Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ДЕПУТАТТАРДЫН ОШ ШААРДЫК КЕНЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XVII СЕССИЯСЫ
(II чакырылышы)
2010-жылдын 20-январындагы №147
Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин 2008-жылдын 16-декабрындагы кезектеги VIII сессиясында кабыл алынган "Мамлекеттик тил мыйзамын ишке ашыруу багытында Ош шаардык мэриясынын алдындагы мамлекеттик тил комиссиясынын жүргүзүп жаткан иштери жѳнүндѳ" №68-токтомунун аткарылышы жѳнүндѳ
Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин социалдык-маданий ѳнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын мүчѳсү А.Аттокуровдун, Ош шаардык мэриясынын мамлекеттик тил боюнча жетектѳѳчү адиси Маматкерим кызы Эркайымдын депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин 2008-жылдын 16-декабрындагы кезектеги VIII сессиясында кабыл алынган "Мамлекеттик тил мыйзамын ишке ашыруу багытында Ош шаардык мэриясынын алдындагы мамлекеттик тил комиссиясынын жүргүзүп жаткан иштери жѳнүндѳ" №68-токтомунун аткарылышы жѳнүндѳ маалыматтарын угуп жана талкуулап, ошондой эле сессиянын жүрүшүндѳ депутаттар тарабынан айтылган ой-пикирлерди эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин социалдык-маданий ѳнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын мүчѳсү А.Аттокуровдун, Ош шаардык мэриясынын мамлекеттик тил боюнча жетектѳѳчү адиси Маматкерим кызы Эркайымдын депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин 2008-жылдын 16-декабрындагы кезектеги VIII сессиясында кабыл алынган "Мамлекеттик тил мыйзамын ишке ашыруу багытында Ош шаардык мэриясынын алдындагы мамлекеттик тил комиссиясынын жүргүзүп жаткан иштери жѳнүндѳ" №68-токтомунун аткарылышы жѳнүндѳ маалыматтары эске алынсын.
2. Ош шаардык мэриясынын алдындагы мамлекеттик тил комиссиясында (А.Аланов), Ош шаарынын жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккѳ болгон укуктарды каттоо башкармалыгында (А.Осмонов), Ош шаардык телефон байланышы тармагында (А.Туголбаев), атайын адистешкен муниципалдык ишканада (Ж.Маматов) депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин 2008-жылдын 16-декабрындагы "Мамлекеттик тил мыйзамын ишке ашыруу багытында Ош шаардык мэриясынын алдындагы мамлекеттик тил комиссиясынын жүргүзүп жаткан иштери жѳнүндѳ" №68-токтомунун аткарылышы боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жаткандыгы;
- Ош шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгында (А.Абдыкаров) жогоруда аталган токтомду аткаруу боюнча тиешелүү чаралар кѳрүлбѳгѳндүгү белгиленсин жана аталган башкармалыктын жетекчилигине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жѳнүндѳгү мыйзамын аткаруу боюнча тиешелүү иш алып баруу милдеттендирилсин. Аткарылган иштердин жыйынтыгы жѳнүндѳ 2010-жылдын I кварталынын аягында депутаттардын Ош шаардык Кеӊешине жазуу түрүндѳ маалымат берилсин.
3. Ош шаардык мэриясына (М.Мырзакматов):
- депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин 2008-жылдын 16-декабрындагы "Мамлекеттик тил мыйзамын ишке ашыруу багытында Ош шаардык мэриясынын алдындагы мамлекеттик тил комиссиясынын жүргүзүп жаткан иштери жѳнүндѳ" №68-токтому шаардын мекеме-ишканалары тарабынан ишке ашырылышын кѳзѳмѳлдѳѳ;
- мэриянын мамлекеттик тил боюнча иш алып барган адисинин иш ѳзгѳчѳлүгүн эске алып, ага ѳзүнчѳ бѳлмѳ бѳлүү, мэрияда иштеген адистер үчүн иш кагаздарын мамлекеттик тилде жазуу боюнча усулдук окууларды уюштуруу;
- Ош шаарына караштуу мекеме-ишканалардын жетекчилерин кызматка дайындоо учурунда алардын мамлекеттик тилди жана мамлекеттик тил жѳнүндѳгү Кыргыз Республикасынын мыйзамын канчалык деӊгээлде биле тургандыгын эске алуу сунушталсын.
4. Ош шаарынын мэриясынын алдындагы мамлекеттик тил комиссиясына (А.Аланов):
- муниципалдык менчик башкармалыгынын кѳрнѳк-жарнак жана дизайн бѳлүмү менен биргеликте текшеүү жүрүштѳрдү жүргүзүү жана шаардагы кѳрнѳк-жарнактардын, аталыштардын, ураан-чакырыктардын жазылышын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил мыйзамына ылайык келтирүү боюнча такай иш алып баруу;
- жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жѳнүндѳгү мыйзамынын талабына ылайык иш алып барууларын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин социалдык-маданий ѳнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Токтомаматов) тапшырылсын.
Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин търагасы |
Д.Алимбеков |