Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТАТТАРДЫН ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XVII СЕССИЯСЫ
(II чакырылышы)
2010-жылдын 20-январындагы №146
Ош шаарындагы аймактык Кеӊештердин жана аксакалдар сотторунун аткарып жаткан иштери жѳнүндѳ
Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин 2009-жылга бекитилген иш планына ылайык депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин тѳрагасынын 2009-жылдын 9-декабрь №31-буйругунун негизинде түзүлгѳн жумушчу топтун тѳрагасынын, шаардык Кеӊештин жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыштар, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын тѳрагасы А.Р. Иминовдун, Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси А.Казиевдин аймактык Кеӊештердин жана аксакалдар сотторунун аткарып жаткан иштери жѳнүндѳгү билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, сессияда чыгып сүйлѳгѳн депутаттардын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыштар, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын тѳрагасы А.Иминовдун жана Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси А.Казиевдин аймактык Кеӊештердин жана аксакалдар сотторунун аткарып жаткан иштери жѳнүндѳгү билдирүүлѳрү эске алынсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов):
- Ош шаарындагы ар бир аймактык Кеӊештердин түзүмдѳрүнүн курамына, бирден жетектѳѳчү адис штаттык бирдигин ачуу;
- аймактык Кеӊештердин аялдар комитеттери жана жаштар уюмдары менен тыгыз иш алып баруусун, үй-бүлѳѳлүк медицина борборлору менен биргеликте калктын саламаттыгын чыӊдоо максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсүн, ѳз аймактарында инвестицияларды тартуу боюнча иш алып баруусун камсыз кылуу тапшырылсын жана аксакалдар сотторунун тѳрагаларына ай сайын берилип жаткан акча каражаттарынын ѳлчѳмүн кѳбѳйтүүнү карап чыгуу сунушталсын.
Ушул токтомдун аткарылышы боюнча депутаттардын Ош шаардык Кеӊешине жазуу жүзүндѳ маалымат берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Иминов) жүктѳлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин тѳрагасы: | Д.Алимбеков
|