Загрузка документа…
Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 12-июнундагы № 316 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 29-декабры № 142
Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2003-жылдын 9-июлундагы № 192 "Бишкек шаарынын жеңилдик алууга укугу бар аз камсыз болгон тургундарын жана жарандарын социалдык жактан колдоо жөнүндө" токтому менен бекитилген "Бишкек шаарынын тургундарына турак-жай коммуналдык кызматтарын төлөөгө субсидияларды берүү тартиби жөнүндө" жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Бишкек шаарынын аз камсыз болгон тургундарына даректүү социалдык жардам көрсөтүү максатында, турак-жай коммуналдык кызматтарга тарифтердин жогорулагандыгына байланыштуу, Бишкек шаардык кеңеш токтом кылат:
1. Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2003-жылдын 9-июлундагы № 192 "Бишкек шаарынын жеңилдик алууга укугу бар аз камсыз болгон тургундарын жана жарандарын социалдык жактан колдоо жөнүндө" токтому менен бекитилген "Бишкек шаарынын тургундарына турак-жай коммуналдык кызматтарын төлөөгө субсидияларды берүү тартиби жөнүндө" жобого төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1.1-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "Бул жобо турак-жай коммуналдык кызматтарга тарифтердин жогорулагандыгына байланыштуу Бишкек шаарынын аз камсыз болгон тургундарына даректүү социалдык жардам көрсөтүү максатында иштелип чыккан";
1.4-пункту алынып ташталсын;
- 2.2-пункттагы "ошондой эле, окутуунун контракттык формасында окуган студенти бар үй-бүлө (акы төлөө үчүн жеңилдиги бар студенттерден тышкары, же болбосо акы төлөө ишкана-спонсор тарабынан жүргүзүлгөн учурда)" деген сөздөр алынып ташталсын;
- 2.2-пункт "Башка мамлекеттин жарандарына турак жай субсидиясы берилбейт" деген абзац менен толукталсын;
- 2.3-пункттагы "тастыктаган документтер" деген сөздөрдөн кийин "турак жайга менчик укугу" деген сөздөр киргизилсин жана андан ары текст боюнча;
- 2.3-пункттун 1-абзацы "Жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация берүүдө үй-бүлөнүн жалпы кирешесинин курамында эске алынсын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2.3-пункттун 2-абзацындагы "турак жай субсидиясын жол-жоболоштурган учурдан мурдагы акыркы үч айдын ичинде" деген сөздөр алынып ташталсын;
- 4.1-пункттун 4-абзацындагы "1999-жылдын декабрь айындагы газ менен камсыз кылууга, 1999-жылдын октябрь айындагы борбордук жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылууга колдонулган" деген сөздөр "2007-жылдын декабрь айындагы базалык мезгилде колдонулуучу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4.1-пункттун 6-абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"МД - "жакырчылыктын чегинин өлчөмүнө теңделген, бир адамга карата кирешенин минималдуу деңгээли".
2. Субсидияларды эсептөөнүн жана берүүнүн тууралыгын текшерүү боюнча жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
Жумушчу топ:
- комиссияда субсидияларды эсептөөнүн жана берүүнүн, турак жай субсидияларын алган аз камсыз болгон жарандардын тизмелеринин тууралыгын карап чыксын жана Бишкек шаардык кеңешке маалымкат берсин;
- "Турак жай субсидияларды берүү тартиби жөнүндө" Жобону Бишкек шаардык кеңештин бекитүүсүнө даярдасын жана киргизсин.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин саламаттык сактоо, социалдык жардам, пенсиялык камсыздоо, калкты ишке орноштуруу жана экология боюнча туруктуу комиссиясына (Т.О.Омурбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Э.С.Иманалиевага жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы | А.Суракматов
|
Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 29-декабрындагы № 142 токтомуна тиркеме
Турак жай субсидияларды эсептөөнүн жана берүүнүн тууралыгын текшерүү боюнча жумушчу комиссиянын
КУРАМЫ
Жумушчу топтун төрагасы:
Сакиев М.Э. - Бишкек шаардык кеңештин депутаты.
Жумушчу топтун төрагасынын орун басары:
Алимбеков Х.И. - Бишкек шаардык кеңештин депутаты.
Жумушчу топтун катчысы:
Шаршенов Н.Н. - Бишкек шаардык кеңештин башкы адиси.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Абдыкеев Н.Т. - Бишкек шаардык кеңештин депутаты;
Асанбеков Н.Д. - Бишкек шаардык кеңештин депутаты;
Докенов Э.Ш. - Бишкек шаардык кеңештин депутаты;
Садыков Н.Б. - Бишкек шаардык кеңештин депутаты;
Токтосартов К.А. - Бишкек шаардык кеңештин депутаты;
Иманалиева Э.С. - Бишкек шаарынын вице-мэри;
Пашун Р.Г. - Бишкек шаардык кеңештин башкы адиси;
Давлетова А.А. - Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин райондук администрациясынын башчысынын социалдык маселелер
боюнча орун басары;
Фадеева Л.В. - Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь райондук администрациясынын башчысынын социалдык маселелер
боюнча орун басары;
Майтикова Ч.Н. - Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май райондук
администрациясынын башчысынын социалдык маселелер боюнча орун басары;
Ниязова А.М. - Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов райондук
администрациясынын башчысынын социалдык маселелер боюнча орун басары;
Губина Л.В. - Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү
башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Жумаев М.К. - Бишкек шаардык каржы башкармалыгынын башкы адиси
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
Ю.Шкуропатов
|