Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жыл 20-июнь № 179
Республикалык бюджеттин эсебинен бөлүнгөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2010-жылдын 20-июнундагы №237/08-6-Убактылуу Өкмөт тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен бөлүнгөн 10,0 млн.сом акча каражатын бөлүштүрүүнү бекитип берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, ошондой эле сессияда айтылган депутаттардын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен бөлүнгөн 10,0 млн.сом акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүштүрүлүп, бекитилсин:
- Муниципалдык автоунаа ишканасына - 3,0 млн.сом;
- Суу чарба ишканасына - 2,0 млн.сом;
- Залалсыздандыруу ишканасына - 0,420 млн.сом;
- Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү ишканасына - 2,0 млн.сом;
- Атайын автоунаа ишканасына - 2,0 млн.сом;
- Мэриянын автогаражына - 0,530 млн.сом;
- "ЭлТР" компаниясына - 0,050 млн.сом.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (У.Примов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Д.Алимбеков
|