Сравнение редакций…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТАТТАРДЫН ОШ ШААРДЫК КЕНЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XVII СЕССИЯСЫ
(II чакырылышы)
2010-жылдын 20-январындагы №145
Ош шаарынын пенсионерлерин, ден соолугунун мүмкүнчүлүктѳрү чектелүү адамдарын жана аз камсыз болгон жарандарын социалдык колдоо жѳнүндѳ
Ош шаардык мэриясынын 2009-жылдын 17-декабрындагы №447-02-07 катын карап чыгып, Ош шаарынын пенсионерлерин, ден соолугунун мүмкүнчүлүкѳрү чектелүү адамдарын жана аз камсыз болгон жарандарын социалдык жактан даректүү коргоону жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын "Ош шаарынын статусу жѳнүндѳгү", "Улуу Ата - Мекендик согуштун, Куралдуу күчтѳрдүн жана ооруктун ардагерлери жѳнүндѳгү", Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жѳлѳк пулдар жѳнүндѳгү" мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2009- жылдын 22-декабрындагы №795-"Жеӊилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация тѳлѳѳ жѳнүндѳгү" токтомун жетекчиликке алып, депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ош шаарынын пенсионерлерин, ден соолугунун мүмкүнчүлүктѳрү чектелүү адамдарын жана аз камсыз болгон жарандарын социалдык жактан колдоо жѳнүндѳ Жобо бекитилсин ( №1-тиркеме).
2. Ош шаардык мэриясына (М.Ж.Мырзакматов):
- шаардык мэрия тарабынан мурда кабыл алынган нормативдик-укуктук актыларды бир айлык мѳѳнѳт ичинде ушул токтомго ылайыкташтыруу;
- бул токтомдун аткарылышы боюнча депутаттардын Ош шаардык Кеӊешине ар жарым жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат берип туруу тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин социалдык-маданий ѳнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча жана бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссияларына (А.Токтомаматов, У.Примов) жүктѳлсүн
Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин търагасы | Д.Алимбеков |
| Депутаттардын Ош шаардык Кенешинин 2010-жылдын 20-январындагы кезексиз XVII сессиясынын 145-токтомуна №1-тиркеме |
Ош шаарынын пенсионерлерин, ден соолугунун мүмкүнчүлүктѳрү чектелүү адамдарын жана аз камсыз болгон жарандарын социалдык жактан колдоо жѳнүндѳ Жобо
1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын "Ош шаарынын статусу жѳнүндѳ", "Ден соолугу жагынан мүнкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери жѳнүндѳ", "Улуу Ата - Мекендик согуштун, Куралдуу күчтѳрдүн жана ооруктун ардагерлери жѳнүндѳгү", "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жѳлѳк пулдар жѳнүндѳгү" мыйзамдарынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2009-жылдын 22- декабрындагы №795-"Жеӊилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация тѳлѳѳ жѳнүндѳгү" токтомунуна ылайык иштелип чыккан.
1.2. Бул Жобо Ош шаарынын пенсионерлерине, ден соолугунун мүмкүнчүлүктѳру чектелүү адамдарына жана аз камсыз болгон жарандарга социалдык жактан жардам кѳрсѳтүүнүн тартибин аныктайт.
1.3.Пенсионерлерге, ден соолугунун мүмкүнчүлүктѳрү чектелүү адамдарга жана аз камсыз болгон жарандарга социалдык жардамдарды кѳрсѳтүү Ош шаардык социалдык жактан коргоо башкармалыгы аркылуу, Ош шаарында туруктуу каттоосу бар жарандарга, жергиликтүү бюджеттин эсебинен "социалдык гарантиялар" бѳлүгү боюнча ишке ашырылат.
1.4. Социалдык жардамды кѳрсѳтүү накталай жана накталай эмес эсептешүү жолдору менен жүргүзүлѳт.
1.1.2000 сом ѳлчѳмүндѳ акчалай компенсация тѳмѳндѳгүлѳр каза болгондо, сѳѳк коюу үчүн:
" Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары.
эселенген ѳлчѳмүндѳ жѳлѳк пул, тѳмѳндѳгүлѳр каза болгондо сѳѳк коюу үчүн:
" Социалдык жѳлѳк пул алуучулар;
" Ош шаарынын иштебеген жарандары.
