Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010 - жылдын 3 - февралы № 12/72
Кызыл-Кыя шаарынын «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын кичи шаарлардын инфраструктурасын жана потенциалын жогорулатуу программасынын алкагында даярдалган кичи проектиси жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, шаардык кеңештин ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жана маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаарынын «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын "Кичи шаарлардын инфраструктурасын жана потенциалын жогорулатуу" программасынын алкагында шаардык инфраструктураны жакшыртуу боюнча подпроектисинин ПДУДу жактырылсын.
2. Кызыл-Кыя шаарынын «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасынын «Кичи шаарлардын инфраструктурасын жана потенциалын жогорулатуу проектинин шаардык инфраструктураны жакшыртуу боюнча подпроектисинин сметалык суммасынын 3% өлчөмүндөгү жергиликтүү бюджеттен колдоо көрсөтүү боюнча салымы шаардын 2011-жылга жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүү жагы шаардын 2011-жылга жергиликтүү бюджетин кабыл алууда каралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин төрагасы |
М. Эранов |