Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 5-февралы, № 156
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын аксакалдар сотторун каттого алуу жөнүндө
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын аксакалдар сотторунун арыздарын жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын 2010-жылдын 14-январындагы №17-катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Аксакалдар сотттору жөнүндө" мыйзамынын, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши тарабынан 2004-жылдын 30-июлундагы №55-токтому менен бекитилген "Ош шаардык аксакалдар сотторун каттоонун тартиби жөнүндө" Жобонун негизинде депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарындагы Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын аксакалдар соттору каттодон өткөрүлсүн (№1-тиркеме).
2. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин жетектөөчү адиси Э.Бакировго Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын катталган аксакалдар сотторуна күбөлүктөрдү жана аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнө күбөлүктөрдү даярдоо тапшырылсын.
3. Ош шаардык мэриясына (М.Мырзакматов) Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын аксакалдар сотторунун ишин координациялаган аксакалдар сотунун бир төрагасын жергиликтүү бюджеттин эсебинен ай сайын акчалай сыйлоо сунушталсын.
4. Ош шаардык каржы башкармалыгына (К.Абдыкадыров) Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын катталган аксакалдар сотторунун күбөлүктөрүн даярдоого кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Иминов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
Д.Алимбеков |