Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 5-февралы № 153
Ош шаарынын 2009-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасынын аткарылышы боюнча Ош шаарынын мэринин отчетун угуу жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2010-жылга кабыл алынган планына ылайык Ош шаарынын 2009-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасынын аткарылышы боюнча Ош шаарынын мэринин отчетун карап жана бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2010-жылдын 2-февралындагы №3-токтомунун негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын 2009-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасынын аткарылышы боюнча Ош шаарынын мэринин отчету канаатандырарлык деп табылсын.
2. Ош шаарынын 2010-2012-жылдарга социалдык-экономикалык болжолдуу өнүгүүсүнүн жана калкты социалдык жактан коргоо концепциясы бекитилсин.
3. Ош шаарынын мэриясына (М. Мырзакматов):
- Ош шаарынын 2010-жылга карата кабыл алынган жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн так аткаруулусун, планда каралган салыктардын бардык түрлөрүн толук көлөмдө түшүүсүн камсыздоо жана киреше бөлүгүн жогорулатуу;
- болгон ресурстарды, кубаттуулуктарды жана өндүрүштүн резервдерин колдонуу менен 2010-жылга карата бекитилген социалдык -экономикалык өнүгүүнүн божомол көрсөткүчтөрүн аткаруу;
- ишкер чөйрөсүнө жагымдуу шарт түзүү менен жаңы иш орундарын ачуу жана алардын жергиликтүү бюджетке болгон салымын жогорулатуу;
- жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууда салымы чоң ири ишканалардын "Алтын-Алко", "Алтын-Кол", "Сымбат" акционердик коомдорунун ишин жандандыруу;
- шаардын муниципалдык менчиктеги обьектерди тактап, алардан жергилктүү бюджетке түшүүчү арендалык төлөмдөрүнүн толук өлчөмдө түшүүсүн;
- шаардын генералдык планын иштеп чыгууну аяктоо жана анын негизинде шаардагы жүрүп жаткан курулуштарды тартипке келтирүү;
- шаардын капиталдык курулуш программасына каралган социалдык маанидеги обьектилерди жана шаардын инфраструктурасын жакшыртуу максатындагы долбоорлорду жергиликтүү бюджеттен толук өлчөмдө каржылоо;
- Ош шаарынын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо максатында калктын электр жана жылуулук энергиясына болгон карызын азайтуу боюнча тиешелүү мекемелер менен иш-чараларды иштеп чыгуу;
- шаардын экологиялык коопсуздугуна коркунуч туудурган маселелерди иликтеп, аны жоюу боюнча иш алып баруу;
- СПИД оорусуна каршы шаардын алкагында иш-чара кабыл алуу жана ал маселени каржылоо жагын чечүү;
- шаардын мектептериндеги окуучулар арасындагы рекет кылмыштуулугун азайтуу жана болтурбоо боюнча иш чараларды кабыл алып, анын аткарылуусун камсыздоо жагы милдеттендирилсин.
4. Аталган маселелер боюнча 2010-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешине жазуу жүзүндө маалымат берүүсү милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин тиешелүү туруктуу депутаттык комиссияларына тапшырылсын.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
Д. Алимбеков |