Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 2-декабрындагы №128
Бишкек шаарынын туштук зонасынын деталдуу пландоосунун долбоорун бекитуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-ноябрындагы №805 "2025-жылга чейинки мөөнөткө чейинки мезгилде Бишкек шаарынын Башкы планы жөнүндө" токтому менен бекитилген Бишкек шаарынын Башкы планына ылайык Бишкек шаарын шааркурулушун өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу максатында, Бишкек шаардык кеӊеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын түштүк зонасынын деталдуу пландоо долбоору (мындан ары-ДПД) бекитилсин (тиркелет).
2. Бишкек шаарынын мэриясы:
- Бишкек шаарынын түштүк зонасынын инженердик инфраструктурасын камсыздоо боюнча чара көрсүн;
-Бишкек шаарынын мэриясынын жер участокторду пайдалануу укугун берүү жөнүндө Бишкек шаарынын токтомун Бишкек шаарынын мэринин гана кол коюусу менен жол-жоболоштурсун;
- Бишкек шаарынын бардык пландоо райондорунун ДПДларын иштеп чыгуу графигин түзсүн жана Бишкек шаардык кеӊешке макулдашууга берсин.
3. Бишкекбашкыархитектура:
- Бишкек шаарынын түштүк зонасынын азыркы турган курулушун бекитилген ДПДга ылайык келтирүү боюнча сунуш берсин;
- Бишкек шаарынын түштүк зонасынын бекитилген ДПДсына ылайык келбеген объекттерди курууга мурда долбоорлоо документтерине берилген макулдашууларды белгиленген тартипте карап чыксын;
- Бишкек шаарынын түштүк зонасынын бекитилген ДПДсына ылайык Бишкек шаарынын түштүк зонасынын ДПДсын бекиткенге чейин жер участокторун пайдалануу укугун алган жер участоктордун ээлери менен мындан ары объекттерди долбоорлоо жана куруу маселелери боюнча иш жүргүзсүн.
4. Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы жана Бишкекбашкыархитектура Бишкек шаарынын түштүк зонасын куруу үчүн ар кандай багыттагы объекттерди долбоорлоо жана куруу үчүн бош жер участокторун пайдалануу укуктарын берүү боюнча материалдарды бекитилген ДПДга ылайык курулуштун бир тобуна жана соодалоодо түз сатуу жолу менен гана так түзсүн.
5. Депутаттардын Бишкек шаардык кеӊешинин 2007-жылдын 1-февралындагы №296 "Бишкек шаарынын түштүк зонасынын деталдуу пландоосунун долбоорун бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Адилет министрлигине жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеӊештин шааркурулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (В. А. Дашков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А.В.Филатовго жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеӊештин төрагасы |
А.Э.Суракматов
|