Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 2-декабры № 126
Көчөлөрдү кайра атоо жөнүндө
Бишкек шаарынын мэриясынын топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиясынын көчөлөрдү көрүнүктүү ишмерлер Карамолдо Орозовдун жана Абдынасыр Елебесовдун атынан кайра атоо жөнүндө материалдарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндө" мыйзамына ылайык, Бишкек шаардык кеңеш токтом кылат:
1. Төмөндөгүлөр кайра аталсын:
- Средняя көчөсү Кыргыз Республикасынын эл артисти Карамолдо Орозов атындагы көчө болуп;
- Баку көчөсү көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Абдынасыр Елебесов атындагы көчө болуп.
3. Төмөндөгүлөр ыйгарылсын:
- Керемет конушунун аты коюлбаган көчөсүнө "Дыйкан" деген ат;
- курулуш шаарчасына "Э.Ф.Лунев атындагы курулуш шаарчасы" деген ат.
3. Географиялык объекттерди кайра атоо боюнча чыгымдар өтүнгөн тараптардын эсебинен жүргүзүлөт.
4. Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2003-жылдын 19-ноябрындагы № 206 "Көчөлөрдү кайра атоо жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет органдарына жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин шааркурулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Дашков В.А.) жана Бишкек шаарынын вице мэри А.В.Филатовго жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы | А.Э.Суракматов
|