2.3. үч жылда бир жолу, пенсиясынын ѳлчѳмү 3000 сомдон ашпаган аз камсыз болгон пенсионерлерге, майыптыктын себептерине карабастан 1-2- топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктѳрү чектелүү адамдарга (Улуу Ата Мекендик согуштун, ЧАЭС кырсыгынын, Ооган согушунун майыптарынан сырткары) кымбат баалуу эмес металлдардан тиш протезин салуу үчүн 1 ден 15 ке чейинки эсептик кѳрсѳткүч ѳлчѳмүндѳ социалдык жардам.
2.4. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктѳрү чектелүү адамдарды дары - дармек каражатты менен камсыздоо.
2.5. Ош шаарыны мэринин ай сайын берилүүчү стипендиясы
2.6. Бир жолку берилүүчү материалдык жардам
2.7.Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынын жеке турак-жайларын оӊдоого акчалай компенсация
3.1. Акчалай компенсация каза болгондордун үй- бүлѳѳ мүчѳлѳрүнѳ, андайлары жок учурда маркумду акыркы сапарга узатууну ишке ашырган, социалдык кепилдиктерге укугу бар адамдардын кѳзү ѳткѳндѳн кийин алты айдын ичинде кайрылган адамдарга социалдык жактан коргоо башкармалыгы тарабынан дайындалат. Компенсация алуу үчүн Ош шаардык социалдык жактан коргоо башкармалыгына каза болгондугу тууралуу маалыматтан кѳчүрмѳ, № 8-формада каза болгондугу жѳнүндѳ маалым кат, жашаган жерден тактама, социалдык кепилдиктерге укуктуу күбѳлүгүнүн кѳчүрмѳсү кѳрсѳтүлѳт.
3.2. Акчалай компенсацияны тѳлѳѳ байланыш бѳлүмү аркылуу жүргүзүлѳт, компенсацияларды тѳлѳѳ боюнча кызмат кѳрсѳткѳндүгү үчүн "Кыргыз почтасынын" кызмат акы жергиликтүү бюджеттин эсебинен тѳлѳнүп берилген сумманын 2,6 % түзѳт. Социалдык жактан коргоо башкармалыгы менен "Кыргыз почтасы" ишканасынын ортосунда тѳлѳмдѳрдү жүргүзүү боюнча келишим түзүлѳт.
3.3.Тиш протезин койдуруу үчүн социалдык жардам, үч жылда бир жолу арыздын, паспорттун, наряддын, ошондой эле жашаган жери жана пенсия ѳлчѳмү жѳнүндѳ маалымкаттардын негизинде берилет. Тѳлѳѳ ар бир тиш протезин койдуруучунун наряддары жана салыштыруу актыларынынын негизинде накталай эмес эсептешүү жолу менен Ош шаардык социалдык жактан коргоо башкармалыгы менен келишим түзгѳн стаматологиялык поликлиникалар менен жүргүзүлѳт.
3.4. Дары-дармек каражаттары менен, МСЭК комиссиясынын бүтүмү жана врачтын рецептинин негизинде, жергиликтүү бюджеттин эсебинен бѳлүнгѳн финансы каражаттарынын чегинде тѳмѳнкү категориядагы адамдар камсыздандырылат:
"Майыптыгынын себебине карабастан, пенсиясынын ѳлчѳмү 3000 сомдон ашпаган, 1-2-топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктѳрү чектелүү адамдар (Улуу Ата Мекендик согуштун, ЧАЭС кырсыгынын, Ооган согушунун майыптарынан сырткары);
"18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүктѳрү чектелүү балдар;
Социалдык гарантияларга укугу бар бир адамга, медициналык кѳрсѳтүүлѳр бар учурда, медициналык препараттарды берүү лимити 4 эсептик кѳрсѳткүч ѳлчѳмүндѳ белгиленет. Фармацевтикалык мекемелер менен келишимдерди Ош шаардык социалдык жактан коргоо башкармалыгы түзѳт. Фармацевтикалык мекемелердин чыгымдарын тѳлѳѳ, салыштыруу актылары, дары - дармек алгандардын тизмеси кѳрсѳтүлгѳндѳн кийин Ош шаардык социалдык жактан коргоо башкармалыгы тарабынан жүргүзүлѳт. Тизмелер медикаменттердин берилгендигин тастыктаган документтердин негизинде түзүлѳт. Социалдык гарантияларга укугу бар категориядагы жарандарга дары-дармек каражаттарын дайындоого кѳзѳмѳлдүк кылуу Ош шаардык үй-бүлѳѳлүк медицина борборлорунун жетекчилерине жүктѳлѳт. Дары-дармек каражаттарынын рецептерин жазууга болгон жоопкерчилик үй-бүлѳѳлүк медицина борборлорунун дарыгерлерине жүктѳлѳт.
