Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жыл 4-июнь № 25-29/4
Каракол шаарындагы кичи автобустарда жол акысынын баасын көтөрүү жөнүндө
КМПАнын башчысы Н.С. Мунайтбасовдун маалыматын угуп жана талкуулап, КМКнын баасынын өсүшүнө байланыштуу Каракол шаарында кичи автобустарда жол акысынын баасын көтөрүү жөнүндө унаа, турак жай, муниципалдык жана коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясынын (Жумабекова А.К.) корутундусун карап, Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин XXV чакырылышынын XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын жашоочуларына кызмат кылган кичиавтобустардын кызмат баасы бирдей 7 сом болуп бекитилсин.
2. Социалдык жардам катары пенсия курагындагы, аталган бул категориядагы жарандарга жеӊилдетилген кызмат баасы 5 сом болуп бекитилсин.
3. Каракол шаардык муниципалдык жүргүнчүлөрдү ташуучу автобазасынын башчысы Н.С.Мунайтбасовго 2010-жылдын 1-июлуна чейин:
- Каракол шаарынын тургундарынын өтүнүчүнө ылайык кошумча жүргүнчүлөрдү ташуучу маршруттарды ачуу туурасында.
- Унаа, турак жай, муниципалдык жана коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына "Каракол шаарынын унаа айдоочу мыкты кызматкеринин сынагы туурасында" Жобону иштеп чыгуу жана көрсөтүү.
4. Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин 27.01.09-ж. № 25-16/2 "Каракол шаарында кичи автобустардын жол акысына кызмат баасын төмөндөтүү жөнүндөгү" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Кыргыз Республикасынын 20.07.09-ж. №241 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамына ылайык Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин аппараты учурдагы токтомду мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.
6. Учурдагы токтом массалык маалымат каражатында басылып чыксын.
7. Учурдагы токтом Ысык-Көл областы боюнча юстиция Башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик каттоосуна киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
8. Учурдагы токтом Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын каттоосуна кирген учурдан тартып күчүнө кирет.
9. Учурдагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө унаа, турак жай, муниципалдык жана коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына (Жумабекова А.К.) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З. Карасартовго жүктөлсүн.
Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин төрагасы |
А. Иманбаев
|