Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 2-декабрындагы №121
Бишкек шаарынын аймагында жүргүнчүлөр транспортунун кыймылын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнундө
(Бишкек шаардык кеңешинин 2010-жылдын 29-мартынын №173 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын өкмүтүнүн 2001-жылдын 8-майындагы №217 "Кыргыз Республикасында жүргүнчүлөрдү автомобилдик транспортто ташууну уюштуруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын борборунда бирдиктүү транспорт саясатын жүргүзүү жана Бишкек шаарынын аймагында жүргүнчүлөр транспортунун кыймылын тартипке келтирүү жана жөнгө салуу, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында, ошондой эле Бишкек шаарынын аймагында, тактап айтканда, ири соода түйүндүрүнө ("Дордой" базары, "Аламүдүн", "Ош" базарлары, "Кыял" фирмасы, "Шлагбаум", "Заводская" аялдамалары, темир жол бекети ж.б.) жанаша жайгашкан көчөлөрдү жол кыймылынын катышуучулары үчүн келип чыккан проблемаларга байланыштуу, Бишкек шаардык кеӊеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын аймагында шаар четине, шаар аралык жана эл аралык каттамдарындагы автобус, кичиавтобустар жана жеӊил таксомоторлор токтоочу, жөнөөчү жана келүүчү жайлары катары төмөнкү пункттар белгиленсин:
- шаар аралык жана эл аралык каттамдар үчүн - Батыш автобекети, ЖЧК "Автобекет "Ак-Жол";
- область ичиндеги байланыштагы шаар четиндеги жана шаар аралык каттамдары үчүн:
- түндүк-батыш багытынан келгендер - Батыш автобекети;
- чыгыш багытынан келгендер, түндүк-чыгыш багытынан келгендер жана түштүк-чыгыш багытынан келгендер - Чыгыш автобекети;
- батыш багытынан келгендер, түштүк багытынан келгендер жана түштүк-батыш багытынан келгендер - Батыш автобекети.
2. Төмөндөгүлөр белгиленсин:
- шаар четине, шаар аралык жана эл аралык каттамдарынын автобустары, кичиавтобустары жана жеӊил таксомоторлор автобекеттерге чейин жүрүү кыймылы төмөнкү көчөлөр боюнча белгиленсин:
- шаар аралык жана эл аралык каттамдар:
а) Айланып өтүү жолу (Обьездной), Ю. Фучик көчөсү, Жибек Жолу проспектиси боюнча;
б) Айланып өтүү жолу, Жаш Гвардия бульвары, Жибек Жолу проспектиси боюнча;
в) түндүк-батыш багытындагы жүрүү кыймылы Ю. Фучик көчөсү жана Жибек Жолу проспектиси боюнча;
д) чыгыш багытындагы каттамдардын жүрүү кыймылы Жеңиш көчөсү жана Жибек Жолу проспектиси боюнча, түндүк-чыгыш багытындагы Курманжан Датка көчөсү, Жибек Жолу проспектиси каттамдардын жүрүү кыймылы Курманжан Датка, Осмонкул көчөлөрү боюнча, жана түштүк-чыгыш багытындагылар Шабдан Баатыр, Курманжан Датка, Салиева жана Осмонкул көчөлөрү Шабдан Баатыр көчөсү, Курманжан Датка көчөсү жана Жибек Жолу проспекти боюнча;
е) батыш багытындагы каттамдардын жүрүү кыймылы айланып өтүү жолу, Махатма Ганди көчөсү жана Жибек Жолу проспектиси боюнча, түштүк багытындагы, Дэн Сяопин проспекти Интергельпо көчөсү, Москва көчөсү, Жаш Гвардия бульвары, Жибек Жолу проспекти, Дэн Сяопин проспекти, Фучик көчөсү, Жибек Жолу проспекти каттамдардын жүрүү кыймылы Кожобергенов, Бах, Л.Толстой, Жаш Гвардия көчөлөрү жана Жибек Жолу проспектиси боюнча жана түштүк-батыш багытындагылар Муромский, Гагарин, Бах, Л.Толстой, Жаш Гвардия көчөлөрү жана Жибек Жолу проспекти боюнча.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2010-жылдын 29-мартынын №173 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Төмөндөгүлөр белгиленсин:
- Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгы жана Бишкек шаарынын ИИББнын ЖККБсы Бишкек шаарынын чегиндеги шаар четине жүрүүчү каттамдардын жүрүү чиймелерин макулдашуу, бул токтомдо көрсөтүлгөн шаар көчөлөрү боюнча жүрүүнү эске алуу менен ишке ашырылат;
- Бишкек шаарынын чегинде шаар четине, шаар аралык жана эл аралык маанидеги автобустар, кичиавтобустар каттамдары жана же?ил таксомоторлор кыймыл чиймесинде көрсөтүлбөгөн жерлерде жүргүнчүлөрдү салууга жана түшүрүүгө тыюу салынат;
- Бишкек шаарынын чегинде бул токтомдо көрсөтүлбөгөн көчөлөр боюнча жүрүүсүнө шаар четине, шаар аралык жана эл аралык маанидеги жүрүүчү автобустардын, кичиавтобустардын каттамдарынын жана жеӊил таксомоторлордун жүрүүсүнө тыюу салынат.
4. Бишкек шаарынын ИИББнын ЖККБсы (Сатаров Т.С.) эки айлык мөөнөттө:
- шаар четине, шаар аралык, эл аралык маанидеги автобустардын, кичиавтобустардын каттамдарынын жана таксомоторлордун башаламан автотуруктарын жоюу боюнча жумуштарды уюштурсун жана Чыгыш жана Батыш автобекеттерине жана жогоруда көрсөтүлгөн автотоктотмого каттамдарды көчүрүү боюнча чара көрсүн;
- Бишкек шаарынын аялдама пунттарында жана көчөлөрдүн автомобилдер жүрүүчү бөлүгүндө жүк ташуучу, жеӊил автотранспорттордун башаламан токтотулушун жойсун;
- шаар четине, шаар аралык, облус аралык жана эл аралык каттамдарда жүрүүчү автобустарды, кичиавтобустардын каттамдарын жана жеӊил таксомоторлорду "Шлагбаум", "Заводская" аялдамаларынын аймагынан, Аламүдүн базарынын, Ош базарынын районундагы аялдамалардан жана көчөлөрдүн жана бул токтомдо белгиленбеген пункттардан жөнөөгө, келүүгө жана токтотууга тыюу салсын;
- Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгы жана Бишкек шаарынын ИИББнын ЖККБсы менен макулдашылбаган чийме боюнча Бишкек шаарынын аймагында шаар четине, шаар аралык, эл аралык жүргүнчү транспортторунун жүрүүсүнө тыюу салсын;
- бул токтомдун талаптарын бузган шаар четине, шаар аралык жана эл аралык каттамдарды тейлөөчү айдоочуларга административдик таасирдеги чараларды көрсүн.
5. Бул токтом белгиленген тартипте каттодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
6. Бул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеӊешинин аппарат жетекчиси Ю.С. Шкуропатовго вице-мэр З.И. Бекбоевге жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеӊештин төрагасы
|
А.Э.Суракматов |