Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТАТТАРДЫН ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XVII СЕССИЯСЫ
(II чакырылышы)
2010-жылдын 20-январындагы №148
Ош шаарынын Жапалак аймактык башкаруусунун айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча Жобосун бекитүү жѳнүндѳ
Ош шаарынын мэриясынын 2009-жылдын 3-декабрындагы № 07-10-111- Ош шаарынын Жапалак аймактык башкаруусунун айыл чарба багытындагы кайра бѳлуштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү жѳнүндѳгү Жобосун сессияда бекитип берүү тууралу катын карап жана талкуулап, депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2009-жылдын 8-декабрындагы №23-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлѳгѳн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын Жапалак аймактык башкаруусунун айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү жѳнүндѳгү Жобосу бекитилсин (тиркеме №1).
2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов) жана депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д.Абдуллаев) жүктѳлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин тѳрагасы |
Д.Алимбеков |
| Депутаттардын Ош шаардык Кенешинин 2010-жылдын 20-январындагы кезексиз XVII сессиясынын № 148- токтомуна №1-тиркеме
|
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүү фондунун жерлерин ижарага берүү ЖОБОСУ
1.Бул жобо Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2007-жылдын 29-июнундагы № 1997-III токтому менен бекитилген "Айыл чарба жерлерин кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу" Типтүү жобосуна ылайык иштелип чыккан, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү, башкаруу боюнча укук мамилелерин жѳнгѳ салат жана аларды берүү тартибин жана шарттарын аныктайт.
- Айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлерин ижаралоо - шаардык кеӊештин аткаруу органы тарабынан жер участогун ижарачыга айыл чарба максатында пайдалануу укугу менен белгилүү бир акыга мѳѳнѳткѳ берүү;
- ижарачы - Айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунан жер участкасын ижарага берүүчүдѳн белгиленген тартипте ижарага алган Кыргыз Республикасынын жеке же юридикалык жагы;
- тоорук (аукцион) - тооруктун түрү, мында эӊ чоӊ суммадагы ижара акысын сунуштаган катышуучу жеӊүүчү деп таанылат;
- экинчи жеӊүүчү - аукциондо экинчи чоӊ ѳлчѳмдѳгү ижара акысын, ал эми сынакта (конкурс) сынактын (конкурс) жеӊүүчүсүнѳн кийинки эӊ жакшы шарттарды сунуштаган катышуучу;
- арыз ээси (талапкер) - тоорукка катышуу каалоосун билдирген юридикалык жана жеке жак;
- жер-пландоо зонасы - Айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун жер участкаларын башкаруунун жана берүүнүн бирдиктүү ыкмасы белгиленген аймак (жана тиешелүү түрдѳ анда жайгашкан Айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун бардык жер участкалары);
- чет элдик жактар - Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык ушундай деп таанылган жеке жана юридикалык жактар;
- сынак (конкурс) - тооруктун түрү, мында сынак (конкурс) комиссиянын корутундусуна ылайык эӊ жакшы шарттарды сунуш кылган катышуучу жеӊүүчү деп таанылат;
- лот - пайдалануу укугу тоорукка коюлуп жаткан жер участогу;
- аз камсыз болгон үй-бүлѳлѳр жана жарандар - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилген жакыр үй-бүлѳлѳрдүн жана жарандардын социалдык паспорту бар үй-бүлѳсүнѳн жан башына жыйынды кирешеси керектѳѳнүн гарантияланган минималдык деӊгээлинен (КГМД) ашпаган үй-бүлѳлѳр жана жарандар;
- талап болбогон жер участкалары - бул айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун суроо-талапка ээ эмес жерлери;
- тоорукту (аукцион) уюштуруучу - шаардык кеӊештин аткаруу органы (шаардык мэрия);
- Айыл чарба жерлерин кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануунун келечек планы (мындан ары - Келечек план) - жергиликтүү калктын таламдарын максимум эске алуу менен айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлерин экономикалык жактан максаттуу, сарамжалдуу, натыйжалуу пайдалануунун узак мѳѳнѳттүү жана кыска мѳѳнѳттүү келечегин аныктоочу план;
- түз берүү - айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлерин жеке жана юридикалык жактарга тоорук ѳткѳрбѳстѳн, түз сүйлѳшүүлѳр жолу менен берүү ыкмасы;
- социалдык багыттагы субъектилер - жергиликтүү жана республикалык бюджеттердин эсебинен каржылануучу, иш аракеттери саламаттык сактоого, айыл калкын иш менен камсыздоого, билим берүүгѳ, тарбиялоого (ооруканалар, мектептер ж.б.), социалдык камсыздоого, жарандардын коомдук талаптарын канааттандырууга багытталган уюмдар;
- соодалоо (торги) - айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүнүн тооруктук (аукцион), сынактык (конкурс) түрү;
- катышуучу - тооруктарга катышуу үчүн белгиленген тартипте катталган жеке же юридикалык жак;
- Айыл чарба багытындагы жерлерин кайра бѳлүштүрүү фонду - мамлекеттик менчикте турган жана айыл чарба багытындагы жерлерден түзүлгѳн (жайытты кошпогондо) жер участкалары.
3. Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлерин башкарууну бул жобого ылайык жүргүзүшѳт.
4. Айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлери милдеттүү түрдѳ жерди натыйжалуу пайдалануу жана бардык агротехникалык талаптарды сактоо шартында кыска мѳѳнѳттүү ижарага 5тен 7 жылга чейинки мѳѳнѳткѳ, орто мѳѳнѳттүү ижарага - 10 жылга чейин жана узак мѳѳнѳттүү ижарага 50 жылга чейин берилет.
Фонддун сугат айдоо жер участкалары кыска мѳѳнѳттүү гана ижарага берилет.
5. Келечек планда калктуу конуштардын жерлерин кеӊейтүү үчүн аныкталган айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлери кыска мѳѳнѳттүү гана ижарага берилет.
6. Шаардык кеӊештин аймагында жеке жана юридикалык жактарга ижарага берилүүчү айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун жер участкаларынын ижарасынын так мѳѳнѳттѳрү жана ѳлчѳмдѳрү шаардык кеӊеш тарабынан белгиленет.
7. Чет элдик жактарга айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлери берилбейт.
8. Ижарага берүүчү ижарачынын макулдугу менен келишимде ижара акысынын ѳлчѳмүн ѳзгѳртүү шартын карай алат, бирок бир жылда бир жолудан кѳп эмес.
9. Жер комиссиясынын чечимине макул болбогон учурда тооруктун (аукцион) же сынактын (конкурс) катышуучусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте сот органдарына кайрыла алат.
10. Айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлерин башкаруу Келечек планды иштеп чыгуу аркылуу ишке ашырылат.
11. Келечек план графикалык жана тексттик бѳлүктѳрдѳн турат.
12. Келечек пландын тексттик бѳлүгү Келечек планды түзүп жаткан учурга карата айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануунун абалы тууралуу маалыматты камтыйт, атап айтканда:
- Айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлеринин жалпы саны жѳнүндѳ (жер участкаларынын саны, алардын аянты, жерлердин түрлѳрү);
- пайдаланылып жаткан жер участкалары жѳнүндѳ (жер пайдалануучуларды, жердин түрлѳрүн жана алардын жер участкаларынын ѳлчѳмдѳрүн, пайдалануу мѳѳнѳттѳрүн, ижара акысынын ѳлчѳмүн кѳрсѳтүү менен);
- пайдаланылбай жаткан жер участкалары жѳнүндѳ (жерлердин түрлѳрү боюнча пайдаланылбай келген себептерин мѳѳнѳттѳрүн кѳрсѳтүү менен);
- калктуу конуштарды кеӊейтүү ч?н резервге коюлган жер участкалары.
Айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануу тууралуу маалыматтын негизинде тѳмѳнкү иш-чаралар жүргүзүлѳт:
- айыл чарба ѳндүрүүчүлѳрүнүн тоорук (аукцион же конкурс) аркылуу жер участкаларын алуу керектѳѳлѳрүн, мүмкүнчүлүктѳрүн аныктоо;
- Айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлерин түз берүү аркылуу берүү үчүн жер пайдалануучулардын айрым категорияларынын: аз камсыз болгон үй-бүлѳлѳрдүн жана жарандардын, социалдык багыттагы субъекттердин, мамлекеттик асыл тукум чарбалардын, үрүнчүлүк чарбалардын, тажрыйба-селекциялык жана эксперименттик чарбалардын керектѳѳлѳрүн аныктоо;
- калктуу конуштарды келечекте ѳнүктүрү үчүн Фонддун жерлерин шарттуу аныктоо.
13. Бул жобонун 12-пунктунда кѳрсѳтүлгѳн иш-чараларды ѳткѳргѳндѳн кийин Айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлери тѳмѳнкү жер-пландоо зоналарына бѳлүнѳт:
- тоорук (аукцион) аркылуу берилүүчү экономикалык жактан кызыктырган жерлердин зонасы;
- сынак (конкурс) аркылуу берилүүчү инвестицияларды талап кылуучу жерлердин зонасы;
- талап болбогон жерлердин зонасы.
14. Жер-пландоо зоналарынын чегинде мамлекеттик үрүнчүлүк, асыл тукум чарбаларына жана шаардык кеӊеш тарабынан аныкталуучу башка субъекттерге түз берүү жолу менен талап болбогон жерлерден ижарага берилүүчү жерлер да аныкталышы мүмкүн.
15. Шаардык кеӊеш Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын аймагындагы социалдык багыттагы субъекттерге жана жакыр үй-бүлѳлѳргѳ жана жарандарга Келечек пландын жер-пландоо аймактарына ылайык экономикалык жактан кызыктырган жерлердин аймагынан түз берүү аркылуу айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун жер участокторун бергенге укуктуу.
Мында бериле турган жерлердин жалпы аянты айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлеринин бардык жеринин 20 пайызынан ашпашы керек.
16. Келечек пландын графикалык бѳлүгү картографиялык материал түрүндѳ жер-пландоо зоналарын кѳрсѳтүү менен түзүлѳт.
17. Айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануунун келечек планы шаардык мэрия тарабынан Кыргыз Республикасынын ѳкмѳтүнѳ караштуу Кыймылсыз мүлккѳ болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү ѳнѳр жай министрлигинин жергиликтүү органдарынын адистерин тартуу менен иштелип чыгат жана шаардык кеӊеш тарабынан бекитилет.
18. Шаардык кеӊеш кароого киргизилген Келечек план менен макул болбогон учурда шаардык кеӊеш аны толуктап иштеп чыгууга жиберүүгѳ же ага ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү менен бекитүүгѳ укуктуу.
Келечек план шаардык кеӊеш тарабынан бекитилгенден кийин айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун жер участкаларын берүү бул жобонун 53, 60-бабында (пункт) каралгандан башка учурларда, бул документ менен аныкталган укук режимине так ылайыкта жүргүзүлѳт.
19. Шаардык кеӊеш жыл сайын шаардык мэриянын Келечек планды аткаруу, Айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлери үчүн ижара акыдан каражаттардын түшүүсү жана пайдаланылышы тууралуу отчетун угат.
20. Айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлери ижарага соодалоо (торги) аркылуу жана түз берүү аркылуу берилет.
21. Соодалоо (торги) тоорук (аукцион) же сынак (конкурс) түрүндѳ ѳткѳрүлѳт.
22. Айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү максатында шаардык мэрия 7 кишиден кем эмес Жер комиссиясын түзѳт, анын курамына 3 кишиден кем эмес шаардык кеӊештин депутаттары кирет:
- шаардын мэри Комиссиянын курамына кызматы боюнча кирет;
- жер комиссиянын курамына ошондой эле Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын
башчысы, айыл башчылары, коомчулуктун жана коомдук уюмдардын ѳкүлдѳрү киргизилиши мүмкүн.
Жер комиссиясынын катчысы шаардык мэрия тарабынан дайындалат.
Агрардык ѳнүктүрүү башкармалыгынын ѳкүлү Жер комиссиясынын отурумдарына байкоочу катары катышууга укуктуу.
23. Жер комиссиясынын курамы жана иш регламенти шаардык кеӊеш тарабынан бекитилет.
24. Жер комиссиясы:
- лотторду түзѳт;
- ижара акысынын баштапкы же болбосо туруктуу ѳлчѳмүн белгилейт;
- сынактын (конкурс) шарттарын аныктайт;
- кепилдик тѳлѳмдүн ѳлчѳмүн белгилейт;
- лоттордун чек араларын аныктайт;
- ар бир лот боюнча баштапкы ижара акысынын ѳлчѳмүн белгилейт;
- ар бир лот боюнча ижара мѳѳнѳтүн аныктайт;
- ар бир лот боюнча тооруктун (аукцион) "арымынын" ѳлчѳмүн белгилейт;
- ижара акысын тѳлѳѳнүн түрүн жана мѳѳнѳттѳрүн аныктайт;
- соодалоонун (торги) жыйынтыгынын протоколуна кол коет;
- бул жободо белгиленген башка кызматтарды жүзѳгѳ ашырат.
25. Айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлерин берүү боюнча соодалоого (торги) талапкер катары тѳмѳнкүлѳр катыша алышпайт:
- Жер комиссиясынын мүчѳлѳрү;
- тоорукчу (аукцион).
26. Соодалоого (торги) катышуу үчүн жеке жана юридикалык жактар бул жободо белгиленген формада арыз (N 1 тиркеме) беришет жана бул жобонун 29-бабында (пункт) каралган документтерди берет.
Соодалоого (торги) катышуу тууралуу арызды арыз ээсинин (талапкердин) ѳзү же ыйгарым укуктуу ѳкүлү аркылуу берет.
27. Жер комиссиясынын катчысы берилген арыздарды, ошондой эле бул жобонун 29-пунктунда каралган документтерди кабыл алат жана атайын журналга каттайт.
Арыздарды жана башка документтерди кабыл алуу соодалоону (торги) ѳткѳрүүгѳ беш иш күнү калганда токтотулат.
28. Катчы (тооруктун (акцион), сынактын (конкурс)) соодалоого катышууга арызды жана бардык зарыл документтерди кабыл алгандан кийин арыз ээсине күнүн жана каттоо номерин кѳрсѳтүү менен документтерди алгандыгы жѳнүндѳ билдирүү (№ 2 тиркеме) берүүгѳ милдеттүү.
Соодалоого (торги) катышуудан баш тартууну кабыл алуу жана каттоо ушул пунктта белгиленген тартипте жүргүзүлѳт.
29. Соодалоого (торги) катышуу үчүн тѳмѳнкү документтер берилет:
- тоорукка (аукцион), сынакка (конкурс) катышууга арыз;
- инсандын ким экендигин күбѳлѳндүрүүчү документтин кѳчүрмѳсү же ѳкүлдүн ыйгарым укуктарын күбѳлѳндүрүүчү документ;
- кепилдик тѳлѳмдү тѳлѳгѳндүгү жѳнүндѳ дүмүрчүктүн (квитанция) кѳчүрмѳсү;
- Айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага алган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жер салыгын тѳлѳѳ тууралуу кепилдик кат же милдеттенме.
