүрүү башкармалыгы, Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы менен бирдикте чарбалык-ичүүчү суу багытындагы Бишкек шаарынын аймагындагы болгон суу топтомо курулмаларды, санитардык коргоо зоналарынын болуусун, суу булактарынын абалын эксплуатациялоо жана баалоо мыйзамдуулугун комиссиялык инспекциялоо жүргүзүүнү тапшырсын;
- Бишкекбашкыархитектурага, Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлдөө башкармалыгына суу булактарын куруу үчүн участокторду бөлүп берүүдө жана санитардык коргоо зонасында объектилерди курууда санитардык-гигиеналык талаптарды аткарууну тапшырсын;
- Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна Чүй-Бишкек-Талас аймактар аралык айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасын өнүктүрүү башкармалыгы менен бирдикте долбоордук документтерди экспертизалоодо жана суу менен жабдуу объекттерин эксплуатациялоого киргизүүдө суу менен жабдуу булактарынын санитардык коргоо зоналарында санитардык-гигиеналык талаптарды аткаруусуна контролду күчөтүүнү тапшырсын;
- Чүй-Бишкек-Талас аймактар аралык айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасын өнүктүрүү башкармалыгы суу коргоо мыйзамдарын бузгандарга административдик таасир этүүчү катуу чара көрүүнү сунуштасын;
- "Бишкексууканал" ӨЭБсын сапаттуу ичүүчү суу менен шаардын калкын камсыздоого, ченемдик талаптарга ылайык суу топтомо курулмаларды жана суу түтүк тармактарды эксплуатациялоону иш жүзүнө ашырууга милдеттендирсин.
2. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак-жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.М.Салымбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри З.И.Бекбоевге жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы | А.Суракматов |