Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 5-февралы № 155
Жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешине, Ош шаардык мэриясынын 2009-жылдын 28-декабрындагы 469/06-07 (реестр №12), ошондой эле Ош шаарынын атуулдарынан жана мекеме-уюмдардан келген жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү каттарын карап жана талкулап, шаардык Кеңештин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2010-жылдын 25-январындагы №1-токтомунун негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезексиз ХVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаардык Кеңештин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2010-жылдын 25-январындагы отурумунун №1-токтомунун негизинде 5млн.79900 сом акча каражаттын №1-тиркемеге ылайык бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ош шаардык каржы башкармалыгына (К.Абдыкадыров):
- жергиликтүү бюджеттин эсебинен кошумча акча каражатарын бөлүп берүү боюнча депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясынын токтомдорунун негизинде бөлүнгөн акча каражаттарын толук көлөмдө кийинки сессияга чейин кезеги менен каржылоо милдеттендирилсин;
- Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумуна сунушталбай туруп жана депутатардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясынын чечимисиз жергиликтүү бюджеттин эсебинен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүүгө тыюу салынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (У.Примов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы: |
Д.Алимбеков |
| Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2010-жылдын 5-февралындагы кезекиз ХVIII сессиясынын №155-токтомуна №1-тиркеме |
Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2010-жылдын 25-январындагы отурумунун №1-токтомуна ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүүчү кошумча акча каражаттарынын тизмеси:
- 60 000 сом акча каражатын Ош шаардык мэриясына "Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын Жарчысы" бюллетенине жазылуу үчүн;
- 741300 сом акча каражатын Ош шаардык мэриясына, Ош шаардык мэриясынын структурасынын өзгөрүшүнө байланыштуу кызматкерлердин айлык акысы үчүн;
- 290700 сом акча каражатын Ош шаардык мамлекеттик залалсыздандыруу бекетине Ош шаарынын аймактарын март-апрель айларында келемиштерден жок кылуу компаниясы өткөрүү үчүн;
- 60 000 сом акча каражатын Ош шаарынын Т. Турсунбаева көчөсүн газдаштырууга жергиликтүү бюджеттен жардам иретинде кошумча каржылоо үчүн;
- 150 000 сом акча каражатын Ош шаарынын "Манас-Ата" кичи шаарчасынын Салиева көчөсүнүн № 40А, 44Б көп кабату үйлөрүнүн ортосуна балдар ойноочу аянтчасынын курулушу үчүн;
- 200 000 сом акча каражатын Ош шаарынын Төлөйкөн айылынын Жаңы-Чек участкасын таза суу менен камсыздоого жергиликтүү бюджеттен кошумча жардам иретинде каржылоо үчүн;
- 2476300 сом акча каражатын 2010-жылга Ош шаардык билим берүү башкармалыгына, башкармалыктын аппарат жана усулканада эмгектенген 65 кызматкерине айына 2000 сомдон (1744700) жана мектеп директорлорунун орун басарларына айына 1000 сомдон (731600) эмгек акысына жергиликтүү бюджеттен жардам иретинде кошуп берүү үчүн;
- 106 000 сом акча каражатын Ош шаардык Афган согушунун ардагерлер Кеңешине 2010-жылга карата түзүлгөн чыгашасы үчүн;
- 200 000 сом акча каражатын "Балдар үйү" мекемесин ремонттоо үчүн;
- 795600 сом акча каражатын Ош шаардык билим берүү башкармалыгына №11-Терешкова атындагы жатак - мектебинин окуучуларынын тамак-ашына 12 сомдон кошумча иретинде;
Жалпы суммасы: 5млн. 79900 сом.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси |
З.Сасыкбаев |