Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 8-декабры №15
Таш-Кѳмүр шаарынын Ардактуу атуулу наамы боюнча Жобого ѳзгѳртүү толуктоо киргизүү жѳнүндѳ
Таш-Кѳмүр шаарынын Ардактуу атуулу" наамы боюнча Жобого өзгөртүү толуктоо киргизүү тууралуу шаардык Кеӊештин алдындагы "Мыйзамдуулук" боюнча туруктуу комиссиясынын катчысы Э. Момошевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап Таш-Кѳмър шаардык депутаттар Кеӊешинин XXV- чакырылышынын кезектеги 9 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр шаарынын Ардактуу атуулу" наамы боюнча Жобого өзгөртүү толуктоо киргизүү тууралуу шаардык Кеӊештин алдындагы "Мыйзамдуулук" боюнча туруктуу комиссиясынын катчысы Э. Момошевдин маалыматы эске алынсын маалыматы тиркелет
2. Таш-Кѳмүр шаардык депутаттар Кеӊешинин 19.12.2008-жылдагы 3-сессиясынын № 8 токтому менен бекитилген Таш-Кѳмүр шаарынын Ардактуу атуулу" наамы жѳнүндѳгү Жобонун III бѳлүмүнүн 3.2 пунктуна "тѳш белгиси" жана "күбѳлүк" деген сѳздѳр менен толукталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеӊештин алдындагы "Мыйзамдуулук" боюнча туруктуу комиссиясына (Кулдышев М.) жүктѳлсүн.
Таш-Кѳмүр шаардык депутаттар кенешинин тѳрагасы |
Чаргынов А. Т. |
"Бекитилди" Таш-Кѳмүр шаардык депутаттар Кеӊешинин ХХV-чакырылышынын 9-сессиясынын № 15-токтому 18-декабрь 2009-жыл
Шаар мыйзамына ылайык шаар мыйзамынын бардык таламдарын үлгүлүү аткарган, коомдук ишке активдүү катышкан, ѳз үй, короо жайын таза кармаган, кадыр-барктуу адамдарды, шаардын экономикалык, социалдык-маданий жактан ѳнүгүшүнѳ, элдин жашоо турмушунун жакшырышына, укук, эмгек тартиптеринин чыӊалышына, элдин биримдигин, достугун бекемдѳѳгѳ ѳзгѳчѳ салым кошкон жарандарга эмгегине баа берүү, ыраазычылык билдирүү максатында жана эмгек жолунан, коомдук ишмердүүлүгүнѳн жаш муундардын таалим алуусун кѳздѳп, шаардык Кеӊештин сессиясы "Шаардын ардактуу атуулу" деген наам ыйгаруу жѳнүндѳ чечим кабыл алат.
II. "ШААРДЫН АРДАКТУУ АТУУЛУ" ДЕГЕН НААМ БЕРҮҮНҮН ШАРТТАРЫ.
2.1. "Шаардын ардактуу атуулу" деген наам ыйгаруу шаар мыйзамынын (Уставынын) XIX бѳлүмүнүн экинчи жана үчүнчү пункттарын жетекчиликке алып жана шаардык Кеӊештин сессиясынын чечими менен бекитилген "шаардын ардактуу атуулу" деген наам ушул жобонун негизинде жүргүзүлѳт.
2.2. "Шаардын ардактуу атуулу" деген наамды эл алдында кѳрүнүктүү эмгек сиӊирген жарандар алууга укуктуу.
2.3. "Шаардын ардактуу атуулу" деген наам шаардын экономикасын, соцалдык-маданий деӊгээлин кѳтѳрүүгѳ, элдин жашоо турмушун жакшыртууга ѳзгѳчѳ үлүшүн кошсо:
жергиликтүү Кеӊештерге үч ирет депутат болуп шайланса:
элге кызмат кѳрсѳтүүнү жогорку деӊгээлде жүргүзүп, элдин талаптарын толук канааттандырса:
балдарга билим, тарбия берүүдѳ ѳзгѳчѳ ийгиликтерге жетишсе:
элди медициналык жактан тейлѳѳдѳ ѳзгѳчѳ эмгек синирсе:
коомдук тартипти сактоого ѳзгѳчѳ үлүшүн кошсо:
эл чагармачылыгына, маданиятка, адабиятка. искусствого жекече салым киргизсе:
Жогорку кѳрсѳткүчтѳр менен бирге шаар мыйзамынын талаптарын үлүгүлүү аткарса;
коомдук пайдалуу эмгекке активдүү катышса;
кайрымдуулук акцияларына, демѳѳрчүлүккѳ такай кѳмѳктѳшүп, ѳз үлүшүн кошсо;
жамаатка ѳтѳ пайдалуу ар кандай кызматын кѳрсѳтсѳ;
бүтүндѳй үй-бүлѳсүнүн жүрүм-туруму боюнча эн жогорку үлгү кѳрсѳтсѳ, үй жайын ар дайым таза кармаса.
2.4. Ѳзгѳчѳ баатырдык, эрдик кѳрсѳткѳн атуулдарга, кѳп жылдар бою иштеп, шаардын экономикалык, социалдык-маданий жактан ѳсүшүнѳ, жаш муундарды тарбиялоого ѳзгѳчѳ эмгек сиӊирип, ардактуу эс алууга чыккан ардагерлерге да шаардык Кеӊештин сессиясынын чечими менен "Шаардын ардактуу атуулу" деген наам ыйгарылат.
III. "ШААРДЫН АРДАКТУУ АТУУЛУ" ДЕГЕН НААМГА СУНУШ КИРГИЗҮҮНҮН ТАРТИБИ
3.1. "Шаардын ардактуу атуулу" деген наамга сунуштарды кѳчѳнүн, шаардын жалпы жыйындарында, аксакалдар сотунун, коомдук уюмдардын отурумдарында жана шаардын мэринин, шаардык Кеӊештин туруктуу комиссияларынын сунуштары шаардык Кенештин сессиясында депутаттарынын кароосуна коюлат.
Шаардык Кенештин сессиясы түшкѳн материалдарды кылдаттык менен талдап, депутаттардын сунушунун негизинде тиешелүү талапкерлерге "Шаардын ардактуу атуулу" деген наам ыйгаруу жѳнүндѳ чечим кабыл алат.
3.2. "Шаардын ардактуу атуулу" деген наамга татыктуу болгон жамааттын мүчѳсүнѳ "Шаардын ардактуу атуулу" деген жазуу жазылган лента, күбѳлүк, тѳш белги, жана мактоо грамотасы тапшырылат.
IV"ШААРДЫН АРДАКТУУ АТУУЛУ" НААМЫНА ЭЭ БОЛГОН АТУУЛДАРДЫН ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫ\
4.1. Шаар ичинде ѳткѳрүлүүчү жыйындарда ардактуу президиумга кѳрсѳтүүлүгѳ.
4.2. Шаардын мэринин сунушу менен электр энергиясын пайдалануудан 50 пайызга чейин женилдик алууга.
4.3. Акы тѳлѳп кызмат кѳрсѳтүүдѳгү коммуналдык кызмат кѳрсѳтүүдѳн бошотулууга.
4.4.Медициналык жана башка кызмат кѳрсѳтүүлѳрдѳ кезексиз тейленүүгѳ.
|
|