Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 27-майындагы № 174
Ош шаарындагы «Ашхабадская» көчөсүнүн атын өзгөртүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2010-жылдын 25-майындагы №~200/08-6-Ош шаарындагы Ашхабадская көчөсүнө Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген кызматкер, Кыргызстандын эл артисти, «Манас» орденинин ээси, маркум Дооронбек Садырбаевдин атын ыйгаруу жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Ош шаарынын мэриясынын алдындагы географиялык обьекттердин (көчөлөрдүн) аталыштарын өзгөртүү боюнча комиссиянын 2010-жылдын 21-майындагы №15-протоколунун, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, айыл чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2010-жьшдын 25-майындагы жогорудагы маселе боюнча №5-токтомунун негизинде, ошондой эле сессияда айтылган депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарындагы Ашхабадская көчөсүнүн аты өзгөртүлүп, мындан ары Дооронбек Садырбаев атындагы көчө деп аталсын.
2. Көчөнүн аты жазылган көрнөктөрдү даярдоо жана аларды орнотуу Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармасына (Т.Салиев) милдеттендирилсин.
3. «Дооронбек Садырбаев» атындагы көчөдөгү көрнөк такталарды алмаштырууга кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен табуу жана каржылоо шаардык финансы башкармалыгына (К.Абдыкадыров) милдеттендирилсин.
4. Ош шаардык ички иштер башкармалыгына (К.Асанов) «Дооронбек Садырбаев» атындагы көчөнүн тургундарын кайрадан каттоо жагы милдеттендирилсин.
5. Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына (Б.Ибраимжанов), шаардык нотариалдык кенсесине (Л.Тажиева) «Дооронбек Садырбаев» атындагы көчөнүн тургундарын кайра каттоо мамлекеттик пошлинасыз, бекер жүргүзүү милдеттендирилсин.
6. Аталган токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Авазов).
7. Ушул токтом шаардык «Ош шамы» гезитине жарыялансын Б.Матисаков).
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов) жана депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, айыл чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д.Абдуллаев) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кенешинин тѳрагасы | Д.Алимбеков
|