Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 27-майы № 175
Мамлекеттик сыйлыктарга кѳрсѳтүү жѳнүндѳ
2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялардан улам Ош шаарында орун алган баш аламандыктарды жѳнгѳ салууда, чарба жүргүзүүчү субьекттерди талап-тоноп кетүүгѳ жол бербей коомдук, саясий жана экономикалык стабилдүүлүктү, ошондой эле улуттар аралык ынтымакты камсыз кылуудагы кошкон зор салымдарын эске алып, сессияда айтылган депутаттардын сунуштарынын негизинде депутаттардын Ош шаардык Кеӊеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ош шаарынын мэри Мырзакматов Мелисбек Жоошбаевичти «Данакер» ордени менен, Ош шаардык Кеӊешинин депутаты Сабиров Равшанбек Кочкаровичти Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы менен сыйлоо жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын ѳткѳѳл мезгилдеги Президенти, Убактылуу Ѳкмѳттүн тѳрайымы Р.И.Отунбаевадан суралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ депутаттардын Ош шаардык кеӊешинин мыйзам, укук-тартип, депутаттык этика, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынына (Т.Жоробеков) жүктѳлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин тѳрагасы |
Д.Алимбеков |