Редакцияот 29.03.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2010-жылдын 29-марты №177

Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2005-жылдын 10-октябрындагы № 111 "Бишкек шаарынын ардактуу жараны жөнүндө" Жобону бекитүү жөнүндө", 2007-жылдын 19-мартындагы № 311 "Бишкек шаарынын Ардактуу жарандарынын Грамоталарынын, Күбөлүктөрүнүн, Белгилеринин жоболорун жана жазууларын жана Бишкек шаарынын ардактуу жаранынын Китебин бекитүү жөнүндө" токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү

 

Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 29-майындагы № 99 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" мыйзамына ылайык, Бишкек шаардык кеңештин Регламентин жетекчиликке алып, 2009-жыл үчүн жаңы бекитилүүчү Бишкек шаарынын Ардактуу жарандарынын белгилерин даярдоо зарылчылыгына байланыштуу, Бишкек шаардык кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2005-жылдын 10-октябрындагы № 111 "Бишкек шаарынын ардактуу жараны жөнүндө" Жобону бекитүү жөнүндө", Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2007-жылдын 19-мартындагы № 311 "Бишкек шаарынын Ардактуу жарандарынын Грамоталарынын, Күбөлүктөрүнүн, Белгилеринин жоболорун жана жазууларын жана Бишкек шаарынын ардактуу жаранынын Китебин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- токтомдун жана тиркеменин бардык тести боюнча "Депутаттардын Бишкек шаардык кеңеши" деген сөз " Бишкек шаардык кеңеш" деген сөздөр менен тийиштүү жөндөмөдө алмаштырылсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси Ю.С.Шкуропатовго жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

А.Суракматов