Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жыл 20-май № 173
Жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешине, Ош шаарынын атуулдарынан жана мекеме-уюмдардан келген жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү каттарын карап жана талкулап, шаардык Кеӊештин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2010-жылдын 17-мартындагы №6, 2010-жылдын 19-апрелиндеги №10-токтомдорунун негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаардык Кеӊештин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2010-жылдын 17-мартындагы отурумунун №6-токтомунун негизинде 292500 сом жана 2010-жылдын 19-апрелиндеги №10- токтомунун негизинде 109,0 миӊ сом акча каражаттарын №1-тиркемеге ылайык жана Ош шаарынын "Юбилей" көчөсүнүн таза суу түтүктөрүн алмаштырууга 220,0 миӊ сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов)
- жергиликтүү бюджеттен Ош шаардык Кеӊешинин депутаттарынын шайлоочуларынын наказдарын аткаруу үчүн 4500,0 миӊ сом акча каражатын бир айдын ичинде бөлүп берүүсү милдеттендирилсин.
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү Кеӊештеринин депутаттарынын арасында кичи футбол боюнча Ош шаарынын мэринин кубогу үчүн өткөрүлүүчү мелдешке кетүүчү 14350 миӊ сом акча каражатын Ош шаарынын мэринин резервдик фондусунан бөлүп берүүсү сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 23-январындагы №24-"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндөгү" мыйзамынын 10-беренесине ылайык Ош шаарынын 2009-жылдын жергиликтүү бюджеттинин план-тапшырмасынан ашыкча аткарылган суммасынын 3 пайызын Ош шаардык мэриясы, Ош шаардык салык кызматы менен биргеликте жергиликтүү бюджетин пландан ашыкча аткарылган сумманын көлөмү такталгандан кийин Ош шаардык салык кызматынын социалдык жактан өнүктүрүү фондуна чегерүүгө уруксат берилсин.
4. Ош шаары боюнча мамлекеттик салык кызматынын жергиликтүү бюджеттен кармалуучу 30 штаттык бирдиктин айлык маянасын республикалык бюджеттен кармалуучу штаттык бирдиктердин айлык маянасына теӊдештирүү максатында аталган 30 штаттык бирдиктин айлык маянасы үчүн кошумча 576600 сом акча каражатын 2010-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджетке түшө турган кошумча акча каражаттарынын эсебинен 2010-жылдын 1-январынан баштап төлөп берүүгө макулдук берилсин.
5. "Атайын адистештирилген" автобазасынын имаратын куруу үчүн Ош шаарынын капиталдык курулуш башкармалыгынын титулдук баракчасында каралган 9500,0 миӊ сом акча каражатын Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын титулдук баракчасынын сатып алуу беренесине которууга макулдук берилсин.
6. Аталган токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Авазов).
7. Ушул токтом шаардык "Ош шамы" гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеӊештин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (У.Примов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Д.Алимбеков
|
| Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин 2010-жылдын кезектеги XXI сессиясынын № 173- токтомуна №1-тиркеме |
Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2010-жылдын 17-мартындагы отурумунун №6-токтомуна ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүүчү кошумча акча каражаттарынын тизмеси:
-124 000 сом акча каражатын Ош шаардык балдардын ден -соолугун калыбына келтирүү борборуна эмеректерди сатып алуу үчүн;
-30 000 сом акча каражатын Ош шаарынын № 9-аймактык Кеӊешинин Жамбул атындагы күчүнө газдаштырууга газ бөлүштүрүү пунктун (ГРП) орнотуу үчүн;
-100 000 сом акча каражатын Ош шаарынын "Манас-Ата" кичи районунун Салиева көчөсүнөн № 44-көп кабатту үйүнүн чатырын оӊдоо үчүн жергиликтүү бюджеттен кошумча жардам иретинде;
-11500 сом акча каражатын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын аксакалдар сотунун мөөрүн, штампын жана күбөлүгүн жасатуу үчүн;
-27 000 сом акча каражатын депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин сессиясынын жана туруктуу депутаттык комиссиялардын материалдарын депутаттарга таратуу учурунда пайдалануучу кызматтык автомашинага 2010-жыл ичинде кетүүчү күйүүчү-майлоочу материалдарын сатып алуу үчүн;
Жалпы суммасы: 292500 сом
Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2010-жылдын 19-апрелиндеги отурумунун №10-токтомуна ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүүчү кошумча акча каражаттарынын тизмеси:
-109,0 миӊ сом акча каражатын Ош шаарынын "Калинин" массивиндеги жаӊы конуштарды электр энергиясы менен камсыздоо үчүн.
Жалпы суммасы: 109,0 миӊ сом
Бардык сумма : 401500 сом.
Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин аппарат жетекчиси |
З.Сасыкбаев
|