ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жыл 20-июнь № 176
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө Ош шаарынын биринчи вице мэрин дайындоо маселеси боюнча кайрылуу жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2010-жылдын 15-июнундагы № 133-к буйругун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 11-июнундагы №65-"Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ош, Өзгөн шаарларында, Карасуу жана Араван райондорунда чукуул кырдаал киргизүү жөнүндө" Декретине ылайык, Кыргыз Республикасынын "Чукуул кырдаал жөнүндө" Конституциялык мыйзамынын негизинде, ошондой эле сессияда айтылган депутаттардын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Сабиров Таалайбек Нурдиновичти Ош шаарынын биринчи вице мэри кызматына бекитип берүү жөнүндө маселеси Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн кароосуна сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Т.Жоробеков) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин търагасы |
Д.Алимбеков
|