Сынакка (конкурс) катышуу үчүн жеке жана юридикалык жактар жогоруда кѳрсѳтүлгѳн документтерден тышкары сынактын (конкурс) шарттары боюнча ѳз сунуштарын кол коюп, чапталган конвертке салып беришет.
Юридикалык жактар уюштуруу документтеринин нотариалдык жактан күбѳлѳндүрүлгѳн кѳчүрмѳлѳрүн, ошондой эле юридикалык жактын таламын жактаган жактардын ыйгарым укуктарын тастыктоочу документтерди кошумча беришет.
30. Катчы бул жобонун 29-пунктунда кѳрсѳтүлгѳн бардык документтерди кабыл алат жана аларды Жер комиссиясынын кароосуна киргизет.
31. Талапкерлердин арыздары жана документтери Жер комиссиясы тарабынан каралат. Арыздарды жана документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча Жер комиссиясы арыз ээлерине (талапкерлерге) соодалоого (торги) катышууга жол берүү жѳнүндѳ чечим кабыл алат, ал тууралуу протокол түзүлүп (№3 тиркеме), анда бардык жол берилген арыз ээлеринин (талапкерлердин), ошондой эле бул жобонун 32-пунктуна ылайык соодалоого (торги) катышууга жол берилбеген арыз ээлеринин тизмеси кѳрсѳтүлѳт.
32. Тѳмѳнкү учурларда арыз ээсинен (талапкерден) арыз кабыл алынбашы мүмкүн:
- арыз соодалоо (торги) ѳткѳрүү жѳнүндѳ билдирүүдѳ кѳрсѳтүлгѳн арыздарды кабыл алуу мѳѳнѳтү ѳтүп кеткенде берилгенде;
- арыз ээсинин (талапкердин) атынан кайрылууга ыйгарым укугу жок адам тарабынан арыз берилгенде;
- соодалоо (торги) ѳткѳрүү жѳнүндѳ билдирүүдѳ жарыяланган тизме боюнча зарыл болгон документтердин бардыгы берилбесе же болбосо берилген документтер тиешелүү түрдѳ таризделбесе.
Кабыл алынбаган арыз жана документтер арыз ээсине (талапкерге) кабыл алуудан баш тартуунун себебин кѳрсѳтүү менен кайтарылып берилет.
33. Сынакка (конкурс) катышуу үчүн кепилдик тѳлѳм Жер комиссиясы тарабынан баштапкы ижара акысынын ѳлчѳмүнүн 5 пайызынан 10 пайызына чейинки ѳлчѳмдѳ белгиленет, ал эми тоорукка (аукцион) катышуу үчүн кепилдик тѳлѳмдүн ѳлчѳмү баштапкы ижара акысынын ѳлчѳмүнүн 15 пайыздан 30 пайызга чейинки ѳлчѳмдѳ белгиленет.
34. Талапкер соодалоого (торги) бир канча лот боюнча катышкан учурда, кепилдик тѳлѳмү ар бир лот боюнча тѳлѳнѳт.
35. Кепилдик тѳлѳмдү тѳлѳѳдѳ кепилдик тѳлѳмдү тѳлѳгѳндүгү жѳнүндѳ дүмүрчѳк (квитанция) берилет.
36. Кепилдик тѳлѳм тѳмѳнкү учурларда кайтарылып берилбейт:
- жеӊүүчү соодалоонун (торги) жыйынтыгы жѳнүндѳ протоколго кол коюудан баш тартканда;
- жеӊүүчү айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун жерин ижаралоо келишимин түзүүдѳн баш тартканда.
37. Калган учурларда кепилдик тѳлѳм:
- соодалоого (торги) катышуудан баш тартуу жѳнүндѳ арыз берген убактан тартып;
- соодалоо (торги) бүткѳн убактан тартып;
- соодалоо (торги) ѳткѳн жок деп таанылгандан тартып 5 жумуш күнүнүн ичинде кайтарылууга тийиш.
38. Соодалоонун (торги) жеӊүүчүсү менен ижара келишимин түзгѳндѳ кепилдик тѳлѳмдүн суммасы ижара акысынын суммасына кошулат.
39. Айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлерин тоорук (аукцион) аркылуу ижарага берүү Келечек планга ылайык жер-пландоо зоналарынын чегинде тоорук (аукцион) аркылуу берилүүгѳ тийиш болгон экономикалык жактан артыкчылыктуу жерлер катары аныкталган жерлер боюнча жүргүзүлѳт.
40. Тоорук (аукцион) коюлуп жаткан ар бир жер участкасы ѳз алдынча лот болуп түзүлүшү керек.
41. Тоорук (аукцион) коюлуп жаткан лоттун тѳмѳнкүдѳй маалыматты камтыган кеӊири баяндамасы болууга тийиш:
- лоттун номери;
- жер участкасынын жайгашкан жери (контурдун аталышы);
- участканын аянты жана жердин түрлѳрүнүн курамы гектар менен;
- ижара акысы;
- баштапкы ижара акысынын ѳлчѳмѳ (мында баштапкы ижара акысынын ѳлчѳмү жер салыгынын ѳлчѳмүнүн 20 проценттен кем эмес жогору болушу керек);
- аукциондун "арымы";
- ижара акысын тѳлѳѳнүн түрү жана мѳѳнѳттѳрү;
- сервитуттардын болушу же жоктугу.
