Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТАТТАРДЫН ОШ ШААРДЫК КЕНЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XVII СЕССИЯСЫ
(II чакырылышы)
2010-жылдын 20-январындагы №151
Москва ишкердүүлүк жана укук институтунун Оштогу филиалы менен түзүлгѳн ижара келишиминин мѳѳнѳтү бүткѳндүгүнѳ байланыштуу ал окуу жайы жайгашкан имаратта балдар бакчасын түзүүгѳ макулдук берүү жѳнүндѳ
Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин 2007-жылдын 5-апрелиндеги №217-токтому менен бекитилген Регламентинин VIII бабынын 8.2. тарамынын 4-тарамчасына ылайык сессиянын күн тартибине депутат С.Аматованын сунушу менен киргизилген Москва ишкердүүлүк жана укук институтунун Оштогу филиалы менен түзүлгѳн ижара келишиминин мѳѳнѳтү бүткѳндүгүнѳ байланыштуу ал окуу жайы жайгашкан имаратта балдар бакчасын түзүү жѳнүндѳгү маселени талкуулап, Ош шаарынын мэринин 2009-жылдын 13-ноябрындагы №344-р буйругун жана сессияда сүйлѳгѳн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин кезексиз XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Москва ишкердүүлүк жана укук институтунун Оштогу филиалы менен түзүлгѳн ижара келишиминин мѳѳнѳтү бүткѳндүгүнѳ байланыштуу ал окуу жайы жайгашкан имаратта балдар бакчасын түзүүгѳ макулдук берилсин.
2. Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов) жаӊыдан түзүлгѳн балдар бакчасын каттоо, каттоого кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен табуу жана каржылоо, тиешелүү документтерин даярдоону камсыз кылуу тапшырылсын.
Аткарылган иштер жѳнүндѳ 2010-жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча депутаттардын Ош шаардык Кеӊешине жазуу түрүндѳ маалымат берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов) жана депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Т.Жоробеков) жүктѳлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин тѳрагасы | Д.Алимбеков
|