Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 29-марты № 175
Бишкек шаарынын көчөлөрүн атоо жана кайра атоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча жумушчу комиссиясынын көрүнүктүү ишмерлеринин ысымдарынан көчөлөрдү атоо жана кайра атоо жөнүндө материалдарын карап чыгып, Бишкек шаардык кеңеш токтом кылат:
1. Төмөнкү ысымдар ыйгарылсын:
- Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи - Булан Насировдун аты Бишкек шаарынын батыш бөлүгүндөгү Ахунбаев көчөсү - Репин көчөсүндөгү жаңы уюшулган көчөлөрдүн бирине (№ 1 тиркелген чиймеге ылайык);
- Кыргыз ССРинин жергиликтүү өнөр-жай наркому - Айткул Бабашалиндин аты Бишкек шаарынын батыш бөлүгүндөгү Ахунбаев көчөсү - Репин көчөсүндөгү жаңы уюшулган көчөлөрдүн бирине (№ 2 тиркелген чиймеге ылайык);
- Кыргыз ССРинин мамлекеттик ишмери - Нуркул Кулназаровдун аты Бишкек шаарынын батыш бөлүгүндөгү Ахунбаев көчөсү - Репин көчөсүндөгү жаңы уюшулган көчөлөрдүн бирине (№ 3 тиркелген чиймеге ылайык);
- "Аэродромстрой" ААК башкармалыгынын төрагасы - Михаил Майоровдун аты Бишкек шаарынын жаңы уюшулган көчөлөрүнүн бирине (№ 4 тиркелген чиймеге ылайык);
- бул токтомдун тиркемесине ылайык ысымдар Октябрь районунун "Кара-Жыгач" конушундагы жаңы уюушулган көчөлөргө (№ 5 тиркемеге ылайык төмөнкү көчөлөр: Жүзүмжар көчөсү, Бурана көчөсү, Демилге көчөсү, Б.Кыдыкеева көчөсү, Сары Өзөн көчөсү, Ырыс көчөсү, Кадыр аке көчөсү, Кожомкул көчөсү, Нарын көчөсү, Бакай көчөсү, Торугарт көчөсү).
2. Төмөнкү көчөлөр кайрадан аталсын:
- Литовский көчөсү - СССРдин эл артисткасы, профессор Сайра Кийизбаева атындагы көчөгө (№ 6 тиркелген чиймеге ылайык);
- Волгоградский көчөсү - Кыргыз Республикасынын Эл акыны Эсенгул Ибраев атындагы көчөгө (№ 7 тиркелген чиймеге ылайык);
- Орловский көчөсү - Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, айыл чарбасынын эмгек сиңирген кызматкери, ардактуу пенсионер Кулназар Ташиев атындагы көчөгө (№ 8 тиркелген чиймеге ылайык).
3. Географиялык объекттерди кайрадан атоо атын өзгөртүү боюнча бардык чыгымдар өтүнүч берген тараптардын эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы (Б.Т.Апилов), Бишкекбашкыархитектура башкармалыгы (О.А.Турсунбаев) учеттук-инвентаризациялоо маалыматтарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
5. Бул токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын.
6. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (В.А.Дашков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А.В.Филатовго жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы | А.Суракматов
|