Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 29-сентябры № 93
Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2008-жылдын 10-июлундагы № 459 "Бишкек шаарында суу менен камсыздоо жана суу бөлүштүрүү (канализация) боюнча кызматтарга тарифтерди бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Суу менен камсыздоо жана суу бөлүштүрүү (канализация) шаардык системаны ишенимдүү эксплуатациялоо, Бишкек шаарынын керектөөчүлөрүн белгиленген стандартка ылайык келүүчү сапаттуу ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш токтом кылат:
1. Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2008-жылдын 10-июнундагы № 459 "Бишкек шаарында суу менен камсыздоо жана суу бөлүштүрүү (канализация) боюнча кызматтарга тарифтерди бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"тиркемеге ылайык, Бишкек шаарында суу менен камсыздоо жана суу бөлүштүрүү (канализация) боюнча кызматтарга тарифтер 2010-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөткө бекитилсин".
2. Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 30-мартындагы № 55 "Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2008-жылдын 10-июнундагы № 459 "Бишкек шаарында суу менен камсыздоо жана суу бөлүштүрүү (канализация) боюнча кызматтарга тарифтерди бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын вице-мэри 3.И.Бекбоевге жүктөлсүн.
Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Суракматов |