Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жыл 20-июнь № 180
Ош шаарындагы №6 "Манас-Ата" аймактык Кеӊешинин тургундарынын кайрылууларын кароо жөнүндө
Ош шаарындагы №6 "Манас-Ата" аймактык Кеӊешинин көпчүлүк тургундарынын аталган аймактык Кеӊештин төрайымы А.Амирова кызмат абалынан пайдаланып, гуманитардык жардамды жарандарга жеткирбей, өз кызыкчылыгына пайдаланып жаткандыгы жөнүндөгү кайрылууларын карап жана талкуулап, ошондой эле сессияда айтылган депутаттардын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарындагы №6 "Манас-Ата" аймактык Кеӊешинин търайымы А.Амирова кызмат абалынан пайдаланып, гуманитардык жардамды жарандарга жеткирбей, өз кызыкчылыгына пайдаланып жаткандыгы жөнүндөгү фактылар аныкталса, анын ал кызматта андан ары иштөө маселесин карап чыгуу жагы Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов) сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Иминов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Д.Алимбеков |