Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 27-майындагы № 187
"Бишкек шаарынын аймагында катуу тиричилик таштандыларды ташып чыгаруу жана көмүү боюнча кызматтар үчүн төлөмдөрдү кошуп эсептөө жана чогултуу тартиби жөнүндө" жобону бекитүү жөнүндө
Катуу тиричилик таштандыларды ташып чыгаруу жана көмүү боюнча кызматтар үчүн төлөмдөрдү кошуп эсептөөнүн жана чогултуунун азыркы системасында калктан жана чарба жүргүзүүчү субъекттерден коммуналдык кызматтардын бул түрлөрү" үчүн түшүүчү акча каражаттардын толуктугу жана ачыктыгы камсыздалбай келген. Мындан тышкары, "Тазалык" МИси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-октябрындагы № 718 "Кыргыз Республикасынын экономикасындагы акчасыз эсептешүүгө өтүү боюнча чараларды күчөтүү жөнүндө" токтомунун көрсөтүлүп жаткан иштер жана кызматтар үчүн коммерциялык банктардын жана "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын бөлүмдөрүнүн эсептери жана кассалары аркылуу төлөмдөрдүн жыйымына өтүү бөлүгүн аткарган жок.
"Тазалык" МИсинин иш-аракетин мындан ары жайылтуу, кызматтарды керектөөчүлөр тарабынан акчасыз эсептешүүгө тез ара өткөрүүнү камсыздоо, ошондой эле жүргүзүлгөн төлөмдөр жөнүндө толук маалымат алуу менен кызматтардын бул түрлөрү үчүн акы төлөөдө калк жана чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн шарттарды түзүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш токтом кылат:
1. "Бишкек шаарынын аймагында катуу тиричилик таштандыларды ташып чыгаруу жана көмүү боюнча кызматтар үчүн төлөмдөрдү кошуп эсептөө жана чогултуу тартиби жөнүндө" Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы:
- "Бишкек шаарынын аймагында катуу тиричилик таштандыларды ташып чыгаруу жана көмүү боюнча кызматтар үчүн төлөмдөрдү кошуп эсептөө жана чогултуу тартиби жөнүндө" жобонун сөзсүз аткарылышын камсыз кылсын;
- 2010-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө коммерциялык банктардын жана "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын бөлүмдөрүнүн эсептери жана кассалары аркылуу төлөмдөрдү чогултууга өтүү боюнча чара көрсүн;
- "Тазалык" МИсинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, катуу тиричилик таштандыларды ташып чыгаруу жана көмүү боюнча кызматтардын керектөөчүлөрүн тейлөө сапатын жакшыртуу жана төлөмдөрдү толук көлөмдө чогултууну камсыз кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыксын;
- бир айдын ичинде Бишкек шаарынын райондорунун кесилишинде кварталдардын чектерине ылайык катуу тиричилик таштандыларды ташып чыгаруу жана көмүү боюнча кызматтар үчүн каражаттарды чогултуу боюнча планды иштеп чыксын;
- Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 29-декабрындагы № 136 "Бишкек шаарынын аймагында чарба жүргүзүүчү субъекттер, мекемелер, уюмдар үчүн катуу тиричилик таштандылардын чогулуу (түзүлүү) нормасын бекитүү жана көлөмүн эсептөө тартиби жөнүндө" токтомунун катуу тиричилик таштандылардын накта саны боюнча таштандылардын көлөмүн аныктоо жана аларды төлөө жол-жоболору бөлүгүн аткаруу боюнча чара көрсүн;
- 2010-жылдын 1-октябрына чейин Бишкек шаардык кеңешке бул токтомдун аткарылышы жөнүндө маалыматты берсин.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет Министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак-жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.М. Салымбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу В.В.Красиенкого жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңештин төрагасы |
А.Суракматов
|