Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 2-декабрындагы №120
Бишкек шаарындагы баш-аламан автожуугучтарды тыюу салуу жөнүндө
Айлана чөйрөнүн экологиялык абалын, шаар көчөлөрүнүн тышкы көрүнүшүн жакшыртуу жана ичүүчү сууну санкцияланбаган керектөөдөн алдын-ала сактап калуу максатында, Бишкек шаардык кеӊеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Малекеттик кабыл алуу комиссиясынын объекттериди эксплуатацияга кабыл алуу жөнүндө актысы болбогон Бишкек шаарынын аймагындагы баш - аламан автожуугучтарда жана объекттердеги автомашиналарды жууп тазалоого тыюу салынсын.
2. Бишкек шаарынын мэриясы:
- Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларынын башчыларына, Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүү борборуна, "Бишкексууканал" ӨЭБсы, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын жол кыймыл коопсуздугу бөлүмүнү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитетинин Бишкек шаары боюнча салыктар жана жыйымдар боюнча башкармалыгына, Бишкекбашархитектурага, Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлдүү башкармалыгына Чүй-Бишкек-Талас региондор аралык айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасын өнүктүрүү башкармалыгы менен бирдикте баш-аламан автожуугучтарды табуу боюнча көчөлөрдө туруктуу комиссиялык текшерүүнү уюштурсун жана автожуугучтарды уюштуруу эрежелерин бузгандарга карата катуу чара көрсүн;
- баш-аламан автожуугучтарды жоюу боюнча иштерди уюштуруу үчүн жоопкерчилик Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларынын башчыларына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышы жөнүндө квартал сайын Бишкек шаардык кеӊешти маалымдасын.
4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеӊештин турак-жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.М.Салымбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри З.И.Бекбоевге жүктөлсүн.
Төрага | А.Э.Суракматов |