Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 11-февралы, № 160
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар саясатын 2010-жылга чейин өркүндөтү Концепциясы тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын Ош шаарында аткарылышы жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын мүчөсү Ф.Тешебаевдин жана Ош шаарынын вице мэри Г.Эркулованын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар саясатын 2010-жылга чейин өркүндөтүү Концепциясынын Ош шаарында аткарылышы жөнүндөгү маалыматтарын угуп жана талкуулап, ошондой эле сессияда айтылган депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын мүчөсү Ф.Тешебаевдин Ош шаарынын вице мэри Г.Эркулованын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар саясатын 2010-жылга чейин өркүндөтүү Концепциясы тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын Ош шаарында аткарылышы жөнүндөгү маалыматтары эске алынсын.
2.Ош шаардык мэриясына (М.Мырзакматов) жаштар саясатын өркүндөтүү жана жаштар менен такай иш алып баруу боюнча шаардык комплексттик программаны иштеп чыгып, аны турмушка ашыруу;
- шаардагы аймактык кеңештерде, аксакалдар соттору, аялдар жана жаштар уюмдары менен биргеликте эч жерде иштебеген жана эч жерде окубаган жаштар менен тарбиялык иштерди алып барууну камсыз кылуу тапшырылсын жана шаардык мэриянын аппаратында жаштар иштери боюнча сектор ачуу сунушталсын.
Аткарылган иштер боюнча ар бир кварталда шаардык Кеңешке маалымат берилип турсун.
3. Аталган токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Авазов).
4. Бул токтом "Ош шамы" гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Токтомаматов) тапшырылсын.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
Д.Алимбеков |