Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жыл 20-июнь № 178
Ош шаарындагы борбордук жана жайма базарлардын, андагы соода-сатык дүкөндөрүнүн мындан аркы иштөөсү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2010-жылдын 19-июнундагы № 235/08-6-араздашкан эки элдин ортосундагы өз ара мамилени жөнгө салуу жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, ошондой эле сессияда айтылган депутаттардын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын аймагындагы, айрыкча борбордук базарды, жайма базарды жана "Ак-Буура" дарыясын бойлото жайгашкан соода-сатык дүкөндөрүн талап-тоноо аракеттеринин алдын алуу жана башаламандыктардын кайталануусун болтурбоо максатында алардын иштөөсү 2010-жылдын 20-августуна чейин токтотулсун.
2. Ош шаарындагы абалды турукташтыруу, шаардын тургундарынын турмуш-тиричилигин өз нугуна түшүрүү максатында Ош шаарынын комендантына (К.Асанов) кайрылуу кат жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов) жана депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Т.Жоробеков) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Д.Алимбеков |