Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жыл 20-май № 171
Ош шаардык Кеӊешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик,мүлк, жер жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын аталышына толуктоо киргизүү жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Д.Абдуллаевдин 2010-жылдын 9-апрелиндеги кат жүзүндөгү жогоруда аталган комиссиянын аталышына толуктоо киргизүү жөнүндөгү сунушун жана бул маселе боюнча сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын аталышы мындан ары "Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, айыл чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы" деп аталсын.
2. Аталган токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Авазов).
3. Бул токтом "Ош шамы" гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин аппарат жетекчисине (З.Сасыкбаев) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Д.Алимбеков
|