Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XI СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2010-жыл 22-май № 3
Суунун тарифине болгон төлөмдөрдүн баасын көтөрүү жөнүндө
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 2010-жылдын 5-апрелиндеги отурумунун чечимин жана шаар мэриясынын 2010-жылдын 29-март айындагы №3-3/252 сандуу катын эске алып, Жалал-Абад шаардык кеӊештин кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, комуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 2010-жылдын 5-апрелиндеги отурумунун чечими бекитилсин.
2. Суунун тарифи 1-тиркемеге ылайык бекитилип, 2010-жылдын май айынан баштап эсептелсин.
3. Жалал-Абад шаардык кенештин 2008-жылдын 5-март айындагы кезектеги XXXIII сессиясынын №4 токтому жокко чыгарылсын.
4. Мекеме иш каналар үчүн суунун тарифи көтөрүлгөндүгү жана калк үчүн суунун тарифи өзгөрүлбөгөндүгү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы шаардык кенештин депутаттарына жана шаардык мэрияга жүктөлсүн.
5. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялануусун камсыз кылуу жагы шаардык кеӊештин аппаратына жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, комуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Энназаров |
| 1-тиркеме Суунун тарифинин реестри |
№ Кызмат көрсөтүүнүн аталышы Ченөө бирдиги Тарифи
1. Ичүүчү суу: Баары м3/сом 6,29
Анын ичинде: Калкка 4,50
Бюджеттик ишканалар 7,80
Башка ишканалар 11,29
2. Сыркынды сууларды тазалоо 4,09
Анын ичинде: Калкка м3/сом 3,20
Бюджеттик ишканалар 4,60
Башка ишканалар 6,38
Шаардык кеӊештин жооптуу катчы-юристи |
Б.Адылов |