Сравнение редакций…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 5-февралы, №154
"2010-жылга Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн божомол планын, бюджетин жана 2011-2012-жылдарга долбоорун, ошондой эле 2008-жылга кабыл алынган бюджетинин аткарылышын бекитүү жөнүндө "
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2010-жылга карата кабыл алынган иш планына ылайык "2010-жылга Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн божомол планын, бюджетин жана 2011 - 2012 - жылдарга долбоорун, ошондой эле 2008 -жылга карата кабыл алынган бюджетинин аткарылышын бекитүү жөнүндөгү" маселени карап жана талкулап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын токтомунун негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кенешинин кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2010-жылга Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн божомол планы № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2010-жылга Ош шаардык бюджети кирешелери жана чыгашалары боюнча 673 706,2 миң сом, 2011-жылга долбоору 722 263,7 мин сом жана 2012-жылга долбоору 759487,9 мин сом суммасында №2, №3, №4 жана №5 тиркемеге ылайык аныкталсын.
3. 2010-жылга башкаруу органдарын каржылоого кетүүчү чыгымдар №6-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жалпы мамлекеттик салыктардан чегерүүлөрдүн нормативи "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белгиленсин.
5. 2010-жылдын 1-январына карата шаардык бюджет боюнча кассада жүгүртүлүүчү накталай акчанын суммасы 300,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
6. 2010-жылда республикалык бюджеттен берилүүчү максаттуу гранттар Ош шаарынын шаардык бюджети боюнча 186446,1 миң сом өлчөмүндө аныкталып, билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысына жана Социалдык фондуна чегерүү багытына жумшалары белгиленсин.
7. Шаардык бюджеттин эсебинен шаардык мектептерде 1-4 класста окуган окуучуларга ысык тамак (сүт азыктарынан жасалган тамак аш) уюштуруу жана өз убагында камсыз кылуу жагы каржы башкармалыгына жана билим берүү башкармалыгына милдеттендирилсин.
8. Шаардык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2010-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде биринчи кезекте корголгон беренелерге (эмгек акы, социалдык фондго чегерүү, дары-дармек, тамак-аш) каржылануусу белгиленсин.
9. Шаардагы тейлөө тармагындагы муниципалдык мекемелеринин кирешесин толуктоо максатында шаардык парктар башкармасына, "Сүйүнбаев атындагы стадионго", "Алай" футболдук клубуна, "Атайын адистештирилген автобаза" муниципалдык ишканасына, "Ош шамы" гезитинин редакциясына, "Шаардык сүт ашканасына" №7- тиркемеге ылайык дотация каралсын.
10. Бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарына түшкөн кирешелер казыналыктын регионалдык бөлүмү аркылуу пайдаланылуусун камсыз кылуу жагы мекеме жетекчилерине милдеттендирилсин.
11. Ош шаардык каржы башкармалыгына (К.Абдыкадыров) Кыргыз Республикасынын "Муниципалдык кызмат жөнүндөгү" мыйзамынын 28-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 7-августундагы №149-"Мамлкеттик минималдуу социалдык стандарттар жөнүндөгү" мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 4-августундагы №106-"Эмгек Кодексинин" 156-беренесине ылайык жана депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2004-жылдын 22-декабрындагы кезектеги XVIII сессиясынын № 79-токтомунун негизинде, Ош шаардык мэриясынын, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин жана мэриянын автогаражынын муниципалдык кызматкерлеринин кызмат акысына 50% пайыз өлчөмүндө кошумча эмгек акысын 2010-жылдын январь айынан баштап төлөөсү милдеттендирилсин.
12. Шаарда салыктык эмес төлөмдөр төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
- таштандыларды ташып чыгууга жыйым юридикалык тараптарга ар бир иштөөчүгө 50 сомдон;
- таштандыларды ташып чыгууга жыйым физикалык тараптарга жеке менчик ээлерине 25 сомдон;
- автоунаа токтоочу жайлардан алынуучу жыйым 5 сомдон. 2010- жылга таштандыларды ташып чыгууга жыйым - 2000,0 миң сом өлчөмүндө, автотранспорт токтоочу жайлардан алынуучу жыйым - 2340,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. Жогорудагы жыйымдарга бекитилген пландын аткарылышы Ош шаардык мамлекеттик салык кызматына жүктөлсүн.
13. Шаардын 2008-жылдагы бюджети кирешелер боюнча 609 393,6 миң сом, чыгаша бөлүгү 529 840,9 миң сом, кирешелердин чыгашалардан 79 552,7 миң сомго ашыкча аткарылуусу жөнүндөгү отчету бекитилсин.
14. Кыргыз Республикасынын "Муниципалдык кызмат жөнүндөгү" мыйзамынын 17-беренесине ылайык депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин аппарат кызматкерлерине 5 айлык акыга чейинки өлчөмдө акчалай сыйлык жергиликтүү бюджеттин кошумча акча каражаттарынын эсебинен каралсын.
15. Ош шаарынын мэрине (М.Мырзакматов):
- Ош шаарынын 2010-жылга турак-жай коммуналдык жана муниципалдык менчиктеги мекемелерине бөлүнгөн кошумча акча каражаттары Ош шаарынын капиталдык курулуш жана муниципалдык менчик башкармалыктары аркылуу тендер менен бөлүнүп берүү;
- Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын 2010-жылга карата түзүлгөн титулдук баракчасында Ак-Тилек кичи районунун канализациясына каралган 3миллион сом акча каражаты аталган обьектини толук аяктоо үчүн жетишсиз болгондугуна байланыштуу 2 миллион сом акча каражатын Ош шаардык жолдор башкармалыгынын титулдук баракчасында Ак-Тилек кичи районунун № 3- көчөсүн оңдоого каралган акча каражатынын эсебинен бөлүп берүү;
- Ош шаардык капиталдык курулуш, шаардык жолдор жана Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын 2010-жылга карата түзүлгөн титулдук баракчаларында каралган обьектердин курулуштарына бөлүнгөн акча каражаттары өз багытында пайдаланылып, так жана толугу менен аткаруу;
- Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын 2010-жылдагы титулдук баракчасында капиталдык курулуштагы обьектердин проект сметалык документерин бүткөрүүгө каралбай калган акча каражаттарын жергиликтүү бюджеттин эсебинен кошумча иретинде бөлүп берүү милдеттендирилсин.
16. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин бюджет, тышкы экономикалык байланыштар жана кичи жана орто бизнести колдоо маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (У.Примов) тапшырылсын.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
Д. Алимбеков |