Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 20-майы № 168
Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин 2009-жылдын 13-февралындагы кезексиз X сессиясынын №80-короо жай участкасын жана бакча чарбагына арналган участканы, калк жайгашкан аймактагы жана айыл чарбачылыгына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн салык салуунун экономикалык пландаштыруу зонасын жана зоналаштыруу коэффициентин бекитүү жөнүндөгү токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешине Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаардык башкармалыгынын 2010-жылдын 16-мартындагы № 10-6/798 депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин 2009-жылдын № 80- айыл чарба, короо жай жана айыл чарба эмес жер тилкелеринин зоналдык коэффициенттерин бекитүү жөнүндөгү токтомуна өзгөртүү киргизүү менен К3 коэффициентин бекитип берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап чыгып жана Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 10-февралындагы №25-Кыргыз Республикасынын салык кодексине жана "Кыргыз Республикасынын салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө мыйзамына ылайык, бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2010-жылдын 19-апрелиндеги отурумунун № 9- токтомунун негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин 2009-жылдын 13-февралындагы кезексиз X сессиясынын №80- токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1.1. Аталган токтомдун 1-пунктундагы зоналаштыруу коэффициенти деген създърдън кийинки "0,7ден, 1,3ке" деген цифралар "0,3ден, 1,2 ке" деген цифралар менен алмаштырылсын жана токтомдун № 1 тиркемесиндеги зоналдык коэффициентери төмөндөгүдөй болуп өзгөртүлсүн:
Биринчи зонанын коэффициенти -1,2;
Экинчи зонанын коэффициенти -1,1;
Үчүнчү зонанын коэффициенти - 1,0;
Төртүнчү зонанын коэффициенти - 0,95;
Бешинчи зонанын коэффициенти - 0,9;
Алтынчы зонанын коэффициенти -0,8;
Жетинчи зонанын коэффицинти- 0,3.
2. Аталган токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Авазов).
3. Ушул токтом шаардык "Ош шамы" гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (У.Примов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеёешинин търагасы |
Д.Алимбеков
|