Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТАТТАРДЫН ОШ ШААРДЫК КЕНЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XVII СЕССИЯСЫ
(II чакырылышы)
2010-жылдын 20-январындагы №149
Жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражатын бѳлүп берүү жѳнүндѳ
Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешине, Ош шаардык мэриясынын 2009-жылдын 20- октябрындагы 364/06-07 (реестр №9) 2009-жылдын 2-ноябрындагы 382/06-07 (реестр №10) жана 2009-жылдын 24-ноябрындагы 422/06-07 (реестр №11), ошондой эле Ош шаарынын атуулдарынан жана мекеме-уюмдардан келген жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бѳлүп берүү жѳнүндѳгү каттарын карап жана талкулап, шаардык Кеӊештин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2009-жылдын 12-ноябрындагы №21, 2009-жылдын 25-ноябрындагы №22, жана 2009-жылдын 16-декабрындагы №23-токтомдорунун негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлѳгѳн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин кезектеги сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаардык Кеӊештин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2009-жылдын 12-ноябрындагы отурумунун №21-токтомунун негизинде 40,0 миӊ сом ѳлчѳмүндѳ, 2009-жылдын 25-ноябрындагы отурумунун №22-токтомунун негизинде 621965 сом жана 2009-жылдын 16-декабрындагы отурумунун №23 токтомунун негизинде 742050 сом акча каражаттарын №1-тиркемеге ылайык бѳлүп берүүгѳ макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ шаардык Кеӊештин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (У.Примов) жүктѳлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин тѳрагасы |
Д.Алимбеков |
| Депутаттардын Ош шаардык Кенешинин 2009-жылдын 20-январындагы кезексиз ХVII сессиясынын №149-токтомуна №1-тиркеме
|
Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2009-жылдын 12-ноябрындагы отурумунун №21-токтомуна ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен бѳлүнүүчү кошумча акча каражаттарынын тизмеси:
- 40 000 сом акча каражатын Ош шаардык Кеӊешинин депутаттарынын Бишкек шаарына, Бишкек шаардык Кеӊешинин кубогуна арналган мини-футбол турнирине барып келүү чыгымдары үчүн.
Жалпы суммасы: 40000 сом
Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2009-жылдын 25-ноябрындагы отурумунун №22-токтомуна ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен бѳлүнүүчү кошумча акча каражаттарынын тизмеси:
-14800 сом акча каражатын Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол коопсуздук бѳлүмчѳсүнүн бир штаттык бирдигин кармоо үчүн;
-159800 сом акча каражатын Ош шаардык билим берүү башкармалыгына шаардагы орто мектептериндеги ашпозчулардын айлык акысы үчүн;
-170 000 сом акча каражатын Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына "Аскед Корпорация" жоопкерчилиги чектелген коомунун күрѳѳгѳ коюлган суммасын кайтаруу үчүн;
-171240 сом акча каражатын Ош шаамы гезитин ѳнүктүрүү үчүн;
-25 000 сом акча каражатын Ош шаардык мэриясынын Автогараждар ишканасынын кызматкерлерин 1000 сом ѳлчѳмүндѳ 2009-жылдын 25-октябр "Кыргыз Республикасынын автомобил транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин күнүнѳ карата" акчалай сыйлоо үчүн;
-50 000 сом акча каражатын Ош шаарынын Тутовая кѳчѳсүндѳ жайгашкан турак жайларды шаардын канализациясына кошу үчүн;
-11125 сом акча каражатын Ош шаарынын тургуну Афган согушунун ардагери А. Жороевдин ѳртѳнгѳн үйүн калыбына келтирүү үчүн;
-20 000 сом акча каражатын 2008-жылы туулган Ош шаарынын тургуну М.Султанбековага Бишкек шаарында жүрѳгүнѳн операция жасатууга жардам иретинде.
Жалпы суммасы: 621965 сом
Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2009-жылдын 16-декабрындагы отурумунун № 23-токтомуна ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен бѳлүнүүчү кошумча акча каражаттарынын тизмеси.
-31250 сом акча каражатын Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетине Ош шаарынын атайын жана жогорку окуу жайларынын студентерине стипендия берүү үчүн;
-24 000 сом акча каражатын Ош шаардык мэриясына 30 дана сувенирлерди жасоо үчүн;
-262 000 сом акча каражатын (4000 евро) Ош шаардык мэриясына борбордук жана чоӊ шаарлардын "Эл аралык ассамблея" ассоциациясына мүчѳлүк взносту тѳлѳѳ үчүн;
-69100 сом акча каражаты Ош шаарынын мэриясынын "Ѳнѳр-жай жана ишкердүүлүктү ѳнүктүрүү башкармасы" кайрадан уюштурулганына байланыштуу адистердин айлык маянасы үчүн;
-150 000 сом акча каражатын "Ош шаардык балдар сүт ашканасы" муниципалдык мекемесине сүт азыктарын даярдоо үчүн;
-80000 сом акча каражатын Кыргыз Республикасынын эл сүрѳтчүсү А.Асранкуловдун юбилейин ѳткѳрүүгѳ, эстелигин тургузууга, айланасын кѳрктѳндүрүүгѳ;
-20 000 сом акча каражатын Ош шаарынын Алмалык айылынын тургуну М.Асановага, Бишкек шаарында баласына операция жасатуу үчүн;
-20 000 сом акча каражатын Ош шаарынын Т.Кулатова кичирайонунун № 11-үйүнүн подвалдык суу жана канализация системасын оӊдоо үчүн;
-80700 сом акча каражатын, тактап айтканда Тѳлѳйкѳн айылынын тургундары тарабынан газдаштырууга топтолгон 269,0 миӊ сом акча каражатынын 30% ѳлчѳмүн топтолгон акчанын суммасы тастыкталгандан кийин Тѳлѳйкѳн айылын газдаштыруга;
-5 000 сом акча каражатын Ош шаардык Кеӊешинин тѳрагасынын кабинетин суу каптоодон кийин ремонтто үчүн.
Жалпы суммасы: 742050 сом.
Бардык сумма: 1404015 сом.
Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин аппарат жетекчиси |
З.Сасыкбаев |