42. Шаардык мэрия тоорукту (аукцион) ѳткѳрүүгѳ 30 күн калганда жалпыга жеткиликтүү жерлерде Айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча тоорук (аукцион) ѳткѳрүлѳѳрү тууралуу маалыматтык билдирүүнү таркатууга милдеттүү, анда:
- лоттордун тизмеси алардын контурларынын баяндамасы менен;
- тоорук (аукцион) ѳткѳрүү шарттары, күнү, орду;
- ар бир лот боюнча баштапкы ижара акысынын ѳлчѳмү;
- кепилдик тѳлѳмдү тѳлѳѳнүн ѳлчѳмү жана тартиби;
- ижара акысын тѳлѳѳнүн түрү жана мѳѳнѳттѳрү, индексациялоо жѳнүндѳ шарттар;
- ар бир лот боюнча тооруктун (аукцион) "арымы";
- арыздарды жана документтерди кабыл алууну баштоо жана аяктоо күнү;
- тоорук (аукцион) катышуу үчүн берилүүчү документтердин тизмеси;
- тоорук (аукцион) суроолору боюнча кошумча маалымат алууга мүмкүн болгон жердин дареги кѳрсѳтүлѳт.
Муну менен бирге шаардык мэрия маалыматтык билдирүүнү айылдык жыйындарда, жыйналыштарда айтып, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялай алат.
43. Тооруктун (аукцион) "арымы" Жер комиссиясы тарабынан баштапкы ижара акынын 10 пайызынан 20 пайызына чейинки ѳлчѳмүндѳ белгиленет. Тооруктун (аукцион) "арымы" тоорук (аукцион) бүткѳнгү чейин бирдей болот.
44. Айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү үчүн шаардык мэрия тарабынан тоорукту (аукцион) алып баруучу дайындалат.
45. Тоорук (аукцион) лоттун аталышын, негизги мүнѳздѳмѳлѳрүн, баштапкы ижара акысын жана тооруктун (аукцион) "арымын" тоорук (аукцион) алып баруучу жарыялагандан башталат.
46. Тоорук (аукцион) катышуучуларына номери коюлган билеттер берилет, алар кезектеги бааны жарыялагандан кийин билеттерди кѳтѳрүп турушат.
Ар бир кийинки баа учурдагы бааны "тооруктун (аукцион) арымын" жогорулатуу менен белгиленет. Кезектеги бааны жарыялагандан кийин тоорук (аукцион) алып баруучу анын кѳз карашы боюнча билетти биринчи кѳтѳргѳн тооруктун (аукцион) катышуучусунун билетинин номерин атайт. Андан кийин тоорукту (аукцион) алып баруучу тооруктун (аукцион) "арымына" ылайык кийинки бааны жарыялайт.
47. Эгер кезектеги бааны үч жолу жарыялагандан кийин катышуучулардын бири дагы андан жогору бааны сунуш кылбаса, акыркы бааны сунуш кылган катышуучу жеӊүүчү деп жарыяланат.
48. Тооруктун (аукцион) жеӊүүчүсү тоорук (аукцион) ѳткѳрүлгѳн күнү тооруктун (аукцион) жыйынтыгы жѳнүндѳ протоколго кол коюуга тийиш (№ 4 тиркеме). Протоколго ошондой эле тоорукту (аукцион) алып баруучу, Жер комиссиясынын мүчѳлѳрү кол коюшат.
Протоколдо тѳмѳнкү маалыматтар келтирилет: ижара акысынын баштапкы жана акыркы ѳлчѳмү, жер участкасын ижаралоо келишимине кол коюу боюнча тараптардын милдеттенмелери, лоттун номери, ижара мѳѳнѳтү ж.б. Тооруктун (аукцион) жыйынтыгы жѳнүндѳ протоколдун кѳчүрмѳсү тооруктун (аукцион) жеӊүүчүсүнѳ берилет.
49. Эгер тооруктун (аукцион) жеӊүүчүсү тооруктун (аукцион) жыйынтыгы жѳнүндѳ протоколго кол коюудан баш тартса, Жер комиссиясы экинчи жеӊүүчүгѳ протоколго кол коюуну сунуш кылат. Эгер тооруктун (аукцион) экинчи жеӊүүчүсү тооруктун (аукцион) жыйынтыгы жѳнүндѳ протоколго кол койсо, ал тооруктун (аукцион) жеӊүүчүсү деп таанылат.
50. Протоколдун негизинде тооруктун (аукцион) жыйынтыгы жѳнүндѳ протоколго кол койгондон тартып 10 иш күндүн ичинде айыл ѳкмѳтү менен ижарачынын тооруктун (аукцион) жеӊүүчүсүнүн ортосунда жер участкасын ижаралоо келишими (№ 6 тиркеме) түзүлѳт.
