Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XI СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2010-жыл 22- май № 4
Шаардагы коомдук маршруттук транспорттордун калкка көрсөтүүчү кызмат акысын көтөрүү жөнүндө
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп, шаар мэриясынын 2010-жылдын 6-май айындагы № Кл-620 сандуу катын эске алып, ошондой эле куючу-майлоочу заттардын кымбатоосуна байланыштуу Жалал-Абад шаардык кеӊештин кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
7. Жалал-Абад шаардык коомдук маршруттук транспорттордо жүрүү акысы 7 (жети) сом болуп түзүлсүн.
8. Жалал-Абад шаардык кенештин 2009-жылдын 24-апрелиндеги кезектеги VI сессиясынын №4 токтомуну жокко чыгарылсын.
9. Коомдук маршруттук транспорттордун жол киренин көтөрүлгөндүгүнүн себебин калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы шаардык кеӊештин депутаттарына жана шаар мэриясына жүктөлсүн.
10. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялануусун камсыз кылуу жагы шаардык кеӊештин аппаратына жүктөлсүн.
11. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, комуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
12. Токтом кол коюлгандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | Т.Энназаров |