Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 29-сентябрындагы №92
Бишкек шаарынын Ленин районунун кесиптик лицейлеринин базасында профилдик окутуу боюнча жалпы билим беруу мектептеринин 10 класстарынын базасында топторду ачуу жонундо (пилоттук долбоор)
Бишкек шаарынын Ленин районунун кесиптик лицейлеринин базасында профилдик окутуу боюнча жалпы билим берүү мектептеринин 10-класстарынын базасында топторду ачуу боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын материалдарын карап жана талдап чыгып, ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин билим берүү, маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алып, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Профилдик окутуу жөнүндө Жобо бекитилсин (№1 тиркеме).
2. Бишкек шаарынын мэриясы:
- жогоруда аталган жобону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте каттоодон өткөрсүн;
- 2010-жылдын бюджеттинин чыгаша бөлүгүнүн 2032,5 миң сом суммадагы акча каражаты каралсын (№ 2 тиркеме).
3.Бишкек шаардык кеңештин билим берүү, маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча туруктуу комиссиясы (Кадыров Б.С.) 2010-жылдын жыйынтыктары боюнча бул пилоттук долбоордун ишке ашырылышына анализ жүргүзсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары В.М. Лисниченкого жана Бишкек шаарынын вице-мэри Э.С.Иманалиевага жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңештин төрагасы
| А.Суракматов
|