Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010 жылдын 12 – марты № 8
«Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлердин жер салыгы үчүн колдонуучу зоналдык «Кз» коэффициентин бекитип берүү» тууралуу мэриянын 03.03.2010-жылдагы № 01-12/160 кайрылуу каты жөнүндө.
«Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлердин жер салыгы үчүн колдонуучу зоналдык «Кз» коэффициентин бекитип берүү» тууралуу мэриянын 03.03.2010-жылдагы № 01-12/160 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы "Экономика жана бюджет" боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Ниязалиевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXV-чакырылышынын кезектеги 11 - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлердин жер салыгы үчүн колдонуучу зоналдык «Кз» коэффициентин бекитип берүү» тууралуу мэриянын 03.03.2010-жылдагы № 01-12/160 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы "Экономика жана бюджет" боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Ниязалиевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлери эске алынсын.
/кайрылуу тиркелет/
2. 2010-жылга Таш-Көмүр шаарынын жана Шамалды-Сай, Кызыл-Жар шаарчаларынын аймактарында Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлердин жер салыгы үчүн колдонуучу зоналдык «Кз» коэффициенттери 1.2 өлчөмүндө бекитилсин.
3. Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXV чакырылышынын кезексиз 4-сессиясынын 24.02.2009-жылдагы № 3 токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
5. Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялангандан баштап күчүнө кирсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин алдындагы "Экономика жана бюджет" боюнча туруктуу комиссиясына ( М.Ниятнлиев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы: |
Чаргынов А.Т. |