Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 20-июну № 181
Ош шаарынын мэриясынын алдындагы гуманитардык жардам жана дары-дармектерди бөлүштүрүү комиссиясы жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө
Ош шаардык мэриясынын 2010-жылдын 19-июнундагы № 232-18-06 - Ош шаарынын мэриясынын алдындагы гуманитардык жардам жана дары-дармектерди бөлүштүрүү комиссиясы жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндөгү катын карап чыгып жана бул боюнча шаардын вице мэри А.Т.Жолдошалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаарынын мэриясынын алдындагы гуманитардык жардам жана дары-дармектерди бөлүштүрүү комиссиясы жөнүндө Жобо бекитилсин (№1- тиркеме).
2. Аталган токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Авазов).
3. Бул токтом "Ош шамы" гезитине жарыялансын (Б.Матисаков)
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (У.Примов)) тапшырылсын.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
Д.Алимбеков |
| Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2010-жылдын 20-июнундагы№181-токтомуна №1-тиркеме |
Ош шаарынын мэриясынын алдындагы гуманитардык жардам жана дары дармектерди бөлүштүрүү комиссиясы жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
Ош шаарынын мэриясынын алдындагы гуманитардык жардам жана дары-дармектерди бөлүштүрүү боюнча комиссиясы Ош шаарынын калкына келип түшкөн гуманитардык жардамдарды жана дары-дармектерди бөлүштүрүү боюнча иш чараларды өз убагында уюштуруу жана максатка ылайыктуу, туура бөлүштүрүүнү камсыздоо максатында түзүлөт.
Ош шаарынын мэриясынын алдындагы гуманитардык жардам жана дары-дармектерди бөлүштүрүү боюнча комиссиясы (мындан ары Комиссия) комиссиянын төрагасынан, эки орун басарынан жана комиссия мүчөлөрүнөн турган курамда түзүлөт. Комиссиянын түзүмү Ош шаарынын мэриясынын буйругу менен бекитилет.
2. Комиссиянын укуктары жана функциялары
- Комиссия келип түшкөн гуманитардык жардамдарды жана дары-дармектерди бөлүштүрөт жана көзөмөлдөйт.
- Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу өз учурунда Комиссиянын отурумунда уюштуруучулук жана практикалык чечимдерди кабыл алат.
- Келип түшкөн гуманитардык жардамдарды жер-жерлерге, социалдык обьектилерге жеткирүүдө менчигинин түрүнө карабастан бардык мекеме-ишканалардын күчтөрүн жана каражаттарын ишке тартат.
- Гуманитардык жардамдар Комиссия жана Ош шаардык кенештин аймактык кенештерге бекитилген депутаттарынын катышуусу менен бөлүштүрүлөт.
- Комиссия тарабынан бөлүштүрүлгөн гуманитардык жардамдар ар бир аймактык кенештер тарабынан кабыл алынып, аймактык кеңештер боюнча түзүлгөн комиссиялар аркылуу жарандык коомго бөлүштүрүлөт жана максатка ылайык, адилеттүү бөлүштүрүүгө жоопкерчиликтүү болушат.
- Борбордук кампадан гуманитардык жардамдар юридикалык жана жеке жактарга (социалдык обьектилерге, аймактык кеңештерге, кварталдык комитеттерге, жеке үй-бүлөлөргө) алар тарабынан жазылган арыздын жана түзүлгөн талапнааманын негизинде бөлүштүрүлөт.
- Борбордук кампадан таркатылып жаткан гуманитардык жардамдар эл өзү түзгөн кезекке ылайык берилет.
- Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аркылуу келген гуманитардык жардамдар (чатыр, төшөнчү, ж.б.) Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилиндеги Президентинин гуманитардык жардамдарды жеткирүү, таркатуу боюнча атайын өкүлү, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин орун басары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын башчысы аркылуу кабыл алынат жана бөлүштүрүлөт.
- "Ош шаарынын мэриясына" деп даректүү келген гуманитардык жардамдар кабыл алынып, каттоого алынат жана катталган гуманитардык жардамды бөлүштүрүү боюнча отчет жүргүзүлөт, ал эми өз алдынча жеке ишкерлерден, саясий партиялардан, өкмөттүк эмес уюмдардан жана Эл аралык уюмдардан келген гуманитардык жардамдар маалымат үчүн кабыл алынат.
- Калктын аярлуу катмарына, социалдык жардам алып жүргөн жарандарга (УАМС тын катышуучуларына, майыптарга, төшөктө жаткан оорулууларга, пенсионерлерге) гуманитардык жардамдар социалдык жактан коргоо башкармалыгы аркылуу берилет.
3.Комиссиянын ишин уюштуруу.
- Комиссия өзгөчө кырдаалга байланыштуу шашылыш иштерди жүргүзөт.
- Комиссиянын отурумдары күн сайын бир жолудан кем эмес негизде, ал эми пайда болгон кырдаалга карата шашылыш түрдө өткөрүлөт.
- Комиссиянын отурумуна комиссия мүчөлөрүнөн сырткары менчигинин түрүнө карабастан Ош шаарындагы бардык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана аймактык кеңештин төрагалары тиешелүүлүгүнө жана коюлуучу маселенин маңызына жараша чакырылат.
- Ар бир өткөрүлгөн отурумда протокол жазылат жана протоколго отурумдун башчысы, катчысы кол коюшат. Комиссиянын мүчөлөрү протоколдо каралган тапшырмалар менен тааныштырылат.
- Комиссиянын мүчөлөрү өз милдеттерин эреже катары иш учурунда аткарышат. Негизги ишинен Комиссиянын ишине тартылып, тапшырмаларды аткарышат.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин аппарат башчысы |
З.Сасыкбаев |