3.5.Ош шаардык мэриясынын ай сайын берилүүчү 200 сом ѳлчѳмүндѳгү стипендиясы Ош шаардык социалдык жактан коргоо башкармалыгынын Ош шаардык мэриясы тарабынан бекитилген тизмесине ылайык тѳмѳнкүлѳргѳ дайындалат:
"аз камсыз болгон үй-бүлѳѳлѳргѳ, аз камсыз болгон жалгыз бой пенсионерлерге жана майыптыгынын себебине карабастан, ден соолугунун мүмкүнчүлүктѳрү чектелүү адамдарга (Улуу Ата Мекендик согуштун, ЧАЭС кырсыгынын, Ооган согушунун майыптарынын сырткары) социалдык паспорттун жана муктаждык деӊгээлин тастыктоочу документтердин негизинде;
"окутуунун күндүзгү формасында окуп жаткан томолой жетимдерге (атайын орто, жогорку окуу жайларынын студенттерине) атайын орто жана жогорку окуу жайлардын жетекчилери тарабынан ай сайын түзүлүүчү тизменин жана тастыктоочу документтердин: ата - энесинин каза болгондугу жѳнүндѳ күбѳлүк, опекундук туурасында чечиминин негизинде.
3.6. Бир жолку материалдык жардам беш эсептик кѳрсѳткүч ѳлчѳмүндѳ тѳмѳнкүлѳргѳ кѳрсѳтүлѳт:
"курч муктаж болгондорго жана аз камсыз болгон жарандарга;
"эки жана андан ашык 1-2- топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктѳрү чектелүү адамдардан турган үй-бүлѳѳлѳргѳ (Улуу Ата Мекендик согуштун, ЧАЭС кырсыгынын, Ооган согушунун майыптарынан сырткары);
"үч эм бала тѳрѳлгѳн үй-бүлѳѳлѳргѳ 15 миӊ сом ѳлчѳмүндѳ, эгерде, мындай үй-бүлѳѳлүү балдар тѳрѳлгѳндѳн кийин алты айлык мѳѳнѳттѳн кечикпей кайрылган болсо.
3.7. Бир жолку материалдык жардам Ош шаарында туруктуу каттоосу бар жарандарга Ош шаардык социалдык жактан коргоо башкармалыгы аркылуу Ош шаарынын мэринин буйругунун, ошондой эле арыз менен кайрылуучунун турак - жай тиричилик шарттарын изилдѳѳ актысынын жана муктаждык деӊгээлин тастыктоочу документтеринин - паспорттор, уй-бүлѳѳ курамы, кирешелери, окугандыгы жѳнүндѳгү маалымкаттардын, ошондой эле операция болгондугун, даарыланганын, кымбат баалуу дары - дармектерди сатып алгандыгын, коммуналдык кызмат, газ, электр, жылуулук менен камсыздоолор боюнча акы тѳлѳѳлѳргѳ карыздар экендигин тастыктоочу документтердин негизинде кѳрсѳтүлѳт.
3.8. Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынын жеке турак-жайларын капиталдык ремонттоо үчүн 10,0 миӊ сом ѳлчѳмүндѳ акчалай тѳлѳм жергиликүү бюджеттин эсебинен, Ош шаардык социалдык жактан коргоо башкармалыгы тарабынан дайындалат. Акчалай тѳлѳмдү алуу үчүн Улуу Ата Мекендик согуштун майыбы арыз менен шаардык социалдык жактан коргоо башкармалыгына кайрылышы зарыл. Андан кийин, Ош шаардык социалдык жактан коргоо башкармалыгы, Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын адистери менен биргеликте арыз ээсинин турак-жайын текшерүү боюнча акт түзүлүп, тыянак даярдалат. Акчалай компенсацияны тѳлѳѳ "Кыргыз почтасынын" байланыш бѳлүмдѳрү аркылуу жүргүзүлѳт, "Кыргыз почтасынын" кызмат акысы жергиликтүү бюджеттин эсебинен тѳлѳнүп берилген сумманын 2,6 % түзѳт.
3.9. Ѳзгѳчѳ учурларда материалдык жардамдын кошумча түрлѳрү жана ѳлчѳмү Ош шаарынын мэри тарабынан белгиленет.
Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин аппарат жетекчиси |
З.Сасыкбаев
|
Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 20-июнундагы № 142 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