Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 11-февралы, № 161
Ош шаарында мыйзамдуулуктун сакталыш абалы жөнүндө Ош шаардык прокуратурасынын маалыматын угуу
Депутаттардын Ош шаардык Кенешинин 2009-жылга карата бекитилген иш планына ылайык Ош шаарында мыйзамдуулуктун сакталыш абалы жөнүндө Ош шаардык прокуратурасынын маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле аталган маселе боюнча сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой пикирлерин эске алып, Ош шаардык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарында мыйзамдуулуктун сакталыш абалы жөнүндөгү Ош шаардык прокуратурасынын (Жаанбаев Б.Ж.) маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаардык прокуратурасына (Жаанбаев Б.Ж.):
- Ош шаарындагы мекеме-уюмдар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөөсүн күчөтүүсү;
- Ош шаарындагы укук коргоочу жана фискалдык органдар тарабынан физикалык жана юридикалык жактарды текшерүү, тергөө учурунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөөсүн күчөтүүсү;
- Ош шаарындагы бардык мекеме-уюмдар тарабынан менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын "Коррупция менен күрөшүү жөнүндө" мыйзамынын аткарылып жатышын көзөмөлдөөнү күчөтүүсү тапшырылсын.
Аткарылган иштер боюнча жылдын жыйынтыгы менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешине жазуу жүзүндө маалымат берилси
3. Аталган токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Авазов).
4. Бул токтом "Ош шамы" гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык мэриясына (М.Мырзакматов) жана Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссияга (Т.Жоробеков) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
Д.Алимбеков |