Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ШААРДЫК КЕӉЕШТИН V-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XI-СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2010-жылдын 22-майы № 2
Шаардагы коомдук абал жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү кеӊештин депутаттарынын статусу жөнүндөгү" мыйзамынын 20 - беренесин жетекчиликке алып, Жалал - Абад шаардык кеӊешинин кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Азыркы убактылуу өкмөттүн өзгөчө абалда жүргүзгөн алгылыктуу саясаты колдоого алынсын.
2. Жалал - Абад шаарындагы улуттар арасындагы тынчтыкка, ынтымакка доо кетиргендигине байланыштуу, тараптарды бузуу аракеттерин жасаган жарандарды аныктоо жана мыйзам чегинде жоопкерчиликке тарттуу жагы укук коргоо органдарына жүктөлсүн.
3. Улуттар арасындагы тынчтыкка доо кетирүүчү программаларды берүү менен
18 - май 2010 - жылы болуп өткөн каргашалуу окуяга таасир эткендиги үчүн Ош ТВ жана МЕЗОН ТВ телеканалдарына чара колдонулсун.
4. Улуттар арасындагы ынтымакты бузуучу макала-программаларды жарыялабоону жана көрсөтпөөнү алдын алуу жагы массалык маалымат каражаттарына жүктөлсүн.
5. Улуттар арасындагы араздашуулар боюнча калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы шаардык кеӊештин депутаттарына жана жергиликтүү органдарга жүктөлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин төрагасынын орун басарларына (А. Осмонова жана К Айтакалов) жүктөлсүн.
Төрага | Т.Энназаров |