Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 11 - февралы № 162
Курчап турган айлана чөйрөнү коргоо боюнча жана Ош шаарындагы жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыктарынын аткарган иштери тууралу отчеттору
Депутаттардын Ош шаардык Кенешинин 2009-жылга бекитилген иш-планына ылайык курчап турган айлана чөйрөнү коргоо боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы А.Кадыралиевдин жана Ош шаарындагы жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчысы А.Осмоновдун аталган башкармалыктар тарабынан аткарган иштери тууралу отчетторун угуп жана талкуулап, депутаттардын Ош шаардык Кенешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер жана экология маселери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2009-жылдын 8-декабрындагы №24-токтомунун негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин жана сунуштарын эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кенешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчысы А.Осмоновдун аталган башкармалык тарабынан аткарган иштери тууралу отчету канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Курчап турган айлана чөйрөнү коргоо боюнча башкармалыгынын жетекчиси сессияга катышпагандыгына байланыштуу башкармалык тарабынан аткарган иштери тууралу отчету кийинки сессияда каралсын.
3.Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына (А.Осмонов):
- жумушчу топтун текшерүүсүнүн жүрүшүндө аныкталган кемчиликтерди жоюу жана аларга мындан ары жол бербөө;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 14-майындагы Жарлыгына ылайык "Бирдиктүү терезе" жаңы системасынын иш аракетин жакшыртуу;
- арыздар боюнча берилген жооптордун сапаты,анын толук иликтенүүсү жана өз мөөнөтүндө аткарылышы боюнча иш кагаздарын алып баруу иштери катуу көзөмөлгө алынып, тиешелүү чара көрүлүп, жыйынтыгы боюнча 1 айлык мөөнөттө депутаттардын Ош шаардык Кеңешине маалымат берүү;
- Ош шаарындагы муниципалдык менчик обьектилерин инвентаризациялоо жана мамлекеттик акт китепчесин даярдоону аяктап, 2010-жылдын I-кварталынын жыйынтыгы менен шаардык Кенешке маалымат берүү;
- шаардык парктардын жана скверлердин жер аянттарын тактап, мамлекеттик каттоодон өткөрүү милдеттендирилсин.
3. Аталган токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Авазов).
4. Бул токтом "Ош шамы" гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д.Абдуллаев) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
Д.Алимбеков |