Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жыл 4-июнь № 25-29/5
Каракол шаарында турмуш-тиричилик калдыктарын жана зыяндуу катуу таштандыларды чыгаруу үчүн кызмат баасын бекитүү жөнүндө
Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин жооптуу катчысы А.Т.Беирмановдун маалыматын талкуулап, унаа, турак-жай, муниципалдык жана коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясынын (Жумабекова А.К.) "Каракол шаарында турмуш-тиричилик калдыктарын жана зыяндуу катуу таштандыларды чыгаруу үчүн кызматтык баа бекитүү жөнүндөгү" корутундусун угуп, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү" Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы монополияга каршы жана атаандаштыкты өнүктүрүү саясаты боюнча Мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көл-Нарын аймактык мамлекеттик бөлүмүнүн 2010-ж. 26-январындагы № 4 "Көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу чарбасынын Каракол комбинатынын аныкталган кызмат бааларын макулдашуусу жөнүндө" санитардык-экологиялык абалды жакшыртуу максатында Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин XXV чакырылышынын XXIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Турмуш-тиричиликтин катуу таштандылары жана зыяндуу катуу калдыктарды чыгаруу үчүн төмөнкүдөй кызматтык баа бекитилсин:
а) калк үчүн:
- жакшы жабдылган үйдө жашаган бир адам айына 11.0 сом өлчөмдө:
- жабдылбаган үйдө жашаган бир адам айына 15.0 сом өлчөмдө:
б) мекемелер, уюмдар жана ишканалар үчүн:
- турмуш-тиричиликтин катуу таштандыларын чыгарууга 1.0 куб.м. 110.0 сом өлчөмдө:
- таштандыны иштетүү, таштандыны өзүлөрү чыгарган керектөөчүлөрдүн 1 куб.м. 40.0 сом өлчөмдө:
- контейнери бар керектөөчүлөрдүн (көлөмү 0.75 куб.м.) бир контейнерди чыгаруу үчүн 230.0 сом өлчөмдө:
- контейнердин ижарасы айына 50.0 сом өлчөмдө.
2. Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин 03.06.04-ж. №24-10/5 "Тазалык" КИ аркылуу ишке ашкан Каракол шаарындагы турмуш-тиричиликтин таштандыларын чыгаруу жана иштетүү үчүн кызмат баасы бекитилиши жөнүндө" токтому жана Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин №25-27/5 2010-ж.17-март "Каракол шаарында турмуш-тиричилик калдыктарын жана зыяндуу катуу таштандыларды чыгаруу үчүн кызмат баасын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту
3. .Каракол шаарынын мэриясы катуу таштандыларды таштанды жайга чыгарууну зыянсыздандыруу жана чыгаруу боюнча көргөзүлгөн кызматы үчүн калктан жана чарбалык субъекттерден каражат жыйноонун толуктугун камсыздасын ошондой эле Каракол шаарынын аймактарынан катуу таштанды калдыктары убагы менен чыгарылып турсун.
4. №241 20.07.09-ж. Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө" Мыйзамына ылайык Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин аппараты учурдагы токтомдун мамлекеттик каттосун өткөрсүн.
5. Аталган Токтом жалпыга маалымдоо каражаттарынан басылып чыксын.
6. Учурдагы токтомдун мамлекеттик нормалык укуктук актылардын тизмесине киргизүү үчүн Ысык-Көл областы боюнча юстиция Башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Учурдагы токтом Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук акттардын Мамлекеттик реестирине киргизилгенден тартып күчүнө кирсин.
8. Учурдагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө унаа, турак жай, муниципалдык жана коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясы (Жумабекова А.) жана Каракол шаарынын вице-мэри К.З. Карасартовго жүктөлсүн.
Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин төрагасы |
А. Иманбаев |