51. Тѳмѳнкү учурларда тоорук (аукцион) ѳткѳн жок деп эсептелет:
а) бир катышуучу катышса;
б) бул жобонун 49-пунктунда каралган учурда экинчи жеӊүүчү тооруктун (аукцион) жыйынтыгы жѳнүндѳ протоколго кол коюудан баш тартса;
в) баштапкы ижара акысын үч жолу жарыялагандан кийин тооруктун (аукцион) бир да катышуучусу билет кѳтѳрбѳсѳ.
52. Бул жобонун 51-пунктуна ылайык белгилүү бир лот боюнча тоорук (аукцион) ѳткѳн жок деп таанылган учурда ошол лот боюнча экинчи тоорук (аукцион) дайындалат.
Экинчи тоорук (аукцион) ѳкѳрүүдѳ Жер комиссиясы баштапкы ижара акысынын ѳлчѳмүн тѳмѳндѳтүүгѳ укуктуу, бирок 15 проценттен кѳп эмес.
Эгер экинчи тоорук бул жобонун 51-пунктунун "а" пунктчасына ылайык ѳткѳн жок деп таанылганда, Жер комиссиясы жер участкасын экинчи тооруктун жалгыз катышуучусуна берүү тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу.
53. Тооркко (аукцион) катышканга талапкерлер жок болуп экинчи тоорук (аукцион) ѳткѳн жок деп таанылганда Жер комиссиясы жер участкасын сынак (конкурс) аркылуу берүүгѳ укуктуу.
54. Айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлерин сынак (конкурс) аркылуу ижарага берүү Келечек планга ылайык жер-пландоо зоналарынын чегинде сынак (конкурс) аркылуу берилүүгѳ тийиш болгон жакшыртуу үчүн инвестицияларды талап кылуучу жерлер катары аныкталган жерлер, ошондой эле бул жобонун 53-пунктуна ылайык башка жерлер боюнча жүргүзүлѳт.
55. Шаардык мэрия сынакты (конкурс) ѳткѳрүүгѳ 30 күн калганда жалпыга жеткиликтүү жерлерде айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча сынак (конкурс) ѳткѳрүлѳѳрү тууралуу маалыматтык билдирүүнү таркатууга милдеттүү, анда:
- лоттун номери;
- жер участкасынын жайгашкан жери (контурдун аталышы);
- участканын аянты жана жердин түрлѳрүнүн курамы гектар менен;
- сынактын (конкурс) шарттары, анын ичинде ижара акысынын ѳлчѳмү;
- ижара мѳѳнѳтү;
- сервитуттун болушу же жоктугу;
- арыздарды жана документтерди кабыл алууну баштоо жана аяктоо күнү;
- сынакка (конкурс) катышуу үчүн берилүүчү документтердин тизмеси;
- сынактын (конкурс) суроолору боюнча кошумча маалымат алууга мүмкүн болгон жердин дареги кѳрсѳтүлѳт.
Муну менен бирге шаардык мэрия маалыматтык билдирүүнү айылдык жыйындарда, жыйналыштарда айтып, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялай алат.
56. Сынак (конкурс) айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү методу болуп саналат, анда ижарачы сынактын (конкурс) шарттары менен аныкталган тиешелүү милдеттерди ѳзүнѳ алат.
Айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун ижарачысына коюлган талаптарга ылайык Жер комиссиясы сынак (конкурс) тѳмѳнкүдѳй жолдор менен ѳткѳрѳ алат:
- сынактын (конкурс) шарттарынын бири катары ижара акысынын ѳлчѳмүн аныктоо (баштапкы ижара акысы аныкталат, ижара акынын ѳлчѳмү жана ижара акыны тѳлѳѳнүн түрү, мѳѳнѳттѳрү боюнча эӊ жакшы шарттарды сунуш кылган катышуучу жеӊүүчү деп таанылат);
- сынактык (конкурс) шарттарынын бири катары ижара акысын аныктабоо (ижара акысы туруктуу, ижара акыны тѳлѳѳнүн түрү, мѳѳнѳттѳрү боюнча эӊ жакшы шарттарды сунуш кылган катышуучу жеӊүүчү деп таанылат). Мында ижара акынын баштапкы ѳлчѳмү тиешелүү жерлерге жер салыгынын ѳлчѳмүнүн тѳмѳн болушу мүмкүн эмес.
57. Тѳмѳнкү учурларда сынак (конкурс) ѳткѳн жок деп эсептелет:
- бир катышуучу катышса;
- бул жобонун 49-пунктуна ылайык экинчи жеӊүүчү ижара келишимине кол коюудан баш тартса.
58. Белгилүү бир лот боюнча сынак (конкурс) ѳткѳн жок деп таанылган учурда, ошол лот боюнча экинчи конкурс дайындалат.
Экинчи сынакты (конкурс) ѳткүрѳѳдѳ Жер комиссиясы сынактын (конкурс) шарттарын ѳзгѳртүүгѳ укуктуу.
59. Эгер экинчи сынак (конкурс) бир гана катышуучу катышкандыктан ѳткѳн жок деп таанылса, анда жер участкасы ага экинчи сынактын (конкурс) шарттарында берилет.
