Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ VIII СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыктын типтүү Жобосу жѳнүндѳ
Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын 2010-жылдын 21-январындагы №08 сандуу катынын, Кыргыз Республикасынын ѳкмүтүнүн 2009-жылдын 14-сентябрындагы №622 сандуу типтүү Жобосунун негизинде Жалал-Абад шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси С.И. Токоевдин маалыматын угуп, шаардык кеӊештин кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардагы Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын Жобосу 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Шаардагы Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын Жобосун областтык адилет башкармалыгынан каттоодон ѳткѳрүү жагы шаар мэриясынын аппарат жетекчисине (С.И. Токоев) жүктѳлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы шаардык кеӊештин тѳрагасынын орун басарына (К. Рахматуллаев) жүктѳлсүн.
Тѳрага | Т.Энназаров |