Редакцияот 29.12.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2009-жылдын 29-декабрындагы №137

Бишкек шаардык кеӊештин 2009-жылдын 29-сентябрындагы №95 "Бишкек шаарындагы катуу тиричилик таштандыларды ташып чыгарууга жана зыянсыздандырууга тарифтер жѳнүндѳ" токтомуна ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү жѳнүндѳ

 

Кыргыз Республикасынын "Керектѳѳчүлѳрдүн укуктарын коргоо жѳнүндѳ", "ѳндүрүш таштандылары жана керектүүлѳр жѳнүндѳ" мыйзамдарына ылайык жана Бишкек шаарынын санитардык экологиялык абалын жакшыртуу максатында, Бишкек шаардык кеӊеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеӊештин 2009-жылдын 29-сентябрындагы №95 "Бишкек шаарындагы катуу тиричилик таштандылар ташып чыгарууга жана зыянсыздандырууга тарифтер жѳнүндѳ" токтомуна тѳмѳндѳгүдѳй ѳзгѳртүүлѳр жана толуктоолор киргизилсин:

- токтомдун бардык тексти боюнча "зыянсыздандыруу"  деген сѳз "кѳмүү" деген сѳз менен алмаштырылсын;

-1-пункттун 4-абзацындагы "6,0" деген сан "30,0" деген сага алмаштырылсын;

- 2-пункттагы "1,0 куб.м." деген сѳздѳрдѳн кийин "анын ичинде кѳмүү боюнча кызмат кѳрсѳтүүгѳ 30,0 сом" деген сѳздѳр менен толукталсын:".

2. Бул токтом каттоодон ѳткѳрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жѳнѳтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын  контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак-жай коммуналдык чарба, отун энергетика комплекси, транспорт жана коммуникация боюнча туруктуу комиссиясына (Салымбеков Ж.М.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А.Б.Токторбаевге жүктѳлсүн.

 

Депутаттардын Бишкек шаардык

кеңешинин төрагасы

 

А. Суракматов