60. Экинчи сынак (конкурс) катышуучулардын жоктугунан ѳткѳн жок деп таанылса, жер участкасы түз берүү жолу менен берилиши мүмкүн.
61. Маалыматтык билдирүүдѳ белгиленген убакытта Жер комиссиясынын отурумунда сынактын (конкурс) катышуучуларынын катышуусу менен берилген арыздардын тизмеси жарыяланат. Арыз (арыздар) берилбеген учурда Жер комиссиясы сынакты (конкурс) ѳткѳрүүнү жагдайды аныктаганга чейин токтотуп турат.
62. Берилген арыздардын тизмеси жарыялангандан кийин сынактын (конкурс) катышуучуларынын катышуусу менен арыздарды ачуу жүргүзүлѳт.
63. Сынактын (конкурс) жеӊүүчүсү Жер комиссиясынын мүчѳлѳрү тарабынан жѳнѳкѳй кѳпчүлүк добуш берүү жолу менен аныкталат жана андан кийин сынактын (конкурс) жыйынтыгы ачык жарыяланат.
Жер комиссиясынын чечимине ылайык сынак (конкурс) боюнча эӊ жакшы шарттарды сунуш кылган катышуучу сынактын (конкурс) жеӊүүчүсү болуп таанылат.
Добуштар теӊ болгон учурда Жер комиссиясынын тѳрагасынын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
64. Жер комиссиясынын отуруму, эгер ага мүчѳлѳрүнүн жалпы санынын кеминде үчтүн экисинен кем эмеси катышса мыйзамдуу болот.
65. Эгер эки же андан кѳп катышуучулардын сынактын (конкурс) шарттары боюнча сунуштары бирдей жана эӊ жакшы болуп калса, анда арызды мурда берген сынактын (конкурс) катышуучусу жеӊүүчү деп таанылат.
66. Сынактын (конкурс) жыйынтыгы боюнча Жер комиссиясы протокол түзѳт (№ 5 тиркеме), анда тѳмѳнкүдѳй маалымат камтылат:
- Жер комиссиясынын отурумга катышкан мүчѳлѳрүнүн тизмеси;
- сынактын (конкурс) катышуучулары жѳнүндѳ маалыматтар жана алардын сунуштары;
- сынактын (конкурс) жеӊүүчүсү.
Протоколго Жер комиссиясынын отурумга катышкан бардык мүчѳлѳрү, сынактын (конкурс) жеӊүүчүсү кол коюшат. Протоколдун кѳчүрмѳсү сынактын (конкурс) жеӊүүчүсүнѳ берилет.
67. Протоколдун негизинде сынактын (конкурс) жыйынтыгы жѳнүндѳ протоколго кол койгондон тартып 10 иш күндүн ичинде айыл ѳкмѳтү менен ижарачынын сынактын (конкурс) жеӊүүчүсүнүн ортосунда жер участкасын ижаралоо келишими (№ 6 тиркеме) түзүлѳт.
Бул жобонун 67-пунктунда белгиленген мѳѳнѳттү жеӊүүчүнүн күнѳѳсү боюнча ижара келишими түзүлбѳсѳ, ал Жер комиссия тарабынан жер участкасын ижаралоо келишиминен баш тартуу катары каралышы мүмкүн.
68. Жеӊүүчү протоколго же келишимге кол коюудан баш тарткан учурда Жер комиссиясы ошол эле арыздардын арасынан экинчи жеӊүүчүнү аныктайт.
69. Жеӊүүчү же экинчи жеӊүүчү протоколго же келишимге кол коюудан баш тарткан учурда ал ошол лот боюнча экинчи сынакка (конкурс) катышуу укугунан ажырайт.
70. Айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага соодалоо (торги) менен эмес, түз сүйлѳшүүлѳр жолу менен берүүнүн субъекттери тѳмѳнкүлѳр болушу мүмкүн:
- Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлѳлѳр жана жарандар;
- Айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун бош калган жерлерин, ошондой эле бул жобонун 60-пунктунда каралган жерлерди ижарага алууну каалаган жактар;
- мамлекеттик асыл тукум чарбалар, үрѳнчүлүк чарбалары, тажрыйба-селекциялык жана эксперименттик чарбалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ѳлчѳмдѳ;
- социалдык багыттагы субъекттер.
71. Эгер шаардык кеӊеш тарабынан башкасы каралбаса, айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлерин социалдык багыттагы субъекттерге берүү түз сүйлѳшүүлѳр жолу менен жүргүзүлѳт.
72. Жер участогун ижарага алууга талапкер болгон социалдык багыттагы субъектилер айыл ѳкмѳтүнѳ уюштуруу иш кагаздарынын кѳчүрмѳлѳрү (уставдын, жобонун ж.б. күбѳлѳндүрүлгѳн кѳчүрмѳлѳрү) тиркелген арыз беришет.
73. Жер комиссиясы арыздарды жана бул жобонун 72-пунктунда каралган тиешелүү документтерди карайт, андан кийин айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлери ижарага бериле турган социалдык багыттагы субъекттердин тизмесин түзѳт.
74. Айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрү фондунун жерлерин социалдык багыттагы субъекттерге берүүдѳ ижара акысы жер салыгынын ѳлчѳмүндѳ белгиленет, ал эми ижара мѳѳнѳтү 5 жылдан ашпоого тийиш.
75. Айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун бош калган жерлерин ижарага берүү Келечек планга ылайык тиешелүү жер-пландоо зоналарынан, ошондой эле бул жобонун 60-пунктунда каралган жерлерден жүргүзүлѳт.
76. Бул жер участкаларына талапкер жактар айыл ѳкмѳтүнѳ арыз беришет.
77. Жер комиссиясы арыздарды карайт жана бул жерлерди ижарага берүүнүн шарттары боюнча сүйлѳшүүлѳрдү жүргүзѳт, мында жергиликтүү кеӊеш тарабынан ижара акыны тѳлѳѳ боюнча жеӊилдиктер белгилениши мүмкүн.
78. Айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлерин мамлекеттик асыл-тукум чарбаларга, үрѳнчүлүк чарбаларына ижарага берүү Келечек планга ылайык тиешелүү жер пландоо зоналарынан жүргүзүлѳт.
79. Аймактык башкармалык боюнча мамлекеттик асыл тукум чарбаларына, үрѳнчүлүк чарбаларына берилүүчү айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун жер участкалары Келечек планда каралууга тийиш.
80. Жер участогун ижарага алууга талапкер болгон аз камсыз болгон үй-бүлѳлѳр Жана жарандар аймактык башкармалыкка жакыр үй-бүлѳнүн статусун тастыктоочу документинин кѳчүрмѳсүн тиркѳѳ менен арыз берет.
81. Жер комиссиясы арызды жана тиешелүү документтерди карайт. Андан кийин айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлери ижарага берилүүчү аз камсыз болгон үй-бүлѳлѳрдүн жана жарандардын тизмесин түзѳт.
Биринчи кезекте ушул аймактык башкармалыктын аймагында жашаган аз камсыз болгон үй-бүлѳлѳргѳ жана жарандарга берилет.
82. Айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун жер участкасын ижарага алуу укугун берүүнүн түрүнѳ (соодалоо (торги), түз берүү) карабастан шаардык мэрия ижарачы менен жазуу түрүндѳ бирдей күчкѳ ээ үч нускада жер участкасын ижаралоо келишимин түзѳт.
83. Фонддун жерлерин ижаралоо келишими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кыймылсыз мүлккѳ укуктарды каттоо органдарында мамлекеттик каттоодон ѳткѳрүлүүгѳ тийиш.
84. Ижара келишиминде негизги шарттар, анын ичинде ижара тѳлѳмдѳрүн тѳлѳѳнүн мѳѳнѳттѳрү, ошондой эле ижара акысын индексациялоонун шарттары жана ѳзгѳрүп кеткен учурда кайра кароо шарты менен жылдык жер салыгынын ѳлчѳмү камтылууга тийиш.
85. Ижара келишими боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу үчүн ижарага берүүчү ижарачы менен кѳрүү келишимин түзүүгѳ укуктуу.
86. Ижара акысы мезгили менен же бир жолу тѳлѳнүүчү белгилүү суммадагы тѳлѳм же/жана (натуралай) айыл чарба продукциясы/жемиши түрүндѳ тѳлѳнүшү мүмкүн.
87. Тѳмѳндѳгүдѳй укук бузуулар тууралуу жазуу түрүндѳгү эскертүү чыккандан кийин 30 күндүк мѳѳнѳттү ижарачы аларды жойбосо, жер участкасын ижаралоо келишими сот тартибинде бузулушу мүмкүн:
- жер участкасын ижара келишиминин шарттарын орчундуу бузуу менен пайдалануу;
- жер участкасын максаттуу багытына ылайык пайдаланбоо;
- кыртыштын асылдуулугун орчундуу начарлатуу;
- келишимде белгиленген тѳлѳѳ мѳѳнѳтүндѳ ижара акысын тѳлѳбѳѳ;
- ижара келишиминде белгиленген милдеттенмелерге ылайык жер участкасына инвестициялоо боюнча милдеттенмелерди аткарбоо.
88. Ижарага алынган жер участкасы башка жактарга ижарага берилиши мүмкүн эмес.
89. Ижарага алынган жер участкасына болгон укук ипотека келишиминин заты боло албайт.
90. Айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлерин соодалоо (торги) жана түз берүү аркылуу ижарага берүүдѳн түшкѳн каражаттар, ошондой эле кайтарылбаган кепилдик тѳлѳмдѳрдүн суммалары тиешелүү жергиликтүү бюджетке түшѳт.
Айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалангандыгы үчүн ижара акылардан чогултулган суммадан аларды жакшыртуу боюнча иш-чараларды аткаруу үчүн багытталуучу каражаттын ѳлчѳмү шаардык кеӊеш тарабынан аныкталат.
91. Айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлерин натыйжалуу пайдаланылышын контролдоочу орган болуп шаардык кенеш эсептелет.
92. Шаардык кеӊешке шаардык мэрия айыл чарба багытындагы кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануу боюнча маалымат берип турат.
Депутаттардын Ош шаардык Кенешинин аппарат жетекчиси | З.Сасыкбаев
|